Ушул суроолордун тегерегинде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” маек курду.
- Марат мырза, студиябызга кош келдиңиз. Биз Жакынкы Чыгышта окуялар тездик менен өнүгүп жаткан учурда сиз менен маектешип жатабыз. Коопсуздук жаатында алдыда кандай өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот? Азыркы абал кандай деп бааланып жатат?
- Коопсуздук - көп тармактуу түшүнүк. Азыр биздин эле чөлкөмдө эмес, жалпы эле дүйнөдө коркунучтар бар. Мисалга алсак, Украинадагы, Жакынкы Чыгыштагы окуялар, Израил менен Палестинанын, Ливандын ортосундагы чатактар, декабрдын башынан баштап Сириядагы бийлик алмашуу, ушунун баары коопсуздукка таасир тийгизип турган мезгил. Биз өз алдынча мамлекет болгондон кийин улуттук коопсуздукту камсыздоо үчүн дүйнөдөгү бардык окуяларга көз салып турабыз. Мындан бизге кандай чакырыктар жана коркунучтар бар экенин талдайбыз. Эгер бизде да болуп калса, аны менен кантип күрөшөбүз, кантип алдын алабыз деген маселени карап турабыз.
Кыргызстанга коркунуч жараткан жагдайлар мурдагы бойдон эле калып жатат. Мисалы, эл аралык террористтик-экстремисттик уюмдардын ишмердиги дагы эле кооптондурат. Мындан тышкары Жакынкы Чыгыштагы окуялар кандай өңүттө өнүгөт жана Кыргызстанга жана Борбор Азияга кандай таасир этет деген жагдайды өзүбүз эле эмес, коңшу мамлекеттер жана уюмдар менен бирге да талкуулап турабыз.
- Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу сөз кылып калдыңыз. Ал жактагы окуялар тездик менен өнүгүп жатат. Мына, жакында Башар Асаддын режими кулатылып, анын ордуна “Хайят Тахрир аш-Шам" тобу баш болгон мурдагы козголоңчулар бийликке келди. Учурда дүйнө он жылдардан бери жаңжал болуп жаткан бул аймакта окуялар кандай өнүгөт деп көз салып турат. Бул жаатта Кыргызстандын бийлиги, коопсуздук органдары да көз салып турса керек. Сириядагы абал боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Эксперттер көз салып жаткандай эле, Сириядагы абалга биз да талдоо жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча атайын кызматтар да иштейт, ачыгын айтайын. Тиешелүү мамлекеттик органдар иш алып барып, каатчылык убагында маалымат алып турабыз. Сириядагы окуянын башталганына он жылдан ашык убакыт болду. 11 жыл мурда шайлоодогу келишпестиктердин аягы жарандык согушка алып келген.
Бул көрүнүш созулуп отуруп, аягы бийлик алмашуу менен бүттү. Башар Асад качып кетип, ордуна ХТШ (ред.: - Хайят Тахрир аш-Шам") деген уюм жетекчиси Жулани менен бийликке келишти. Убактылуу өкмөт түзүп, ишмердигин жүргүзүп жатышат. Ушуну менен кырдаал тынч, баары бүттү дегенден алысмын. Үч жыл мурда Ооганстанда да ушундай болгонун билесиңер. “Талибан” тобу бийликке келгенде да ушундай болуп, башаламан кырдаал жаралып кете жаздаган. Көптөгөн эл аралык уюмдар, эксперттер “бул бийлик көпкө чыдабайт, жакында кайра бийлигин алдырып ийет” деген божомолдорду айтса, талибдер үч жылдан бери бийлигин сактап келатат.
Бул топ элдин көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылып жатат. Ооганстандагы негизги көйгөй – жакырчылык жана ачарчылык. 24-27 миллион адам ачка калуу коркунучу бар эле. Бийлик алмашкан жылдары кургакчылык катуу болуп, түшүм аз түшүп, аябай кыйналган, эл аралык изоляцияда калган. Азыр деле абал көп оңолгон жок, ошол үчүн ооган элине эл аралык гуманитардык жардам көп керек болчу.
