Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Бокс дүйнөсүндөгү талаш. Борбор Азия кимге кошулат? 


Өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалында. 10-август, 2024-ж.
Өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалында. 10-август, 2024-ж.

2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимп оюндарына бокс кирбей калбайбы? Борбор Азия өлкөлөрү Орусия жетекчилик кылган уюм менен улуттук кызыкчылыктарга таасирин тийгизе турган санкциялардын ортосундагы кыйчалыш абалга жана татаал тандоого туш болду.

Бирок бул ирет сөз түздөн-түз Орусиянын Украинадагы согушу тууралуу эмес. Кеп Борбор Азия мамлекеттеринин бокс федерациялары 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимп оюндарына өз мушкерлерин жибере алабы деген маселеде. Чечмелеп берели.

Эл аралык олимпиада комитети (IOC) менен Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) ортосундагы тирешүү ондогон жылдар бою уланып келди.

Эл аралык олимпиада комитети IBA уюмунун кандай башкарылганына жана ири турнирлерде калыстык кылууда эреже бузулганы тууралуу маалыматтарга дайыма тынчсыздануусун билдирип келген.

Эки уюмдун ортосундагы ансыз да чыңалып турган мамиле 2020-жылы баш кеңсеси Лозаннада жайгашкан бул уюмдун жетекчилигине Орусиянын Бокс федерациясынын башчысы, орус президенти Владимир Путинге жакын Умар Кремлев келгенден тарта кескин начарлап кетти.

Умар Кремлев.
Умар Кремлев.

Өткөн жылы IBA Орусиянын мамлекеттик энергетикалык компаниясы “Газпромдон” ири каржылык колдоо алган соң Эл аралык олимпиада уюму аны өзүнүн курамынан чыгарып салды.

Быйыл Парижде жана үч жыл мурда Токиодо өткөн Олимп оюндарында бокс беттештерин уюштурган Эл аралык олимпиада уюмунун кызматтан кетип жаткан президенти Томас Бах эгер Эл аралык бокс ассоциациясынын ордуна бокс тармагын тескей турган жаңы уюм келбесе, 2028-жылы Олимп оюндарында бокс беттештери өтпөй турганын айткан.

2023-жылы апрелде Дүйнөлүк бокс (WB) аттуу уюм негизделген. Анын сайтындагы маалыматка ишенсек, ушул кезге чейин кеминде 42 мамлекет бул уюмга мүчө болорун ырастаган. Уюм “мушкерлердин кызыкчылыгын биринчи орунга коюуну жана боксту олимп кыймылынын чордонунда кармоону максат кылат”.

Азырынча кулачын улам жайып жаткан Дүйнөлүк бокс уюму Эл аралык олимпиада комитетинин курамына кирер-кирбеси белгисиз. Бирок жаңы уюм комитет менен байланышы жакшы экенин айтууда. Анын үстүнө, бул орусиячыл уюм болбогону чоң артыкчылык катары бааланууда.

Томас Бах Лос-Анжелесте өтө турган Олимпианын программасына бокс киргизилеби деген маселе 2025-жылдын алгачкы айларынан кечиктирбей чечилиши керектигин айткан. Андыктан багытын аныктай элек башка федерациялардын саналуу гана убактысы калды.

Чыңалган жагдай, купуя добуш берүү

Азырынча Эл аралык бокс ассоциациясы да, Дүйнөлүк бокс уюму да улуттук федерациялар эки жакта тең мүчөлүгүн сактай алары жөнүндө эч кандай билдирүү жасаша элек.

Мындай тандоо кандай жүрөрүн Азиянын бокс конфедерациясынын Сауд Арабиясынын Ал-Айн шаарында 31-августта өткөн кезексиз конференциясы көрсөттү. Анда аймактык топторго Дүйнөлүк бокс уюмуна кирүү же Эл аралык бокс ассоциациясында калуу үчүн добуш берүү сунушталды.

Борбор Азиядагы бардык беш федерация тең купуя добуш берүүгө катышып, натыйжада Дүйнөлүк бокс уюмуна кирүүгө каршы 21 добуш берилди (макул болгондордуку 14 добуш).

Андан көп өтпөй Кремлев "Азия континетинин лоялдуулугу жаркын келечектен кабар берет" деген таризде билдирүү жасады. Ал бир нече күн мурда эле Орусия былтыр улутташтырып алган, автодилерлик менен алектенген холдингдин жетекчилигине келген болчу.

Ошол эле маалда Борбор Азиядагы реалдуулук чынында алда канча татаал.

