Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Спорт: Азия Кубогунан Олимпиадага чейин

Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова.
Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова.

2024-жыл дүйнөдө жана Кыргызстанда спорттук окуяларга бай болду. Жыл башында Кыргызстандын футбол курамасы экинчи ирет Азия кубогуна катышса, Париж Олимпиадасында эгемендик жылдар аралыгында кыргыз спортчулары эң көп байге алды.

Андан сырткары бул жыл Паралимпиада каармандары жана Көчмөндөр оюндарындагы талаш, беш спорттук федерациянын жана Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилери алмашканы менен да эсте калды.

Эстен кеткис Париж Олимпиадасы

2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада дүйнөнүн көңүл борборундагы эң урунттуу окуялардын бири болду. Төрт жылда бир жолу өткөн жайкы Олимп оюндары 100 жылдан кийин кайрадан Франциянын баш калаасында өттү.

Бул олимпиада Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган эл аралык ири мелдеш болду. Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Алардын көпчүлүгү дүйнө жана Азиянын бир нече жолку чемпиондору, жылдыздуу курам эле. Жыйынтык да ошого жараша болуп, алты медал жеңип алышты. Кыргыз спортчулары Парижден эки күмүш, төрт коло менен кайтты.

Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Мээрим Жуманазарова күмүш медал жеңип берди.

Париж-2024: Кыргызстандык спортчулар багындырган бийиктик

Мээрим Жуманазарова кыргыз күрөшүндө эле эмес, Кыргызстандын спортундагы жаӊы тарыхты жазды. Ал 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта америкалык Эмит Элорго 0:3 эсебинде утулуп Олимпиаданын күмүш медалын тагынды.
1/23 Мээрим Жуманазарова кыргыз күрөшүндө эле эмес, Кыргызстандын спортундагы жаӊы тарыхты жазды. Ал 7-августка караган түнү кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта америкалык Эмит Элорго 0:3 эсебинде утулуп Олимпиаданын күмүш медалын тагынды.
Мээрим Токио Олимпиадасында ушул эле салмакта коло алган. Буга чейин бир да кыргызстандык спортчу Олимпиаданын эки жолку медалисти болгон эмес.
2/23 Мээрим Токио Олимпиадасында ушул эле салмакта коло алган. Буга чейин бир да кыргызстандык спортчу Олимпиаданын эки жолку медалисти болгон эмес.
Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоковго жеңилди (0:5). Бирок Мунарбектин күмүш медалы Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги болду.
3/23 Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоковго жеңилди (0:5). Бирок Мунарбектин күмүш медалы Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы ийгилиги болду.
28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.

4/23 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу финалга чейин жеткен биринчи мушкер болду. Буга чейин кыргызстандык мушкерлер Олимп оюндарында чейрек финалдык беттештерге чейин гана жеткен.

Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси.
5/23 Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси.
Жоламан беттештен кийин “Азатыкка” кыска маек куруп, өзүнүн сезими менен бөлүштү.

“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”, - деди Жоламан Шаршенбеков.
6/23 Жоламан беттештен кийин “Азатыкка” кыска маек куруп, өзүнүн сезими менен бөлүштү.
“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”, - деди Жоламан Шаршенбеков.
Жолааман жарым финалда жапон балбаны, Париж Олимпиадасынын чемпиону болгон Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилген эле.
7/23 Жолааман жарым финалда жапон балбаны, Париж Олимпиадасынын чемпиону болгон Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилген эле.
Кыргыз күрөшүнүн легендасы Айсулуу кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медал утту. Айсулуу ушуну менен Олимп оюндарында экинчи жолу байге алды. Буга чейин Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан.
8/23 Кыргыз күрөшүнүн легендасы Айсулуу кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медал утту. Айсулуу ушуну менен Олимп оюндарында экинчи жолу байге алды. Буга чейин Токио Олимпиадасында күмүш медал уткан.
Айсулуу коло медал үчүн беттеште монгол балбаны Орхон Пуревдоржго утулуп жатып, акыркы секунддарда жеңип кетти.Таймаштын биринчи бөлүгүндө алты упай менен монгол балбан кызы алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу алгач эки упай, кийин беттештин бүтөрүнө аз калганда төрт упайлык ыкманы жасап, эсепти теңеп, упайлардын сапаты боюнча жеңишке жетти (6:6).
9/23 Айсулуу коло медал үчүн беттеште монгол балбаны Орхон Пуревдоржго утулуп жатып, акыркы секунддарда жеңип кетти.Таймаштын биринчи бөлүгүндө алты упай менен монгол балбан кызы алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу алгач эки упай, кийин беттештин бүтөрүнө аз калганда төрт упайлык ыкманы жасап, эсепти теңеп, упайлардын сапаты боюнча жеңишке жетти (6:6).
Париж Олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн фавориттердин катарында барган Акжол Махмудов да коло медал утту.

Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган
10/23 Париж Олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн фавориттердин катарында барган Акжол Махмудов да коло медал утту.

Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган
Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган.

Көңүл жубатуучу беттеште ал колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп, андан кийин азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.
11/23 Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган.
Көңүл жубатуучу беттеште ал колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп, андан кийин азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.
Үзүр Жузупбеков коло медал үчүн беттеште грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.
12/23 Үзүр Жузупбеков коло медал үчүн беттеште грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.
Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз”, - деди.
13/23 Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз”, - деди.
Жөө күлүк Сардана Трофимова марафондук жарышта 14-орунду ээледи. 42 чакырым 195 метр аралыкты Трофимова 2 саат 26 мүнөт 47 секунд аралыкта чуркап өттү.

1-орунду нидерланддык Сифан Хассан алды. Ал аралыкты 2 саат 22 мүнөт 55 секундда чуркап, Олимпиаданын рекордун жаңыртты.
14/23 Жөө күлүк Сардана Трофимова марафондук жарышта 14-орунду ээледи. 42 чакырым 195 метр аралыкты Трофимова 2 саат 26 мүнөт 47 секунд аралыкта чуркап өттү.

1-орунду нидерланддык Сифан Хассан алды. Ал аралыкты 2 саат 22 мүнөт 55 секундда чуркап, Олимпиаданын рекордун жаңыртты.
Грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди (0:8) жана оюндарда 5-орунду ээледи.

Бул Олимп оюндарында Амантур Исмаилов төрт беттеш өткөрдү.
15/23 Грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов коло үчүн беттеште азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилди (0:8) жана оюндарда 5-орунду ээледи.
Бул Олимп оюндарында Амантур Исмаилов төрт беттеш өткөрдү.
Суучул Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээледи.
16/23 Суучул Елизавета Печерских аялдар арасындагы 50 метрге эркин сүзүүдө 79 спортчунун ичинен 30-орунду ээледи.
Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи.
17/23 Суучул Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыктарга жарышка чыгып, 100 метр аралыкта 23-орунду, 200-метр аралыкта 14-орунду ээледи.
Дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилди. Эрлан Шеров беттештен кийин буларды айткан:

“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, - деди ал.
18/23 Дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсебинде жеңилди. Эрлан Шеров беттештен кийин буларды айткан:
“Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да кудайдын буйругу”, - деди ал.
Эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмакта балбан Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык атаандашы Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде жеңилди.

Акматалиев Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал 2021-жылы Токио Олимпиадасында 12-орунду ээлеген.
19/23 Эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмакта балбан Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык атаандашы Исмаил Мусукаевге 11:0 эсебинде жеңилди.

Акматалиев Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. Ал 2021-жылы Токио Олимпиадасында 12-орунду ээлеген.
Эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев коло байге үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүлгө жеңилди (0:7). Беттештен кийин Айаал Лазарев жана Таха Акгүл килем үстүндө спорттук бут кийимдерин чечип, карьерасын жыйынтыктаганын жарыялашты.

