Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Жакынкы Чыгыш: Батыш жээктеги атышуу, Израилдеги митинг


8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экени, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгону маалымдалды.

Ал арада Израилдин өзүндө ишембинин кечинде өкмөткө каршы ири акциялар өттү. Митингчилер бийликтен АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобунун колундагы туткундарды бошотуп, Газадагы согушту токтотууну талап кылышты.

Израил бийлигинин маалыматына караганда, жекшембиде оккупацияланган Батыш жээк менен Иорданиянын ортосундагы өткөрмө бекетте болгон аткылоодон үч израилдиктин өмүрү кыйылды. Аскерлер билдиргендей, куралчан адам Иордания тараптан Алленби көпүрөсүнө жүк ташуучу унаа менен келип, Израилдин коопсуздук күчтөрүн көздөй ок чыгарган. Кылмышка шектүү армиянын жооп катары аткан огунан мүрт кеткен.

Magen David Adom куткаруу кызматы билдиргендей, каза болгондордун баары 50 жаштардагы эркектер болгон.

Иордания тарап окуяны иликтеп баштаганын мамлекеттик Petra News Agency басылмасы билдирди. Батышчыл араб мамлекети Израил менен тынчтык келишимине 1994-жылы кол койгон. Бирок Тель-Авивдин палестиндерге каршы саясатын кескин сындап келет.

Иордан дарыясынын үстүнөн өткөн Алленби көпүрөсү падыша Хусейндин көпүрөсү деген аталыш менен белгилүү. Аны негизинен палестиндер жана эл аралык туристтер колдонушат. Ошондой эле жүк ташуучу автоунаалар да көп өтөт.

Бул көпүрөдө буга чейин да коопсуздукка байланыштуу бир катар окуялар катталган.

Израил менен Иорданиянын бийликтери өткөрмө бекети убактылуу жабыларын жарыялашты. Көп өтпөй расмий Тель-Авив Иордания менен байланыштырган дагы эки өтмөк жабыларын эскертти.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху кол салууну айыптап, аны Израил менен Иран жана ага ымала санаган ХАМАС менен Хезболланын ортосундагы жаңжалга байланыштырды.

"Бул абдан оор күн. Абийирсиз террорчу Алленби көпүрөсүндө үч карапайым жараныбызды өлтүрүп салды. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам", - деди Нетаньяху.

Израил армиясынын Батыш жээктеги операциясы. Женин щаары. 28-август, 2024-жыл.
Израил армиясынын Батыш жээктеги операциясы. Женин щаары. 28-август, 2024-жыл.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюм Израилге кол салып, Газадагы согушту тутантууга түрткөндөн бери ЦАХАЛдын аскерлери Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги рейддерин күчөткөн. Ошол эле маалда аймакта да израилдиктерге кол салган учурлар көп каттала баштаган.

Израил 28-августта Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги бир катар райондордо "терроризмге каршы операция" деген рейд баштаган.

ЦАХАЛдын аскерлери Женин шаарынан жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги качкындар лагеринен 5-сентябрда чыгып кеткени кабарланган.

Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин бул операциясында 21 киши каза болгонун жана кеминде 130 адам жараат алганын билдирди. Израил бийлиги операциянын алкагында террордук уюмдардын өкүлдөрү жок кылынганын ырастоодо.

Газада согуш башталганы Батыш жээкте каза болгондордун саны 600дөн ашканын жергиликтүү Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдеги митинг

Ал арада Израилдин баш калаасы Тель-Авивде 7-сентябрдын кечинде жүз миңдеген адам өкмөттөн ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылып ири митингге чыгышты.

"Биз аларды аман-эсен кайтаруу үчүн катуураак талап кылып, кыйкырышыбыз керек. Башка күтө албайбыз. Адамдар туннелдерде өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканына 11 ай болду. Биз буга жол бере албайбыз. Аларды ойлобой, дуба кылбай жашоону уланта албайбыз. Алар бизге, үйлөрүнө кайтышы керек", - дейт демонстранттардын бири Оснат Гош.

ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылып митингге чыккан израилдиктер. 7-сентябрь, 2024-жыл.
ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылып митингге чыккан израилдиктер. 7-сентябрь, 2024-жыл.

Алар ошондой эле Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга чакырышты. Жергиликтүү басылмалардын жазышынча акциянын катышуучуларынын саны 500 миңдин тегерегинде болду. The Times of Israel гезити жазгандай, бул Газадагы согуш башталганы уюштурулган эң ири митинг болуп калды.

"Согушту токтотуудан башка жол жок. Бул маселени чечүү үчүн башка жол жок. Эгер согушту токтотпосок баарынан айрылабыз", - дейт дагы бир демонстрант Амрам Зехави.

Акциянын катышуучулары 11 айдан бери туткундардын бошотулбай жатканы үчүн өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхуну күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылышты. Медиа каражаттары митингдин беш катышуучусу кармалганын жазды.

Ири митингдер өлкөнүн бир катар башка шаарларында да уюштурулду. Ал эми Нетаньяху ХАМАСты толук жок кылмайынча тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, Газа тилкесиндеги аскердик операцияны улантуу ниетин билдирип келет.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газанын аймагынан Израилге кол салганда 1200дөй киши каза тапкан, 253 кишини барымтага алынган. Ошондон бери бир нече киши бошотулуп, бир канчасы набыт болду.

Израил чабуулга жооп кайтарып, анклавда согуш баштаган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси 40 миң 600дөн көп киши каза тапканын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму набыт болгондордун көбү аялдар менен балдар экенин буга чейин маалымдаган.

Тилкенин 2,3 миллион калкынын көбү бир нече жолу жер которууга аргасыз болду. Аймакта тамак-аш, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кризис курчуп турат.

XS
SM
MD
LG