Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

"Тынчтык келишимине жетүүнү талап кылабыз". Израилдеги өкмөткө каршы нааразылык


Иерусалимде демонстранттар менен полиция кагылышты, 2-сентябрь, 2024-жыл
Иерусалимде демонстранттар менен полиция кагылышты, 2-сентябрь, 2024-жыл

Дүйшөмбүдө Израилде өкмөттөн ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишимине кол коюуну талап кылган акциялар уланып, иш таштоо болду. Анын алдында Газа секторунда хамасчылар бир жылдай мурун барымтага алган алты кишинин сөөктөрү табылган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 11 айдан бери барымтада турган мекендештиринин өлүмү үчүн кечирим сурады. АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп таанылган ХАМАС радикал тобу былтыр Израилге кол салгандан кийин палестиналык анклавда согуш башталган. Куралдуу жаңжал палестиналык 40 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

Дүйшөмбүдө көчөгө чыккан жүз миңдеген кишилер нааразылык билдирип, бийликтен барымтада жаткандарды токтоосуз бошотууга аракет кылууну талап кылды.

800 миңден көп киши кирген Histadrut деген ири профсоюз иш таштоо жарыялаган. Өкмөт нааразылыкты болтурбоого аракеттенип, сот иш-чараны 14.30да жыйынтыктоого буйрук берген. Бирок уюштуруучулар пландалгандай эле иш таштоону кечки саат алтыга чейин улантышты. Бир катар банктар, мамлекеттик мекемелер, ооруканалар менен медициналык борборлор, эл аралык аэропорт ишин убактылуу токтотушту.

Тел-Авивде демонстранттар борбордук көчөлөрдү бөгөп, машинелер өтө албай турду.

Чогулгандар өкмөттүн Египет менен Газа ортосундагы буфердик тилкеде аскерлерди кармап туруу чечимине ачууланышты. Алардын айтымында, бул тынчтык келишимин жана сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратат.

"Биз биринчи кезекте барымтадагыларды бошотуу келишимин талап кылабыз. Өкмөткө макулдашууга тоскоол кылууну токтотуу талабын коёбуз. Башкача болушун каалабайбыз. Келишим түзүлбөсө, адамдардын өмүрү кыйылып жатат", - деп айтты акцияга чыккандардын бири.

Иерусалимде дүйшөмбү күнү демонстранттар менен полиция кагылышты.

Массалык нааразылык жекшембиде, израилдик аскерлер Рафах тараптагы тоннелдерде барымтага алынган алты кишинин сөөктөрүн тапкандан кийин тутанган. Бийлик маркумдар бир нече күн мурун эле атылганын билдиргенден кийин жарым миллиондой киши Тел-Авив менен Иерусалимдин көчөлөрүнө чыккан.

Барымтадагы Алон Охелдин таяжеси Михал Каспи суук кабар уккандагы сезимин "Рейтердин" кабарчысына сүрөттөп берди:

"Адегенде ким экени так айтылган эмес. Сөөктөр табылды деп эле угуп калдык. Ар бирибиз аябай сарсанаа болдук. Андан кийин аттарын аташты. Биз ошол кишилердин үй-бүлөлөрүн, таржымалын жакшы билебиз. Нес болдук, абдан оор экен. Башаламандык, күйүт, кайгы аралаш сезимдер. Чындап эле оор болду".

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дүйшөмбүнүн кечинде өткөргөн пресс-конференцияда барымтада жатып атылгандарды куткара албай калганы үчүн кечирим сурады:

"Аларды тирүү кайтара албаганым үчүн кечирим сурайм. Бошотууга жакындап калган элек, бирок ал ишке ашпай калды. ХАМАС бул үчүн кымбат кун төлөйт".

Нетаньяху ошондой эле ХАМАС толук жок кылынмайынча тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, Газа тилкесиндеги аскердик операцияны улантуу ниетин билдирди.

Кийин кабинеттин жыйынында өкмөт башчы иш таштоо хамасчылардын пайдасына ойноорун айтты.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200дөй киши каза тапкан, 253 кишини барымтага алынган. Ошондон бери бир нече киши бошотулуп, бир канчасы набыт болду.

Израил чабуулга жооп кайтарып, анклавда согуш баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси 40 миң 600дөн көп киши каза тапканын дүйшөмбүдө билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму набыт болгондордун көбү аялдар менен балдар экенин буга чейин маалымдаган.

Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курчуп турат.

XS
SM
MD
LG