Иорданиянын борбору Амман шаарында күрөш боюнча Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта Азиянын чемпиону болду.
Ал 29-мартта финалда тажикстандык балбан Виктор Рассадинди 5:4 эсебинде акыркы мүнөттөрдө утуп алды. Ага чейинки таймаштарда Казакстандан, Өзбекстандан жана Жапониядан келген атаандаштарын жеңген.
Эрназар Акматалиев 26 жашта. Былтыр Париж Олимп оюндарына катышкан, бирок байгеге илинбей калган.
Акматалив Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси (2021-ж., 2022-жыл.). Азия чемпионатынын күмүш байгесин алган (70 кг, 2022-жыл.) Жаштар арасында Азия чемпионатында дагы күмүш байге алган (2018-жыл.) 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл.). Ibrahim Moustafa (2023), Bolat Turlykhanov Cup (2022) өңдүү бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.
Буга чейин, 27-мартта күрөш боюнча Азия чемпионатында Айпери Медет кызы 76 кг салмакта кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медал алып, Азиянын үч жолку чемпиону болгон.
Амман шаарында 25-мартта башталган Азия чемпионаты 30-мартта аяктайт.
Шерине