8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экени, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгону маалымдалды.
Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.
Зеленский Курскидеги операцияда Орусия алты миңдей аскерин жоготконун билдирди. Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн орус жергесине алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды.
Жумага караган түнү Орусия ракета, дрондордон сокку урууну улантканын Украинанын аскерлери билдирди. Акыркы күндөрдөгү чабуулдарды айрымдар Курск операциясы үчүн өч алуу катары баалашууда. 6-сентябрда украин аскерлери Орусиянын аймагына кирип барганына бир ай болду.
Мурдагы президент Аскар Акаев "экс-президент" макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Ал 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган.
Расмий Вашингтон Орусияны "Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө кийлигишүүгө аракет кылып жатат" деп айыптады. Москва Вашингтонго өзүнө жараша жооп кайтарыларын билдирди.
Сот Temirov LIVE каналынын төрт журналистин камакта калтырды. Орус армиясы "Кинжал" ракеталары менен Львов шаарына сокку уруп, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
Таңкы саат беш жарым. Львовдо катуу жардыруунун үнү чыгып, жер бир силкингендей болуп, асманга кара коюу түтүн көтөрүлдү. Ракеталык сокку калаа борборундагы темир жол вокзалынын жанына урулган. Ондогон үйлөрдө өрт тутанып, терезелери күбүлүп түшкөн.
Орус армиясынын Львов шаарына жасаган соккусунан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 4-сентябрда калаа борборундагы турак-жайларга “Кинжал” ракеталары менен сокку урулган.
Өткөн айда венгр бийлиги украиналык качкындарды турак жай менен камсыздоону кыскартты. Мындан улам көчөдө калган качкындардын саны улам көбөйгөнү кабарланды. Алардын бири Ева Папп дээрлик бир жумадан бери алты баласы менен Будапешттин темир жол бекеттеринде баш калкалоого мажбур.
Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолундагы кырсыктан 10 киши каза болду, экөө өспүрүм балдар. Израилде өкмөткө каршы акциялар уланды. Жумгалдын Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор автоунаа кырсыкка кабылганы кабарланды.
Дүйшөмбүдө Израилде өкмөттөн ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишимине кол коюуну талап кылган акциялар уланып, иш таштоо болду. Анын алдында Газа секторунда хамасчылар бир жылдай мурун барымтага алган алты кишинин сөөктөрү табылган.
Дагы жүктөңүз