Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Мьянмада жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты


Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-Би-Си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.

Учурда дагы ондогон кишинин дайыны чыкпай жатат, куткаруу, издөө иштеринин жүрүшүндө набыт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

АКШдагы геологиялык кызматтын (USGS) маалыматына караганда, жума күнү катуурак болгон биринчи жер титирөө 10 чакырым тереңдикте Мьянманын борбордук бөлүгүндө болжол менен саат 12:50дө катталган. Экинчи жолу 12 мүнөттөн кийин кайталанган. Анын очогу Сикайн шаарынан түндүк-батыш тарабы экени айтылган.

Тайланддын борбору Бангкокто да кыйроолор катталды. Силкинүүнүн очогунан 1400 чакырым алыс турган бул шаарда да зилзала катуу сезилген. Тайланддын бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Маалымат агенттиктери жер титирөө Бангладеште, Индияда, Лаосто жана Кытайда да сезилгенин жазышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG