АКШда президенттикке талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамптын шайлоо алдындагы дебаты өттү. Юстиция министрлигинин “Чет элдик өкүл реестрине” үч уюм катталды. Арасында Жаш ишкерлердин бизнес ассоциациясы да бар. Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда.
2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган теракттардан кийин эл аралык коалиция Ооганстанга кирип, “түбөлүк согуш” башталган. Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак уруштагы жоготуулар Вашингтондун аягы көрүнбөгөн жаңжалдарга аралашуусуна чекит койдурдубу?
Газада соңку түнү Израилдин аскерлери абадан сокку уруп, Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду, 70тей адам жараланды. Анклавдын чукул кырдаалдар кызматы кеминде 20 чатырды өрт чалганын кошумчалады. Израил ХАМАСтын командалык пунктун бутага алганын жүйө келтирди.
Тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды. Газада Израилдин аскерлери абадан сокку урганда Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду. Сокулук районунда мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду.
9-сентябрга караган түнү орус армиясы башкалаа Киев баш болгон Украинанын бир катар аймактарына абадан чабуул койду. Дрондордун көбү абадан атып түшүрүлгөнүн украин күчтөрү билдирди. Фронт тилкесине жакын Покровск багытында кармаш уалнууда.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгат. Орусиянын аскерлери 9-сентябрга караган түнү Киевге сокку урду. Кыргызстанда соңку жети айда 9000дей үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.
Орус армиясынын соккуларынан Украинанын Сумы облусунда эки киши набыт болду. Төрт адам, анын ичинде эки бала жараат алды. Украин армиясы билдиргендей, 8-сентябрга караган түнү орус армиясы төрт Х-59 ракетасы жана 20 дрон менен чабуул койгон. Донецк облусунда аба соккудан үч аялдын өмүрү кыйылды.
АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган.
Болгарияда “Кайра жаралуу” деген ашынган оңчул партия Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоорун жигердүү сүрөп келатат. Ошол эле маалда партиянын айрым жогорку мүчөлөрү башка өлкөлөрдөн грант алып келгени белгилүү.
8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экени, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгону маалымдалды.
Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.
Дагы жүктөңүз