Теги якутиялык Айаал Лазарев 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келген.
20/23 Эркин күрөштөн 125 кг чейинки салмакта кыргызстандык балбан Айаал Лазарев коло байге үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүлгө жеңилди (0:7). Беттештен кийин Айаал Лазарев жана Таха Акгүл килем үстүндө спорттук бут кийимдерин чечип, карьерасын жыйынтыктаганын жарыялашты.

Теги якутиялык Айаал Лазарев 38 жашта. 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келген.
Эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге жеңилип, 5-орунду ээледи.
21/23 Эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге жеңилип, 5-орунду ээледи.
Айпери Медет кызы 11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште кубалык Милаймис де ла Каридад Марин Потриллге жеңилди (0:6). Ушуну менен Медет кызы Париж Олимпиадасында 5-орунду ээледи.

25 жаштагы Айпери Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
22/23 Айпери Медет кызы 11-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште кубалык Милаймис де ла Каридад Марин Потриллге жеңилди (0:6). Ушуну менен Медет кызы Париж Олимпиадасында 5-орунду ээледи.

25 жаштагы Айпери Медет кызы Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Үч жыл мурун Токио Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.
Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди. Ал 66 килограммга чейинки салмакта украиналык Богдан Ядов менен беттешип, иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.

Бул Кубанычбек Айбек уулунун биринчи олимпиадасы болду. Ал 23 жашта.
23/23 Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди. Ал 66 килограммга чейинки салмакта украиналык Богдан Ядов менен беттешип, иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.

Бул Кубанычбек Айбек уулунун биринчи олимпиадасы болду. Ал 23 жашта.
Артка
Алдыга

Париж Олимпиадасынын каарманы мушкер Мунарбек Сейитбек уулу болуп, жыл соңунда ал тууралуу көркөм тасманын сценарийине сынак жарыяланды. 28 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында финалга чейин жеткен биринчи кыргыз мушкер болду.

Олимпиада оюндарына фаворит катары барган балбандар, айрыкча Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудовдон күйөрмандар алтын медал күтүшкөн эле. Бирок үчөө тең коло медал утту. Акжол Махмудов олимпиададан кайтып келгенден кийин күйөрмандардан кечирим сурап, кийинки Олимпиададан алтын медал утарын убады кылды.

“Эл күткөн алтын медалды ала албай, ишеничти актабай калдык деп өзүбүздү күнөөлүү сезип жатам. Кудай буюрса кийинки Олимп оюндарында алтын медал тагынганга толук күч-аракетимди жумшайм. 2028-жылы өтө турган Олимпиадага бүгүнтөн баштап даярданам”, - деди ал.

Жыл соңунда үч балбан тең үй-бүлө куруп, өзүнчө түтүн булатканын жар салышты. Олимпиада оюндарынан кийин кыргызстандык спортчулардын бешөө үй-бүлө курду. Анын ичинде мушкер Мунарбек дагы бар.

Грек-рим күрөшүнөн Үзүр Жузупбеков Олимпиадада коло утту. Бирок балбан чоң спорттогу көйгөйдү ачык айтканы менен күйөрмандардын эсинде калды. Анын диетолог, психолог тууралуу айткандары коомдо талкуу жаратты.

Олимпиада оюндарынан кийин Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды. 33 жаштагы балбан кыз эми карьерасын жыйынтыктайт деп турган чакта кийинки, Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына да катышарын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасынын коло медалы менен.
Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасынын коло медалы менен.

“Эс алып атам. Жеке жашоо деген да бар. Бардык нерсени өз учурунда кылыш керек экен. Спорттон кийин да жашоо бар. Ошол жөнөкөй жашоону да жашаганды билиш керек. Издөө учурундамын. Өзүмдүн жеке жашоомду да ордуна келтирип, бардык нерсени ойдогудай кылып алып бир жарым жылдан кийин кайрадан спортко келип, 2028-жылы боло турган оюндарга даярдык баштайм”, - деген спортчу КТРК спорт каналына курган маегинде.

