Кыргызстанда мамлекеттик тилге байланышкан бир катар өксүктөр бар. Эне тилдин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда? Аны кантип өнүктүрүү керек? Азыркы маалда медиа тилди өнүктүрүүгө салым кошуп жатабы? "Азаттык" ушул суроолорго жооп издеди.
Алгач эл аралык тема сөз болот. Израил армиясы “Хезболла” террордук тобуна каршы Ливандын түштүгүнө абадан сокку урууну улантууда.
Ыктыярчы мугалим Коскун Элдароглу Азербайжандын элеттик балдарына бир нече саат жол жүрүп келип, билим берет. Мурдагы журналист үч жыл мурун жумасына эки жолу сабак бере баштаганда айылдыктар ага ишенбей, жолтоо болушкан.
Израилдин коргонуу күчтөрү өткөн түнү Ливандан жүздөн ашык ракета атылганын, алардын көбү атып түшүрүлгөнүн билдирди. Израил бул чабуулдар үчүн АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын "Хезболла" тобун айыптады.
Медиада, интернетте жалган маалымат тараткандарга ири айып пул салган мыйзам долбоору парламенттин комитетинде ушул аптада биринчи окууда өттү. Укук коргоочулар жана юристтер мыйзам мамлекеттик органга курал болуп калат деп кооптонуп жатышат.
Сумыда карылар үйүнө сокку урулуп, адам өмүрү кыйылды. Ал тапта Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатат.
Украинанын Сумы шаарындагы карылар үйүнө авиациялык бомба менен чабуул жасалып, бир киши мерт болду, 13ү жараат алды. Орусиянын Коргоо министрлиги сокку тууралуу комментарий берген жок.
Украинанын Сумы шаарындагы карылар үйүнө авиациялык бомба менен чабуул жасалып, бир киши мерт болду, 13ү жараат алды. Израил "Хезболланын" объектилерине, курал-жарак сакталган кампаларына жапырт сокку урду. Бишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча милициянын мурдагы башчысынын акталганын сындады. Уюм бул аялдар укугун басмырлоого жатарын белгиледи.
Бишкек шаардык сотунда акын, активист Аскат Жетигендин апелляциялык арызы каралып, эксперттер көрсөтмө берди. Орусия мыйзамсыз жүргөн мигранттарды балдарын мектепке орноштуруу укугунан ажыратат. Бул үчүн мыйзамсыз жүргөндөрдүн атайын тизмесин түзгөнү жатат.
Ливанда аралыктан жардыруунун экинчи толкуну кеминде 32 адамдын өмүрүн алды. Эки күндүн ичинде болгон жардыруулардан үч миңден ашуун адам жараат алды.
Дагы жүктөңүз