Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Курск операциясына бир ай: Орусия алты миң аскерин жоготтубу?


Курск облусундагы Суджа шаары. 30-август, 2024-жыл.
Курск облусундагы Суджа шаары. 30-август, 2024-жыл.

Жумага караган түнү Орусия ракета, дрондордон сокку урууну улантканын Украинанын аскерлери билдирди. Акыркы күндөрдөгү чабуулдарды айрымдар Курск операциясы үчүн өч алуу катары баалашууда. 6-сентябрда украин аскерлери Орусиянын аймагына кирип барганына бир ай болду.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия бир айда каза тапкандар менен жарадарларды кошкондо Курскиде 6 миңдей аскерин жоготконун билдирди. Бирок далилдерди келтирген жок. Алдыңкы күнү Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Киев максатына жетпегенин, Донбасстагы чабуул ийгиликтүү уланып жатканын айткан.

Украин армиясынын абадан коргонуу күчтөрү маалымдагандай, 6-сентябрга караган түнү жана эртең менен 27 дронду атып түшүрүштү. Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак Павлоград шаары баллистикалык ракеталар менен аткыланганын, бери дегенде бир киши каза тапканын, 30дан ашууну жараат алганын, арасында балдар бар экенин билдирди.

Львов облусундагы өнөр жай ишканасында өрт чыкты. Маалыматка караганда, төрт оор машина күйүп кетти.

Львов облусуна коюлган чабуулдан кийинки өрт. Украина. 6-сентябрь, 2024-жыл.
Львов облусуна коюлган чабуулдан кийинки өрт. Украина. 6-сентябрь, 2024-жыл.

Акыркы бир нече күндө Орусия соккуларын күчөтүп, күн сайын украин аймагын аткылап келет. Ондогон кишилер каза болду, жүздөгөнү жараат алды.

Айрымдар мындай ырайымсыз чабуулдарды Украинанын Курскидеги операциясы үчүн өч алуу аракети деп баалашууда.

Туура бир ай мурун украин армиясы оор техника, артиллериянын, дрондордун коштоосунда чек арадан өтүп, Орусиянын Курск облусуна чабуул койгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери чет элдик аскерлер Орусиянын аймагына кире элек болчу.

Апта башында Украинанын Аба-десанттык күчтөрү рейддин башталышы деген кадрларды жарыялады.

Офицерлердин бири катардагы жоокерлер операция тууралуу бир суткага жетпеген убакытта эле билгенин айтып берди:

"Менимче, Башкы штаб жана командачы Сырский аны жакшылап пландашкан. Бул чекти тез эле ээлеп алдык, жоготуулар аз болду".

Ошондо орус куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов бир нече күндүн ичинде чабуулдун мизи кайтарыларына убада кылган.

Бирок Киев аскерлери бир миңден ашуун чарчы километр аймакты, жүз чакты айыл-кыштактарды көзөмөлдөгөнүн айтып, коргондорду куруп, каршы тараптын логистикасын үзгүлтүккө учуратты. Украина атүгүл Орусиянын аймагында аскер комендатурасын түзгөнгө жетишти.

Украин армиясы Курскиге кирип барганда, региондо федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланган. Расмий маалыматка караганда, чабуул маалында карапайым 31 киши каза тапкан, 143ү жабыркаган.
Украина орусиялык жай тургундарга гуманитардык жардам берилип, каалагандар үчүн жашыл коридор түзүлгөнүн билдирген.

Жума күнү украин президенти Владимир Зеленский Германиядагы Рамштайн базасында Украина боюнча контакт тобунун жыйынында сүйлөгөндө Орусия бир айда Курскиде 6 миңдей аскерин жоготконун билдирди:

"Курск облусунда 1300 чарчы километрден ашкан аймакты көзөмөлдөп турабыз. Анын ичине 100 шаар-кыштак кирет. Ал жердин басымдуусун орус аскерлери биздин жоокерлерди көргөндө таштап качып кеткен. Албетте, бир топ аймактарды кармаштардан кийин көзөмөлгө алдык. Курскидеги операцияда бир айдын ичинде орус күчтөрү, набыт болгондор жана жарадарларды кошкондо, алты миңдей аскерин жоготушту".

АКШнын Биргелешкен штабдарынын командачысы Чарльз Браун (солдо), Пентагондун башчысы Ллойд Остин (ортодо) жана украин президенти Владимир Зеленский. Рамштайн. 6-сентябрь, 2024-жыл.
АКШнын Биргелешкен штабдарынын командачысы Чарльз Браун (солдо), Пентагондун башчысы Ллойд Остин (ортодо) жана украин президенти Владимир Зеленский. Рамштайн. 6-сентябрь, 2024-жыл.

Зеленскийдин бул ырастоосун далилдеген фактыларды сөз кылган жок. Украина дагы канча аскери набыт болгонун да ачык билдирген эмес.
Президент Курскидеги операциянын арты менен орус армиясы Сумы облусуна кирип келет деген коркунуч жоюлганын белгиледи. Киев операциянын максатын Орусиянын аймагын басып алуу эмес, "буфердик зона" түзүү аракети деп түшүндүрүп келатат.

Зеленский бул жолугушууда Батыштагы өнөктөштөрүн көбүрөөк курал-жабдык берүүгө жана Киевге Орусиянын аймактарын аткылоого уруксат берүүнү суранды.

“Бизге бул узак аралыкка сокку ура алгыдай потенциал бир гана Украинанын оккупацияланган бөлүгүнө эмес, Орусиянын аймагына да колдонуу үчүн зарыл. Муну менен биз Орусияны тынчтык жолуна ыктоого көндүрөт элек. Биз орус калааларын жана орус аскерлерин дагы аларга "Путин керекпи же тынчтыкпы?" деп ойлонууга мажбурлашыбыз зарыл”, - деди украин президенти АКШ баш болгон элүүдөй мамлекеттин аскердик лидерлери менен жолугушканда.

Алдыңкы күнү, 5-сентябрда орус президенти Владимир Путин Владивостоктогу экономикалык форумда сүйлөп жатып, орус аскерлери Курскидеги кырдаалды стабилдештиргенин, ал операция менен Украина Донбасстагы алга жылууну токтотууну көздөгөнүн билдирди:

Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостоктогу экономикалык форумда. Орусия. 5-сентябрь, 2024-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостоктогу экономикалык форумда. Орусия. 5-сентябрь, 2024-жыл

"Алар максатына жеттиби? Жок, душмандын аракетинен майнап чыккан жок. Биринчиден, куралдуу күчтөрүбүз абалды турукташууга жетишти жана аларды чек ара аймагынан сүрүп чыга баштады. Экинчиден, эң маанилүүсү - биздин Донбасстагы алга жылуубуз жайлап калган жок. Тескерисинче, чек ара тилкесине чоң жана жакшы даярдыктагы бөлүктөрүн которуу менен душман негизги багыттарда алсырап калды, биз болсо чабуулду ылдамдаттык".

Ошол эле күнү украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал-полковник Александр Сырский CNN каналындагы интервьюсунда орус аскерлеринин Донецк облусунун Покровск шаарын көздөй алга жылуусу токтотулганын, алар акыркы алты күндө бир да метрге жакындабаганын айтты.

Буга чейин орус армиясы стратегиялык шаарга 10 километр жакын жерге жеткени кабарланып келген.

Согуш шартында тараптардын майдандагы абал тууралуу билдирүүлөрүн оперативдү текшерүү мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG