Жыл башында кармалган 11 журналисттердин төртөөнүн иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Орусия Украинада энергетикалык объектилерди, турак-жайларды жана автомашиналарды аткылады. Ноокат районунда милициянын алты кызматкери пара алууга шектелип кармалды, дагы бир кызматкер изделүүдө.
25-ноябрда грузин парламентинин жаңы чакырылышы биринчи сессияга чогулду. Президент жана оппозиция бир ай мурун болгон шайлоо башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын пайдасына бурмаланганын айтып, анын легитимдүүлүгүн тааныган эмес.
Бийликти сындап, бир жылдай абакта жатып чыккан жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин “Акын жана өкүм” аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бул эмгекте калемгердин 2023-2024-жылдар аралыгында абактан жазган поэмалар топтому камтылган.
Өткөн түнү орус аскерлеринин бир нече аймактагы чабуулдарынан Запорожьеде бир бала жарадар болду, Харьковдо 20дай киши жабыркаганы кабарланды. Дүрмөттөр энергетикалык инфратүзүм, турак-жай жана автоунааларга тийген.
УКМК Камчыбек Ташиевди коркутуп кат жазган деп шек саналган жаран кармалганын, анын "чет өлкөлүк атайын кызматтарга, деструктивдүү күчтөргө тиешеси болгонун" билдирди. Шектүү буга чейин эки ирет соттолгонун, убагында Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөнүн, кесиби учкуч болгонун маалымдады.
Чоң-Таштын жанындагы “Ата-Бейит” тарыхый эскерүү жайынын болочогу тууралуу тарыхчынын блогу.
Өзбекстанда коопсуздук кызматынын жетекчиси баштаган бир катар чиновниктер иштен алынды. Президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Бул окуялар сентябрдагы ок атууга байланыштуубу?
2025-жылы бюджет 700 миллиард сомго жетери пландалды. "Ошондо күнүнө 2 млрд сомдон таап турушубуз керек" деди өкмөт башчы Акылбек Жапаров. 2021-жылдан бери бюджет эки эсе өсүп кетти. Эмненин эсебинен?
Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында айылдык кенешке келчү 31 депутаттын 12 мандаты аялдарга берилет. Шайлоого 20дан ашуун аял талапкер катышты. Өзгөчө бул жолу шайлоого өзбек улутундагы аялдардын жигердүү катышканы жергиликтүүлөр үчүн чоң жаңылык болууда.
22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. Саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду.
Кыргызстанда айдоочулардын чыгымы дагы көбөйөт. Жаңы жылдан тарта бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Өкмөт жолдо көп жүргөндөр көп төлөшү керектигин билдирди.
Украинада дрон соккусунан эки киши набыт болуп, 12 киши жараат алды. Путин Украинага каршы орто аралыкка атылуучу ракета колдонулганын, бул америкалык, британиялык алыска атуучу курал менен жасалган соккуга жооп экенин айтты. Зеленский Орусия кырдаалды курчута турган дагы бир кадам жасаганын айтты.
Дагы жүктөңүз