Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл камалды
Энергетика министрлиги май айынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл камалды. Президент былтыр өлкөдө күтүүсүз аскердик абал киргизген соң парламент ага импичмент жарыялаган.
Чыгарылыштар
-
Январь 14, 2025
Калифорниядагы өрт: Лос-Анжелесте катуу шамал болушу мүмкүн
-
Январь 13, 2025
АКШ "Газпром нефть Азия" ишканасына санкция салды
-
Январь 09, 2025
Армения Евробиримдикке кадам таштады, Кремл эмне дейт?
-
Январь 08, 2025
Газа: Израил армиясынын чабуулу, туткундарды бошотуу талабы
-
Январь 07, 2025
Чикаго: Кыргызстандык жаран киши колдуу болду
Шерине