- Сириядагы кырдаалчы?
- Мына ушул эки өлкөдөгү кырдаалды салыштырып жатам. Ал жакта 11 жылдан бери тирешип, жарандык согуш тутанып, он миңдеген адам каза болуп, миллиондогон киши өлкөдөн чыгып кетип, шаарлар кыйраган мамлекет кантип бир-эки айда оңолуп кетсин? Анын үстүнө ал жакта көптөгөн уюмдар, топтор бар. Азыркы ХТШ деле БУУда жана бир катар мамлекеттерде “террордук уюм” деп таанылган жана азыр деле бул макамды эч ким кайтарып ала элек.
Ал жакта бул сыяктуу уюмдар көп. Анын ичинде бизди көп кооптондурганы – Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана кошуна Кытайдын Шинжаң уйгур автоном облусунан барган миңдеген адамдардын болушу. Алардын айрымдары убактылуу өкмөттүн курамына да киришти. Кээ бирөө Коргоо министрлигинин курамына кирип, штабдарды жетектеп жатса, айрымдары орун басар болуп жатат. Башка уюмдар бийликке биз да укуктуубуз деп талашкысы келип турат.
Айтор, Сириядагы кырдаал бир жагынан опурталдуу болуп турат. Кандай болгон күндө дагы Сирия эли абдан кыйналып бүттү. 2011-жылга чейин 24 миллиондон ашуун эл жашаган кубаттуу мамлекет эле. Ал жактагы жарандык согуш баарын талкалап бүттү. Азыр эми ошол ураган шаарларды, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жүздөгөн миллиард доллар керектелерин эксперттер белгилеп жатышат.
Убактылуу өкмөттүн жетекчилери: “Башка мамлекеттер менен ишибиз жок, буга чейин Башар Асад менен гана күрөшүп келгенбиз, эми бийликти кетирдик. Алдыда Сирияны өнүктүрөбүз, жаңы жолго салабыз”, - деген сөздөрүн айтып атат. Ошондой эле болсун деп жатабыз.
Бирок ал үчүн убакыт жана көптөгөн мүмкүнчүлүктөр керек. Ага өздөрүнүн күчү жетеби, ким билет? Тегеректеги мамлекеттердин көз карашы кандай болот? Израил аскерлери Голан дөңсөөлөрүнө аскерлерин киргизип, буфердик аймак кылабыз деп жатат. Түркиянын, АКШнын, кошуна Ирандын жана Ирактын кызыкчылыктары бар. Орусиянын ал жактагы эки базасы болгон жана алар кете элек. Ушунун баары кандай жолго түшөт? Баары тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтөбү же дагы бир жаңжалга алып келеби деген коркунучтар бар. Ушунун баарын байкап турабыз.
Эгер дүйнөлүк коомчулук, айрыкча ошол жерде кызыкчылыктары бар мамлекеттер ал жердеги маселелерди дипломатиялык жол менен чечишип алса, анда көп жылдарга чейин Сирияда тынчтык орноп, миллиондогон качкын өлкөсүнө кайтып, ураган өлкөнү кайра өнүктүрөт деген ишеним бар. Ал үчүн көп процесстер керек.
Эл аралык коомчулуктун көмөгү болушу шарт. Азыркы бийлиги террордук ыкмалардан кетип, “Сирияны гана карайбыз, кошуна өлкөлөргө коркунуч көрсөтпөйбүз жана мындай максатты көздөгөн уюмдар менен иш алып барбайбыз” деп жатат. Ушундай болсо, бул мамлекетке жардам бериш керек. Мисалы, “Талибанга” да мындай жардам көрсөтүлүп, кошуна мамлекеттер кызматташа баштады. Ачык дипломатиялык жактан аларды тааный элек, бирок ансыз эле ал жактын элинин кызыкчылыгы үчүн байланышып, Кыргызстан аларга эки-үч жолу чоң гуманитардык жардам алып барып бердик.