Олимп боксу Москвага ыктаган бул чөлкөм үчүн абдан маанилүү.

Борбор Азия спортчулары Париж оюндарында тагынган 28 медалдын тогузу боксчуларга таандык.

Өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалында. 10-август, 2024-ж.
Өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалында. 10-август, 2024-ж.

Соңку бир нече аптадан бери Өзбекстандын расмий жетекчилери өзбек спортчуларынын Олимп оюндарындагы ийгиликтери менен сыймыктанып бүтө элек. Өлкөнүн бокс боюнча эркектер курамасы беш алтын медал алып келди.

Бирок Өзбекстандын бокс федерациясынын башчысы Сакен Полатовдун Сауд Арабиясындагы курултайдагы добуш берүүнүн алдында Азия федерацияларынын Дүйнөлүк бокс уюмуна кирбеши керектигин айтканы бир жагынан таң калычтуу болгон жок.

Полатов Дүйнөлүк бокс уюмунун “инфраструктурасы өнүкпөгөнүн” айтып, бул жаңы уюмга жетишпей жаткан эң чоң нерсе — “олимпиадалык таануу” экенин белгиледи. Азия бокс федерациясынын “биримдиги” чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

Түркмөнстан федерациясынын өкүлү катары тааныштырылган спикер Азиянын бокс конфедерациясы IBA менен болгон “көйгөйлөрдү” кыйгап өтүү үчүн олимпиададагы боксту өзү жеке көзөмөлүнө алууну сунуштап, жаңы Дүйнөлүк бокс уюмуна да бул орун үчүн чакырык ташташы керектигин кыйытты.

Азиялык сегиз бокс федерациясы добуш берүүгө чейин эле Дүйнөлүк бокс уюмунун мүчөсү катары алардын сайтында көрсөтүлгөн эле.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы Дүйнөлүк бокс уюмунун өкүлү менен байланышкан учурда ал дагы сегиз билдирме каралып жатканын айтты. Бирок “купуя маалымат” деген жүйө менен алардын канчасы Азиядан экенин тактаган жок.

Сауд Арабиясындагы Азиянын бокс конфедерациясынын президенти жана Таиланд бокс ассоциациясынын (Дүйнөлүк бокс уюмуна мүчө эмес экени сайтта көрсөтүлгөн) башчысы Пичаи Чунхаважира добуш берүүдөн кийин кызматын тапшырды. Ал азиялык мушкерлердин Олимпиадага катышуусун колдоорун белгилеген эле.

Эл аралык олимпиада уюмунун президенти Томас Бах. 2022-жыл.
Эл аралык олимпиада уюмунун президенти Томас Бах. 2022-жыл.

“Эки уюмга тең...”

Ал арада Борбор Азиядагы бокс федерациялары кайсы уюмду тандай турганын так айтуудан карманып турушат.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы беш федерациянын үчөө менен байланыша алды.

Өзбек федерациясынын жана IBA ассоциациясынын мүчөсү Тамила Сариханова алгач байланышка чыгып, бирок Ташкенттин позициясына байланыштуу суроолорду жоопсуз калтырды.

Добуш берүүнүн алдында Кыргызстан бокс федерациясынын башчысы Умбеталы Кыдыралиев “федерация Дүйнөлүк бокс уюмунун да, Эл аралык бокс ассоциациясынын да мүчөсү болууга аракет кыларын” “Азаттыкка” билдирген.

Добуш берүүдөн кийин Кыргызстан федерациясынын позициясы кандай болгонун билүү үчүн байланышканыбызда, Кыдыралиев “бейтарап” бойдон калып, “эки уюм менен тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын” айтты.

Ушундай эле позицияны Казакстандын улуттук бокс федерациясы да карманды. Бирок Казакстандагы кырдаал ары кызыктуу.

Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы, профессионал бокс боюнча мурдагы дүйнө чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Геннадий Головкин Казакстан Дүйнөлүк бокс уюмуна кошуларын Париж оюндарына чейин, июль айынын башында эле чечкиндүү түрдө айтып чыккан.

Мындан улам ал орус медиаларынын соккусуна да калган.

“Мен Геннадийди 20 жылдан бери тааныйм. Мен ага өзүнүн эмес, мушкерлер менен машыктыруучулардын кызыкчылыгын ойло деп кеңеш берет элем”, — деген эле бокс боюнча Орусиянын машыктыруучулар курамасынын төрагасы Эдуард Кравцов Головкинге жооп берип жатып.

Кравцов ошондой эле Головкинди “талаштуу адамдардын кызыкчылыгын” коргоп алуудан карманууга чакырган. Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин башчысы соңку чечимди Шахмурат Муталип жетектеп турган Казакстандын бокс федерациясы кабыл аларын белгилеген.

Федерациянын өкүлү болсо “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына Казакстандын Дүйнөлүк бокс уюмуна кошулуусу тууралуу “соңку чечим” кабыл алына электигин кабарлап, Казакстан “улуттук бокс курамасынын даярдыгын жана беттештерин үзгүлтүккө учуратпоо максатында” IBA ассоциациясы уюштурган беттештерге катышууну улантарын кошумчалады.

4-сентябрга карата Дүйнөлүк бокс уюмунун мүчөлөрү.
4-сентябрга карата Дүйнөлүк бокс уюмунун мүчөлөрү.

Кремлев жана Кремл

Албетте, Олимпиадага келгенде Орусиянын көзүрү аз.

Буга, биринчиден, мамлекет колдогон допинг жаңжалы, экинчиден, Москванын Украинага 2022-жылы басып кириши себеп болгон. Орус спортчулары 2016-жылдан бери Орусиянын желеги менен Олимпиадага катыша элек.

Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) менен Эл аралык олимпиада комитетинин ортосундагы ажырым 2022-жылы IBA орус жана беларус спортчуларына өз желектери менен уюм уюштурган беттештерге катышууга уруксат бергенден кийин күч алган. Бул маалда башка спорт түрлөрүндө бул эки өлкөнүн спортчуларына, тескерисинче, тыюу салынып жаткан болчу.

Бул жагдайлар IBA менен ал уюштурган эл аралык беттештер Москва үчүн спортто аброй табуунун жолу экенин ишарат кылып турат.

Кремлев башкарып турган маалда IBA Жайкы олимп оюндарында медал уткандарга чоң байге сунуштоо аркылуу мүчө федерацияларды өзүнө тартууга аракет кылып жатты. Мындай кадамдарды Эл аралык олимпиада комитети сындаган болчу.

Кремлев IBA уюмунун “олимпиада кыймылы менен маселеси жоктугун” бир канча жолу айткан.

Бирок Эл аралык олимпиада комитети IBA тууралуу азырынча дал ушундай сөздөрдү айта албайт. Ал үчүн комитеттин ичинде олуттуу өзгөрүү болушу керек.

Ассоциация комитеттин курамынан чыгарылгандан кийин Эл аралык олимпиада комитетинин башкы директору Кристоф де Кеппер эки уюмдун ортосундагы мамилени “артка кайткыс кырдаалда” деп атап, “Эл аралык олимпиада комитети сабырдуулук менен” IBA уюму комитет белгилеген тармактарындагы көйгөйлөрдү ордунан жылдырат деп күткөнүн айткан.

Эки уюмдун ортосундагы чыңалган мамиле IBA (ал кезде AIBA) ассоциациясын 2006-2017-жылдар арасында башкарып турган тайвандык У Чиң-куонун мезгилинде жаралган.

У Чиң-куо каржылык мыйзам бузуулары жана 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарындагы бокс беттештерине таасирин тийгизген талаштуу чечимдери үчүн айыпталган.

Ал кезде Эл аралык олимпиада комитети AIBA ассоциациясынын мүчөлөрү өзбекстандык Гафур Рахимовду жетекчилик орунга тандаганына байланыштуу жана биримдикти башкаруудагы маселелерден улам уюмдун ишмердигин иликтей баштаган болчу.

Дүйнөлүк баңги соодасына катышы бар деген шек менен он жылдан ашуун убакыт мурда АКШнын санкциясына кабылган Рахимов бул кызматта эки жылдай турду. Ал өзү кайсы бир кылмыштарга тиешеси бар экендигин такай четке кагып келген.

Начар мамилени дагы тереңдеткен окуя Париж Олимп оюндарында да болду. Анда гендердик маселеден улам эки мушкерди беттештен четтеткен IBA чечимин Эл аралык олимпиада комитети “тандалма” деп баалаган болчу. Бул окуя маалымат каражаттарында кызуу талкууга жол ачкан.

Кезектеги дагы бир ызы-чуу Кремлев Париж оюндарын “дүйнө жүзүндөгү салттуу баалуулуктарды талкалаган ачыктан ачык содомия” деп атагандан кийин тутанды. Кремлев Бах жана анын командасын “чочко менен чөөлөргө” салыштырып жиберген. Олимпиада комитети жана уюштуруучулар мындай айыптоолорду негизсиз деп келет.

Которгон: Нурболот Азамат
XS
SM
MD
LG