Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Трамптын жарлыгы "төрөт туризмине" чекит коебу?


АКШда төрөлгөн балдарга жарандык берүү саясаты туристтик виза менен барып, ал жакта көз жарууну каалаган чет өлкөлүк аялдарды өзүнө тарткан учурлар аз эмес. Президент Дональд Трамп эми ошол норманы чектөөнү көздөгөнү бир топ үй-бүлөлөрдү, мисалы, башпаанек сурагандарды кыйын абалга кептемекчи.

Иммиграцияга каршы кеңири масштабдуу чаралардын бири

20-январда кызматына расмий киришери менен Дональд Трамп шайлоо алдындагы убадаларына туруп, бир нече документке кол койду. Арасында Кошмо Штаттарда төрөлгөн чет элдиктерге автоматтуу түрдө жарандык берүү эрежесин жокко чыгаруу жарлыгы бар.

“АКШ жарандыгынын маанисин жана баалуулугун коргоо” деген документте айтылгандай, Американын жараны же мыйзамдууаи жашоо уруксаты болбогон кишилердин Кошмо Штаттарда төрөлгөн балдарына жарандык берилбейт.

Бул чечим Трамп кызматтагы биринчи күнүндө жарыялаган иммиграцияга каршы кеңири масштабдуу чаралардын бири болуп калды.

19-февралда күчүнө кирип жаткан буйрук мыйзамдуу макамы жок, башпаанек берилген, бирок туруктуу жашоого уруксат ала элек, H-1B визасы менен иштөөгө узак мөөнөттүү уруксат алган чет өлкөлүктөрдүн жылына төрөлүп жаткан он миңдеген балдарына таасир этиши мүмкүн.

Трамптын мындай кадамга барарын алдын ала билген укук коргоочулар жарлыктын күчүнө кирбеши үчүн федералдык сотко арыз беришти. Алар документ өлкөнүн принциптерине каршы келерин жана катаң экенин айтышат.

Ошондой эле доо арыз менен демократтарга ыктаган 22 штат жана Колумбия округу менен Сан-Франциско шаары кайрылды.

Вашингтондогу Америка университетинин юридикалык коллежинин профессору Жайеш Ратод «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна айтып бергендей, иш Жогорку сотко чейин жетиши мүмкүн. Трамп биринчи президенттик мөөнөтү учурунда 10 кишиден турган мамлекеттик органга үч судьяны дайындаган.

«Менимче, бул – федералдык соттордо карала турган прецедент түзүү үчүн жасалууда. Жогорку сот акыр аягында бул маселени кайра караса, таң калбайм», - деп айтат Ратод.

Кулчулуктун тарыхы

АКШ Конституциясына 1868-жылы, кулчулук жоюлгандан 3 жыл өткөндөн кийин киргизилген 14-түзөтүүдө «Кошмо Штаттарда туулган же натурализация болгон жана өлкөнүн юрисдикциясына баш ийген бардык адамдар АКШнын жана жашаган штатынын жараны болуп эсептелери» айтылат.

Түзөтүү Жогорку соттун расасынан улам афроамерикалыктар АКШнын жарандары боло албайт деген 1857-жылкы токтомун жокко чыгарган.

Азыркы эрежеге ылайык, АКШда иштеген дипломаттардын балдарына жарандык алууга болбойт.

Мыйзамдан өзгөчө стабилдүү эмес же репрессивдүү чет өлкөлөрдүн бай жарандары кыянат пайдаланып, кош бойлуу жубайларын же түгөйлөрүн Кошмо Штаттарга туристтик виза менен жөнөтчү. Мындай тактика ушунчалык жайылып кеткендиктен “төрөт туризми” деген атка конгон.

Дональд Трамп алгачкы жарлыктарына кол коюуда. 2025-жылдын 20-январы.
Дональд Трамп алгачкы жарлыктарына кол коюуда. 2025-жылдын 20-январы.