- Кыргыз бийлиги Сириядагы абалга байкоо гана салып жатабы же кандайдыр бир каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп жатабы?
- Түздөн-түз сүйлөшүүгө бара элекпиз, байкоо гана салып турабыз. Эгерде сүйлөшүү зарылдыгы жаралса, бул ошол жердеги кырдаалды турукташтырууга, коркунучтарды алдын алууга багытталса, биз байланышуудан качпайбыз. Тескерисинче, мындай кадамга барып сүйлөшүү керек.
Сирияда жрандык согуш болуп жаткан маалда Кыргызстандан 700дөй адам кеткен деген маалымат бар, балким, андан да көп болгон. Алар үч түргө бөлүнөт: алданып кеткендер, акчага кызыгып кеткендер жана фанаттар.
- Ушул жерден Борбор Азия үчүн кызык болгон нерсе, ал жактагы топторго кошулуп келген жарандардын абалы тууралуу сурагым келип жатат. Сириядагы куралдуу топтордун катарында кыргызстандык согушкерлер бар экени дагы кабарланып келет. Кыргыз бийлигинин бул тууралуу кабары барбы? Алардын саны канча болушу мүмкүн?
- Азыр ушунча киши деп так санын айта албайбыз. Жарандык согуш маалында 700дөй киши кеткен деп жүргөнбүз. Андан бери көптөгөн бала-бакырасын алып келдик. Үч жылдын ичинде 700гө жакын балдарды жана аялдарды алып келдик. Бул иш алты этап менен жүрүп, бул жакта реабилитациялык иштерди жүргүздүк. Ал жакта төрөлгөн балдар кыргызча да билбейт, эч качан медициналык жардам да алган эмес, билими да жок.
Ошолордун баарын бир сыйра эки-үч айда борбордо кармап, дарыгерлердин, социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө кармап, жада калса муфтияттын кызматкерлерин да тартып, иш алып бардык. Алар азыр үйүнө жөнөтүлдү, туугандары менен жүрүшөт. Эми ал балдарды билимге, мектепке тартышыбыз керек. Президент ушул көйгөйдү өзү көтөрүп, катчылык бул иштерди бүтүрүп алдык.
Эми ар кайсы жерден 4-5тен кыргыз жарандары чыгып жатат. Айрымдары келбейбиз деп жатышат. Кээ бирөөлөрү узак мөөнөткө абакка кесилип кеткен. Жакында ЮНИСЕФ менен биргелешип, Сириядан 4-5 баланы алып келели деп аракет кылып жатабыз. Мамлекет катары өз милдетибизди аткаралы деп жатабыз. Жаш балдарда кандай күнөө? Талаадан же бул жактан жок болуп кала бермек. Мамлекет өз милдетин аткарып, алардын келечегине кам көрүп жатат.
Ал эми чоңдордон эркектердин көбү согушта курман болгон. 2015-2016-жылдары күрөш күчөгөндө, айрымдары Сириядан башка өлкөгө качып чыгышкан. Кайра биригип, Сирияга кайтып келгендерин көрүп жатабыз. Бул абал кандай нукта кетет? Бизге кандай коркунуч болот? Көз салып турабыз.
- Жакында эле Сириянын жаңы өкмөтү чет элдик согушкерлерге Коргоо министрлигиндеги жогорку даражалуу кызматтарды бергени, арасында тажикстандык согушкер бар экени кабарланды. Мындай дайындоолор Борбор Азия мамлекеттерине эмнеси менен коркунучтуу? Айрымдар борбор азиялык согушкерлер өз өлкөлөрүнө барып “ислам революциясын” уюштурушу мүмкүн деп айтып жатышат. Дегеле ошондой тобокелчиликтер барбы? Алар кандай коркунуч жарата алышы мүмкүн?
- Биз Ооганстанда көрдүк, алар мамлекетти “Ислам жумурияты” деп түзүп алышты. Ал эми Сирияда халифат курабыз деген ураан менен жүргөн он чакты уюм бар. Эгерде алар маселе Сириянын ичинде гана экенин, бирге бийликти түптөп, ушул гана аймакта болобуз десе, кеп башка.
Эгерде туулуп өскөн жерибизге кайтып, “ислам мамлекетин” курабыз, талаптарыбызды коёбуз десе, экинчи маселе. Биз андайга жол бербейбиз. Бул жактан жалгыз эмеспиз, коңшу мамлекеттер жана коопсуздук уюмдар менен бирге жол бербейбиз. Баары көзөмөлдө. Жеңил ойлуулук кылып, “ушинтип оңой жол менен бийликке келсе болот турбайбы” деп башы айлангандар да бар. Мамлекет радикалдуу жолго, улуттук мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туудурган кадамга барууга жол бербейт.
- Бул багытта Кыргызстан эмнени эске алышы керек?
- Кыргызстан ал жактан эмес, өзүбүздүн эле тарыхыбыздан көп сабак алып жатпайбызбы. 30 жыл ичинде эмне деген өзгөрүүлөр болду. Үч жолу мамлекеттик төңкөрүш болду. Ал жөндөн жөн эле болуп кеткен жок. Мурдагы бийликтердин элге мамилеси, мамлекеттин жолун бууп коё тургандай процесстер жүрдү. Айрыкча коррупция тамыр жайып, мамлекетти жок кыла турган деңгээлге келип калган. Ошол процесстер менен күрөшүп жатабыз.
Уюшкан кылмыштуулуктун лидерлери менен бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кеңешип иш кылып калган учуралра болгон. Ошону жок кылып жатабыз. Салык, бажы тармагындагы каражат уурдалып жаткан. Биз ушулардын баарынан чоң сабак чыгарып атабыз. Ал эми сырткы окуяларды да эске алышыбыз керек. Ал үчүн биз мамлекеттүүлүктү бекемдеп, эл аралык ынтымакты мындан да жогору деңгээлге көтөрүшүбүз зарыл.
Атайын кызматта 20 жылга жакын иштеген киши катары айтайын, элдин ынтымагы - улуттун коопсуздугун камсыздоонун кепили. Эгерде биримдикте болсок, бизден эч нерсе ала алышпайт, коркунуч да келбейт.
Экинчи жагынан, биздин күч түзүмдөрү тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүп, даярдыкта турушубуз керек. Керектүү техника, курал-жарак болушу шарт. Маянасын жогорулатып койдук, бул жагынан чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн көбүнөн алдыдабыз. Ушул процесстерди комплекстүү алып барып жатабыз. Болушу ыктымал коркунучтарды талдап, алдын алып, болтурбоого аракет кылабыз.
- Сиз буга чейинки маегиңизде динге тартылгандан эмес, динге жамынып ар кыл максаттарды көздөгөндөн коркуш керек экенин айткан элеңиз. Кыргызстанда диний жааттагы абал боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды. Ал боюнча талкуулар болду. Сиз диний жааттагы абалды кандай баалайсыз?
- Диний жаатта абал туруктуу. Коркунучтуу абалга алып келе турган өзгөрүүлөр жок. Баш мыйзам боюнча бизде дин менен мамлекет өзүнчө. "Ислам" сөзү түз которгондо тынчтык деген маанини берип, бардык жагынан тынчтыкка, биримдикке үндөйт. Бир эле ислам эмес, улуу диндердин баары эле ушуга чакырат. Согушка чакырган дин жок.
Радикалдашкан, экстремисттик идеологияны алып жүргөн адамдар прогрессивдүү динди – исламды өз кызыкчылыгына пайдаланып жатышат. Биз динден коркпошубуз керек, ал бизди прогресске алып барат. Дин тутунган адамдарга бизде эч кандай тоскоолдук жок. Мыйзам да эч кандай чектебейт. Биздегидей диний эркиндикти башка мамлекеттерден табыш кыйын. Ошол эле мезгилде динди өзүнүн радикалдуу максаттары үчүн колдонгон адамдар менен иш алып барабыз.
- Мындай тобокелдик барбы?
- Тобокелдик бардык эле жерде бар. Бирок биз андай жолго барууга мүмкүндүк бербейбиз. Укук коргоо органдарында, атайын кызматтарда, мамлекеттик органдарда бирдей түшүнүк бар. Бул мамлекет башчынын көзөмөлүндө. Эл да муну түшүнүп калды окшойт.
- Ооганстандагы кырдаал боюнча сурагым келип жатат. Буга чейинки маектерде “Талибан” бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, гуманитардык жардам берилип жатканын айткан элеңиз. Андан кийин расмий Бишкек “Талибанды” террордук топтордун тизмесинен чыгарды. Жакында эле президент Садыр Жапаров Батыш мамлекеттерине кайрылып, талибдердин бийлигин таанып, көмөк көрсөтүүгө чакырды. Кыргыз бийлигинин бул өлкө менен кызматташтыгы кандай нукта жүрүп атат?
- Президенттин Ооганстанга жардам берүү боюнча сунушун мындайча түшүнүү керек. Ал Ооганстандагы чыныгы кырдаалды жакшы билет, толук маалыматы бар. Кандай кыйынчылыктарды көрүп жатканынан да кабардар. Ошондуктан бул ооган элине жардам берели деген чакыруу. Азыр ачарчылык ооганстандыктарды кекиртегинен кармап турган учуру. Миллиондогон адамдар бул көйгөйдүн кырында турат. Аларга эл аралык коомчулук жардам көрсөтүшү керек. Анын ичинен биз да кол сунуп, ун, дары-дармек, кийим-кече алып барган күндөр болду. Дагы зарылдык болсо, жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз реалдуулукту эске алуубуз керек. Азыркы учурда ооган элинин башында талибдер турат, башка күч жок.
Биз бул аймактан өткөндө жана ооган элине барганда да талибдерден уруксат алышыбыз керек. Алар менен байланышууга аргасызбыз. Мамлекеттик деңгээлде байланыш боло элек, бирок кызматтар байланышып турат. Бир эле биз эмес, коңшу өлкөлөр жана башка чоң мамлекеттер да алака кылууда. Анткени бул биздин аймактык коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоодогу салымыбыз.
Ооганстанда туруктуулук орноп, эл аралык террордук уюмдар жоголсо, бизге да коркунуч жок болот. Ошондуктан биз алар менен байланышта болушубуз керек. “Талибан” андай күчтөр менен күрөшүп жатат. Таптакыр жок кылды дегенден алысмын, бирок күрөш жүрүп жатат.
Биз муну кубаттайбыз жана айрым көйгөйлөр болсо, аны да айтып жатабыз. Мисалы, кээ бир террордук-экстремисттик уюмдар Ооганстандын түндүк провинцияларына келип жайгашып жатканы биз үчүн кооптоно турган маалымат. Биз муну алар менен чогуу карашыбыз керек. Мындан ары ушундай байланыш улана берет.
Башка мамлекеттерди да ушуга үндөп, бөгөттөлгөн эсептердеги чоң суммадагы каражаттарын кайра берүүгө, ал аркылуу Ооганстандагы азык-түлүк коопсуздук жагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө чакырып жатабыз.
Кооптоно турган жагы, АКШнын коалициялык күчтөрү кеткенден кийин көптөгөн курал-жарак террордук-экстремисттик топтордун колуна өтүп кеткен. Ошолор аткезчилик жолу менен биздин аймакка келбейби, кылмыштуу топторго жетип, бул коопсуздукка коркунуч жарата турган жагдайды пайда кылбайбы деген ойду эске алып, иш алып барып жатабыз.
Шерине