Париж Олимпиадасынан кийин Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев кызматтан кетип, анын ордуна Эркин Тентишев келди. Федерациянын бардык мүчөлөрү, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер курамаларынын башкы машыктыручулары алмашты.

Грек-рим күрөшү бонча улуттук курама командага жаңы башкы машыктыруучу болгон Уран Калилов “Азаттыкка” маек куруп, 2028-жылы өтө турган Олимпиададан алтын медал утууга бар күчүн жумшарын айтты:

“Кыргыз элине Олимпиаданын алтын медалын алып келем деген көп жылдан бери максатым бар. Жараткандын буйругу, албетте, бирок менде тажрыйбам бар, ыкмаларым, командам бар. Кыргызстан 1980-жылдан бери, эгемендикти алгандан бери да Олимпиаданын алтын медалына жете элек. Бул мага өтө оор жүк болуп келди. Өтө чоң жоопкерчиликти сезип турам. Биз, федерация, машыктыруучулар штабы, балбандар, баарыбыз чогуу бирдикте иштесек, ийгилик жарата алабыз деп жүз пайыз ишенем”.

Паралимпиадачыларга жол көрсөткөн Гүлназ

Олимпиаданын артынан эле Парижде Паралимпиада оюндары өттү. 28-августта башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталган оюндарга Кыргызстандан алгачкы жолу төрт спортчу катышты.

Көзү азиз Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Жүзбаева бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты. Жүзбаева спортко эле эмес, коомдук иштерге да активдүү катышып келет. Ал Кыргызстандагы көзү азиздер федерациясын негиздеп, жолдошу Жаладин Абдувалиев менен өлкөдөгү көзү азиздерди коомго аралаштырууга аракет кылып келишет. Бул паралимпиадага алардын эки окуучусу - Айтунук менен Маматибраим да жолдомо алышкан.

Айтунук менен Гүлназ Парижде: “Биз мындан ары дагы өсүшүбүз керек”
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Паратлет Айтунук Жоомарт кызы аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, 11-орунду ээледи. Маматибраим Суранов парадзюдодон алгачкы беттешинде жеңилип, 9-орунга жазылды. Миргүл Болоталиева парапауэрлифтингден 10 спортчунун ичинен сегизинчи орунду ээледи.

Айтунук Жоомарт кызы паралимпиададан кийин "Азаттыкка" маек куруп, спорт анын жашоосун өзгөрткөнүн айткан:

“Спорт эмес, көзү көрбөгөндөр өз алдынча жашай алат деген үмүт өчүп калган болчу. Оюңа келбей турган нерсе. Мен Көзү азиздер федерациясында реабилитациядан өтүп жатканда Жалалдин Абдувалиев менен таанышкам. Триатлон жөнүндө айтып берсе ишенчү эмес элем. Азыр бул жерде мелдешке катышып, өлкөбүздүн желегин таанытканыма сүйүнүп жатам”.

Паралимпиадачылар медалга жетпесе да күйөрмандарын сый-урматына арзыды.

Көчмөндөр оюндары

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул жылы Казакстандын борбору Астанада өтүп, Кыргызстандын көкбөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду. Ал эми көкпардан (жер улак) Казакстандын улакчылары биринчиликти алды. Бул жолку Көчмөндөр оюндары көкпарга байланыштуу чыккан чыр менен эсте калды. Соцтармактарда азырга чейин талкуу уланып келатат.

Көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу өтөт. Кийинкиси кайрадан Кыргызстанда өтмөкчү.