Иммиграцияны азайтууну жактаган Center for Immigration Studies изилдөө уюму санап чыккандай, 2016-жылдын ортосунан 2017-жылдын ортосуна чейин АКШга туристтик виза менен келген чет өлкөлүк аял 33 миң бала төрөгөн. Ымыркайга паспорт берилгенден кийин энелери адатта аларды мекенинде тарбиялайт.

2019-жылдын январында Трамптын биринчи президенттик мөөнөтү маалында америкалык прокурорлор “төрөт туризми” менен алектенген фирмаларга каршы федералдык деңгээлде бир нече айып таккан. 19 киши ошондо Кытай жарандарынан Калифорнияда төрөт уюштуруу үчүн он миңдеген доллар алып турганы үчүн күнөөлөнгөн.

Ошол эле жылы AP агенттиги орусиялык жүздөгөн кош бойлуу аял төрөт алдында жыл сайын Флоридага барганын жазган.

Америкада туулган балдар чоңойгондо ата-энелери АКШнын жарандыгын алышы мүмкүн.

«Төрөт туризминен» тышкары башкалка сураган же жарандык алууга арыз тапшырган чет өлкөлүктөрдүн балдары бар.

Биринчи президенттик мөөнөтүндө Трамп чет өлкөлүктөрдүн АКШда төрөлгөн балдарына жарандыкты автоматтуу түрдө берүүгө каршы пикирин айтып келгени менен конкреттүү укуктук кадамдарга барган эмес.

Эксперттердин айтымында, ал кезде Трамп саясий жактан такшала элек болчу, Ак үйгө кайтып келүү ыктымалдыгын көздөп, бул талаштуу мыйзамды жакшылап пландаштырган.

Президенттин администрациясы 14-түзөтүүдөгү бир нече сөзгө көңүл бурат.

«14-түзөтүү Кошмо Штаттарда төрөлгөн ар бир адамга жайылат деп эч качан чечмеленген эмес. 14-түзөтүүдө АКШда туулган, бирок «анын юрисдикциясына кирбеген» адамдардын жарандык алуу укугу каралган эмес», - деп айтылат Ак үйдүн 20-январдагы билдирүүсүндө.

Трамптын жарлыгына ылайык, АКШда мыйзамсыз жүргөн энеден, АКШнын жараны болбогон, туруктуу жашоо уруксаты жок атадан төрөлгөн балага жарандык берилбейт. Ошондой эле АКШда мыйзамдуу, бирок убактылуу негизде жүргөн (туристтик, окуу же жумуш визасы менен) энеден жана АКШнын жараны болбогон, туруктуу жашоо уруксаты жок атадан төрөлгөн бала да андай укуктан ажыратылат.

Жарандык эркиндиктерди коргоо боюнча америкалык биримдик (ACLU) жана мигранттардын укуктарын коргогон башка топтор жарлыкты Конституцияга жана адамгерчиликке каршы келет деп сындап, сотко арызданышты.

“АКШда төрөлгөн балдарга жарандык берүү Конституцияда бекитилген, Америка жактаган маанилүү принциптердин бири”, - деп айтылат ACLU уюмунун мигранттар укуктары боюнча долбоорунун жетекчисинин орун басары Коди Вофсинин билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар биргелешкен билдирүүдө Трамптын буйругу наристелердин өмүрүнө коркунуч жаратышы ыктымалдыгын, АКШда дискриминацияга туш болгон адамдардын тайпасын пайда кыларын эскертишти.

Алардын айтымында, андай балдар медициналык тейлөөсүз калып, ID документ ала албайт, добуш берүү укугунан ажырайт деген тобокелдик туулат.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар АКШда төрөлгөн чет өлкөлүк балдарга жарандык берүү нормасын жокко чыгаруу долбоорлорун сунуш кылган учурлар болуп келген, бирок Трамптын 14-түзөтүүнүн чечмеленишин талашканы Ак үй үчүн прецедент болуп калышы ажеп эмес.

Макаланын автору Todd Prince

Шерине

XS
SM
MD
LG