Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:06

"Ата-энемди 15 айдан бери көрө элекмин". Жер которгон газалыктар үйлөрүнө кайтууда


Газанын түндүгүнө кайтууга даярданган эл. Нусейрат лагери. 26-январь 2025-жыл
Газанын түндүгүнө кайтууга даярданган эл. Нусейрат лагери. 26-январь 2025-жыл

Жекшембинин кечинде Израил Газанын тургундарын тилкенин түндүк тарабындагы үйлөрүнө өткөрө баштады. Анын алдында АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагы Арбел Йехуд аттуу аялды жана дагы эки кишини жума күнгө чейин барымтадан бошотууга макул болгон.

Ал тапта АКШнын президенти Дональд Трамптын анклавда кайра куруу иштери аяктагыча газалыктарды араб өлкөлөрүнө көчүрүү сунушу колдоо тапкан жок.

Дүйшөмбүдө он миңдеген киши балдарын жетелеп, баштык-түйүнчөгүн, жууркан-төшөктөрүн көтөрүп алып, деңизди бойлой Газанын түндүгүнө жөнөдү. Жөө жөнөгөндөрдүн кербени бир нече чакырымга созулат. Көбүнүн үйлөрү талкаланганы менен, алар туулган жерине жетүүнү эңсешет.

"Үй-бүлөмдү сагындым. Атам менен апамды көргүм келет. Аларды 15 айдан бери көрө элекмин. Үйгө баргыбыз келет. Ушул күндү көпкө күттүк. Эми мына жолго чыктык", - деди Ахмад Адас деген өспүрүм.

Ок атууну токтотуу келишимине ылайык, туткундарды айырбаштагандан кийин Газанын түндүгүндө жашаган палестиндер дем алыш күндөрү үйлөрүнө кайта баштамак. Бирок Израил барымтадан бошотулат дегендердин тизмесиндеги Арбел Йехуд аттуу аял эркиндикке чыгарылган жок деп, өткөөлдөрдү жаап салган.

Израил армиясы - ЦАХАЛдын өкүлү муну "жарашуу келишимин бузуу" деп атаса, ХАМАС "техникалык маселе" чыкканын билдирген.

26-январдын кечинде катардык ортомчулар ХАМАС радикал тобу Арбел Йехудду жана дагы эки кишини жумага чейин барымтадан бошотууга макул болгонун, Израил тилкенин түндүгүнө жолду ачарын билдирген.

Эл аралык арачылардын аркасы менен жетишилген келишимде түштүк жана борбордук Газада башкалкалап келаткан 650 миңдей палестинге түндүктөгү үйлөрүнө кайтууга уруксат берүү каралган.

ЦАХАЛдын төрт аскери барымтадан чыкты

Ишембиде хамасчылар ЦАХАЛдын төрт аскерин бошотту. 20 жаштагы Наами Леви, Карина Ариев, Даниэла Гильбоа жана 19 жаштагы Лири Альбагды 2023-жылы 7-октябрда Нахаль-Оз аскердик базасынан кызмат өтөп жаткан жеринен уурдап кетишкен.

Ал эми Израил өз түрмөлөрүнөн 200 палестинди коё берди.

19-январда тараптар туткундардын биринчи тобун айырбаштаган. Ошондо израилдик үч кыз-келин азат кылынган жана Израилден 90 палестин абактан чыгарылган.

Жакындары жоочуларды туткунунда отурган израилдиктер бошотулгандар үчүн кубанганын айтышат. Ошол эле маалда бийлик калган туткундарды да кайтаруу үчүн аракет көрүүгө тийиш деп талап кылууда.

"Президент Трампка биринчи кезекте рахмат айткым келет. Экинчиден, ортомчуларга жана Израилдин өкмөтүнө кысым көргөзүүнү улантууну суранат элем. Себеби биз жакындарыбызды ал жактан алып чыгышыбыз керек. Трамптын басымы гана жардам бергенин көрдүк. Барымтадагылардын бардыгы эркиндикке чыкмайынча, аракеттерди улантуу зарыл", - деди эки баласы барымтада отурган Итцик Хорн.

Тараптар ок атууну токтоткондон кийин Газага гуманитардык жардам жеткириле баштады. Согуштун 15 айында анклавда турак-жайлар, инфраструктура талкаланып, жайкын тургундар таза суу, тамак-аш, күйүүчү май, дары-дармекке муктаж.

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму анклавдын түндүгүндөгү үч чоң оорукана керектен чыкканын билдирди.

Трамптын газалыктарды тилкеден көчүрүү сунушу

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамптын Газаны калыбына келтирүү иштери жүргүчө жергиликтүү тургундарды Иордания, Египет жана башка араб өлкөлөрүнө көчүрүп турууну сунуш кылганы сынга кабылды.

Трамптын айтымында, тургундар убактылуу жана узак мөөнөткө көчүрүлүшү ыктымал. АКШнын лидери ишембиде согуш Газа тилкесинин таш-талканын чыгарганын, учурда ал жакта жашоо мүмкүн эместигин белгиледи.

Эртеси Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади анын өлкөсү палестиндерди башка жерлерге жайгаштыруу сунушун четке кагарын билдирди. Кабарчылар муну Трамптын сунушуна айтылган жооп катары чечмелешти. Падышалыкта жана Египетте миллиондогон палестин жашап жүрөт.

27-январда Германиянын Тышкы иштер министрлиги палестиндер Газадан көчүрүлбөөгө, “тилке Израил тараптан туруктуу оккупацияланбоого же кайрадан колонияга айланбоого тийиш” деп билдирди.

Палестиналык аналитик Гасан ал-Хатиб америкалык президенттин сунушунун ишке ашарынан күмөн санайт. Анын пикиринде, Газа, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиндер же иорданиялыктар менен египеттиктер да ал сунушту четке кагат.

"Рейтер" агенттиги сөзгө тарткан Газанын тургундары да аларды көчүрүү чакырыгына көнбөй турганын айтышты.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Израил радикал топко согуш жарыялап, Газадагы чабуулдарын баштаган.

Андан бери Газада 47 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын, көбү аялдар менен балдар экенин ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG