Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Ошто улук тергөөчү пара талап кылууга шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык милициясынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Ж.А. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-мартта кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү кылмыш ишин токтотуу жана жоюу максатында 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

“Кыргызстандын жараны бир нече жолу кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок Ош ШИИБдин тергөөчүсү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган”, - деп айтылат маалыматта.


27-мартта акчаны которуу фактысы катталып, шектүүнүн кабинетин тинтүү маалында 45 миң сом табылган. Тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG