Кыргызстанда Орозо айттын урматына намаздар өлкөдөгү мечиттерде окулду. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бул майрам менен куттуктап жатып, бул жолку Орозо айы жапатырмак киришкен кайрымдуулук менен эсте калганын белгиледи.
“Быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилди. Кары дебей, жаш дебей – баары тегиз чанда кездешүүчү дартка чалдыккан наристелердин дартына даба боло турган кымбат баалуу дарыга муктаждарга кол сунуп, элибиздин ынтымагын дүйнө жүзүнө дагы бир ирет жар салды”,-деди Жапаров.
Кыргызстанда Орозо маалында айрым активисттер омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган үч балага каражат чогултуу өнөктүгүн жүргүзгөн. Анда Zolgensma дарысы үчүн балдардын ар бирине 2 миллион доллары керектелери, бул каражат дээрлик толук топтолгону айтылган.
Ошол эле маалда коомчулукта мамлекетке саламаттык сактоо тармагын жакшыртып, бейтаптарды сапаттуу тейлөө, зарыл дары-дармектер менен камсыз кылуу талабы дагы айтылган.
Орозо айы быйыл 1-мартта башталган.
Кыргызстанда соңку жылдары коопсуздуктан улам Орозо айт намазы облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулуп жатат.
Бир канча жылдан бери Орозо айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген киши катышып келген. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган.
Шерине