Медиада, интернетте жалган маалымат тараткандарга ири айып пул салган мыйзам долбоору парламенттин комитетинде биринчи окууда өттү. Астанада Борбор Азия - Германия саммити өттү. Орусияда орус жарандыгы бар 92 кишиге аскердик комиссариатка чакыруу кагазы тапшырылды.
Урматтуу көрарман, биздин Азаттык чекит кж деп аталган ютуб каналыбызга катталып, соңку жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз. Программабызды улантабыз. 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын С5+1 форматындагы экинчи саммити жыйынтыкталды.
Президенттик администрация Орусияда тигүү жана курулуш тармагында иштеп жүргөн кыргыз мигранттарды мекенинде иштөөгө чакырды. Кайрылууда өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканы, Кыргызстандагы эмгек акылар Орусиядан кем төлөнбөй турганы айтылат.
Тынымсыз жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын кесепетинен Борбордук жана Чыгыш Европада каза болгондордун саны өсүп жатат.
Украинада дрон өндүрүшү жаңы деңгээлге чыкты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, салгылашууларда колдонулган учкучсуз учактардын саны жагынан Украина Орусия менен теңтайлашып калды. "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчылары дрондор кантип чогултулуп, текшерүүдөн өткөрүлөрүн көрүп келди.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү өткөн түнү Орусия учурган 53 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Өзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алынды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясын алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыштырбасын айтты.
АКШнын Федералдик иликтөө бюросу - ФБР Республикачылар партиясынан президенттикке аттанган талапкер, экс-президент Дональд Трампка экинчи жолу жасалган кол салууну иликтейт. Мындан кийин Трамп коомчулукка көп чыкпай, шайлоо өнөктүгүн санарип технологиясынын жардамы менен жүргүзүшү ыктымал.
Украина Киевге жасалган жапырт чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда дрондор Киевди бутага алган. Бир күн мурун Харьков шаарында аба соккусунан бир киши набыт болуп, жараат алгандар 40тан ашканы кабарланды. 16-сентябрда Орусиянын Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алды.
Борбордук Европа өлкөлөрү нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн селден коргонуунун аракетин улантууда. 15-сентябрда Румынияда кеминде беш киши, Польшада бир киши, Автрияда өрт өчүрүүчү набыт болгону, Чехияда төрт тургун дайынсыз экени кабарланды. Миңдеген киши эвакуацияланып, үйлөр жарыксыз калды.
Дагы жүктөңүз