Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Вашингтон менен Киев "мазмундуу" сүйлөшүү жүргүздү, кезекте АКШ-Орусия жолугушуусу


Украин президенти Владимир Зеленский. Архив сүрөт.
Украин президенти Владимир Зеленский. Архив сүрөт.

Украинадагы Орусия баштаган согушту токтотуу аракети алкагында АКШ украин бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрүн улантууда. 23-мартта Сауд Арабиясында америкалык жана украин расмийлеринин кезектеги жолугушуусу өттү. Эми 24-мартта АКШ өкүлдөрү Орусия тарап менен экинчи жолугушуусун өткөргөнү жатат.

Вашингтондон барган топтун өкүлдөрү жекшембидеги сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу расмий комментарий бере элек. Ал эми Украинанын коргоо министри Рустем Умеров "конструктивдүү жана мазмундуу" кеп болгонун билдирди.

"Талкуу үзүрлүү жана максатка багытталган нукта өттү — биз негизги маселелерди, анын ичинде энергетиканы талкууладык. Президент Владимир Зеленскийдин максаты — биздин өлкөбүз, биздин элибиз үчүн, ошол аркылуу жалпы Европа үчүн адилет жана бекем тынчтыкты камсыз кылуу. Биз мына ушуну реалдуулукка айлантуу аракетин көрүп жатабыз", — деп жазды Умеров Facebook баракчасына.

Эр-Рияддагы кезектеги жолугушуу АКШнын Украинадагы ок атышууну токтотуу далалатындагы негизги аракеттердин бири болуп калды.

Эми америкалык дипломаттар орусиялыктар менен кезектеги сүйлөшүүсүнө камданууда. Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары расмий делегациясы Москвадан Сауд Арабиясына 23-марттын кечинде барганын жазышты.

The New York Times жана Reuters Кошмо Штаттардын өкүлдөрү орусиялык делегация менен жолугушуу өткөргөндөн кийин украин тарап менен кездешерин, анда кайсы бир келишимге келүү ыктымалдыгы талкууланарын жазып жатышат.

Бирок серепчилер АКШ менен сүйлөшүүлөргө катышканы барган орусиялык да, украиналык да делегациялар бир жерде турганы менен кандайдыр бир олуттуу жылыш болоруна үмүттөнүү азырынча эрте экенин белгилеп жатышат.

Украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн өкүлдөрү Сауд Арабиясында жолугушуу өткөрүп жаткан учурда өзүнүн кезектеги кечки телевизиондук кайрылуусунда "биздин команда толук конструктивдүү нукта иштеп жатат" деп белгиледи.

"Кыйла пайдалуу сөз болууда, делегациялардын иши уланууда. Бирок биз азыр өнөктөштөрүбүзгө эмне деген күндө да [Орусия президенти Владимир] Путин соккуларды токтотуу үчүн так буйрук беришине жетишүүбүз зарыл болууда. Согушту ким баштаган болсо, аны кайра өзү алып кетиши керек", — деп кошумчалады ал.

Америкалык тарап Сауд Арабиясында жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү боюнча оптимисттик маанайда болууда.

"Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясында реалдуу прогресске күбө боло аласыздар деген ойдомун", — деген 22-мартта Fox News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф.

Киев менен Москва мындай маанайдагы билдирүүлөрдөн азырынча карманып турушат.

"Азыркы шарттагы эң мүмкүн натыйжа — тыныгуу. Бирок бул да белгисиз, анткени сүйлөшүүлөр бир же эки айга созулушу ыктымал. Менимче, эң эле чоң жетишкендик катары атышууну токтотуунун кандайдыр бир техникалык деталдарын тактоо аракети гана болот. Андан кийин алар Киевге, Москвага жана Вашингтонго сунуш катары жөнөтүлөт", — деген ою менен бөлүштү "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна саясат талдоочу Сергей Таран.

Келишимге тез арада жетишүү үмүтүнө суу бүрккөндөй билдирүү Орусия ("Эркин Европа/Азаттык" бул өлкөдө жагымсыз уюм деп жарыяланган) тараптан болду. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 23-мартта мамлекеттик телеканалга курган маегинде:

"Чоң үмүт артуунун кереги жок. Өтө олуттуу, кылдат иш турат. Биз деталдарды ичинен талдап чыгышыбыз керек болот. Азыр мына ошол жолдун башында элебиз", — деп айтты.

Орусиянын жана Украинанын дипломаттарынын түздөн-түз жолугушуусу азыркы планда жок. Мунун ордуна, америкалык аткаминерлердин бири "ортомчулук дипломатия" деп атагандай, эки өлкөнүн дипломаттары АКШнын командасы менен өз-өзүнчө жолугушуп жатат.

Айрым байкоочулар сүйлөшүүлөрдөгү мындай моделди Газа секторундагы согушту токтотуу келишими жетишилгендеги ыкмага окшоштуруп жатышат. Анда келишим кабыл алууга бир нече айлык дипломатиялык аракет талап кылынды, бирок, соңку окуялар көрсөтүп тургандай, анын шарттары толук сакталбай жатат.

АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө карата оптимисттик маанайда болуп келди эле. Бирок натыйжага дароо жетүү үмүтү акталбай тургансыйт.

Биринчиден, Украина атышууну 30 күнгө токтотууга макул болгону менен бул планга Путин өз шартын койгон. Мунун ордуна Трамп аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийинки билдирүүсүндө инфраструктураны бутага алууну токтото туруу макулдашылганын гана айтты.

Ал эми Кремль Трамп менен Путиндин бул сүйлөшүүсүндө сөз энергетика инфраструктурасы жөнүндө гана болгонун кабарлады. Анысы аз келгенсип, орус тарап дал ошол инфраструктурага чабуулдарын кайра эле улантты.

Украин тарап Орусия кайсы объектилерге, кайсы тармакка чабуул койбой турууга макул болгонун тактап бериши, тизмесин көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Ушундай эле түшүнүксүз жагдай Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнөн кийин жаралган. Америкалык аткаминерлер Украинанын коопсуздугуна кепилдик катары АКШ анын атомдук станцияларына ээлик кылуу маселесин караштырып жатканын айтышты. Ал эми Зеленский бул станциялар мамлекеттин менчиги экенин жана алар украин элине таандык экенин так кесе айтты.

Ал тапта Украинанын коопсуздугунун кепилдиги катары анын сейрек минералдары боюнча эки тараптуу келишим түзүү маселеси дээрлик чечилип калганы кабарланууда. Бирок анын чоо-жайы боюнча да азырынча так маалымат жок.

Сауд Арабиясында өтүп жаткан дипломатиялык сүйлөшүүлөргө байланыштуу айта турган дагы бир жагдай — АКШнын атайын чабарманы Уиткофф Кара деңиздеги эки өлкөнүн атышуусун токтотуу маселесинде прогресс болорун айтып, "ошону улай атышууну толук токтотуу өзүнөн өзү жетишилет" деп билдирди. Ал ошондой эле Путин тынчтыкты каалап жатканына ишенерин айтты, бирок буга Украина жана европалык өлкөлөр ынана албай турушат.

Украина да, Орусия да соңку күндөрү бири-биринин соккусуна кабылып жатканын, жайкын тургундары арасында жоготуулар бар экенин кабарлап жатышат.

Украина: Орусия ок атышууну токтотобу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:08 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG