Талас облусунда 28-мартта таңкы саат 4.42 жана күндүз 16.56да болгон жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркаганы аныкталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеме алардын 31и камсыздандырылганын белгиледи.
Жабыркаган үйлөрдүн теңинен көбү (26 үй) Көпүрө-Базар айылында болгон. Калгандары Арал (12 үй), Үч-Эмчек (2 үй), Талды-Булак (6 үй), Манас (1 үй), Көк-Ой (1 үй) айылдарында аныкталган.
Таласта 28-мартта күчү 5,3 жана 5,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон жана Бишкек шаары менен Чүй облусунда дагы сезилген.
Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, ӨКМнын борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда чукул жыйын өткөн.
Мекеме жарандарды табыгый кырсыкта сак болууга, даяр турууга чакырган.
Шерине