Жер кодекси президенттин каршы пикири менен артка кайтарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-апрелде билдирди.
"Мамлекет башчысы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүрөт. Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди", - деп жазды Алагөзов Фейсбук баракчасына.
Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 13-февралында кабыл алган Жер кодекси боюнча каршы пикирге кол коюп жатып Садыр Жапаров Баш мыйзамга дал келбеген бир нече учурларды белгилеген.
Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан Жер кодексинин жаңы редакциясы бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылы жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап, быйыл 13-февралдагы отурумунда кабыл алган.
Буга байланыштуу өлкөдө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Айрым адамдар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.
Алар “бул мыйзамга президент кол койсо жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып, менчикке болгон кол тийбестик сакталышы керектигин билдиришкен.
Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлктөр кол тийгис экенин айткан. Садыр Жапаров жеке менчик жерлерди жергиликтүү бийлик текшерилип турушу керектигин билдирип, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.
Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан. (ST)
Шерине