Азия Кубогунан дүйнө чемпионатына

Кыргыз футболунда дагы 2024-жыл эсте каларлык окуялар менен коштолду. Өлкөнүн курама командасы январда Катарда өткөн Азия Кубогуна катышып, тайпадан чыга албай калды. Мындан улам уюмдун жетекчилиги алмашып, Кыргыз футбол бирлигинин президенти Медер Сыдыковдун ордуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчи болуп келди. Ал кызматына киришип жатып өлкөдөгү футболдук инфратүзүмдү жакшыртарын убада кылды.

Азия Кубогунан ийгиликсиз кайткан менен кыргыз курамасы 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына өтүп, Азиядагы 18 алдыңкы кураманын катарына кошулду. 2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алды.

Сентябрдан башталган үчүнчү турдун тандоо оюндарында Кыргызстандын футбол курамасы Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен А тайпасында ойноп жатат. Жалпы 6 оюн өткөрдү. Кыргызстан үч упай менен 5-орунда келе жатат. 2025-жылы дагы төрт оюн өткөрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши. 10-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши. 10-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол курамасынын капитаны Валерий Кичин дүйнө чемпионатына катышып жаткан кыргыз курамасы тууралуу "Азаттыкка" буларды айткан:

"Биринчи оюндун алдында бизге тажрыйба жетишпей калышы мүмкүн экенин айткан элем. Биз бул раундда жаңыбыз. Бизде жаш жигиттер көп. Жакшы жыйынтыкка жетүү боюнча тажрыйбабыз аз. Ар бир оюндан сабак алганга аракет кылабыз. Ансыз болбойт. Биз бул раундда биринчи жана акыркы болбойбуз деп ишенем. Баары жаңыдан башталууда. Анткени биз Азия Кубогуна биринчи жолу катышканыбызда жаңылык болсо, эми ал Кубокто үчүнчү жолу ойногону жатабыз. Футбол өлкөсү катары өсүп жатабыз. Натыйжа акырындык менен келет деп ойлойм".

Октябрда Бишкекте Кыргыз футбол бирлигинин Улуттук футбол академиясы жана Чүйдүн Орок айылында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы ачылды. Футбол адистери бул борборлор Кыргызстандын футбол чемпионатын күчтөндүрүп, өлкөдө футболду өнүктүрүүгө шарт түзөт деген пикирде.

Бишкектеги, Оштогу, Жалал-Абаддагы, Кочкор-Атадагы борбордук стадиондор оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке киргизилген. Андан сырткары “Талант”, “Алга” клубдарынын машыгуу базалары, Кара-Балта шаарындагы борбордук стадиондон тартып дагы бир канча стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Кыргыз футбол бирлиги өлкө чемпионатында ойногон командаларды көбөйтүүгө белсенип жатканын жар салды. Быйылкы жылы өлкө чемпионатында 14 футболдук клуб катышат.

Жаңы президенттер

Бул жылы күрөш, дзюдо, көк бөрү, оор атлетка, футбол федерацияларынын президенттери алмашты. Декабрдын аягында Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти да алмашты. Мурдагы президент Садыр Мамытов уюмдун вице-президенти болуп шайланып, анын ордун бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев ээледи. Анын бул кызматка келишинин да жөнү бар. Жакында эле Кыргызстандын бокс федерациясы WORLD boxing уюмунун катарына кошулду.

Учурда бокс дүйнөсү экиге бөлүнүп турат. Эл аралык Олимпиада комитети IBAны олимпиада оюндарынан четтетип, бокстон мелдештерди өзү өткөрүп келе жаткан. Эгер башка уюм түзүлбөсө, бокс Олимпиаданын программасынан чыгарылат деп билдирген эле.

IBA менен Эл аралык Олимпиада комитетинин мамилеси сууп кеткенден кийин Батыш өлкөлөрү Олимпиадада бокс боюнча мелдештерди өткөрүүчү уюм катары кирүү үчүн WORLD boxing уюмун түзүшкөн. Учурда бул уюмга 51 мамлекет мүчө.

Эл эми кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында күмүш медал алгандан кийин Кыргызстан деле бокско үмүт артып турган чагы.

• 16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG