Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Орусия: Алсу Курмаш жана анын баскынчыл согушка каршы 40 мекендеши


Алсу Курмаш
Алсу Курмаш айым

Учурда теги орусиялык татар журналист Алсу Курмаш путиндик режимдин абагында кармалууда. Быйыл июлда Татарстандын Жогорку соту аны саясий жүйөө менен алты жарым жылга абакка кести. Ага тагылган адилетсиз айыптардын биринде Эдил боюндагы жана ага чектеш аймактардагы 40 орусиялыктын Украинадагы баскынчыл согушка каршы пикирлери камтылган китепке редактордук кылгандыгы болгон. Тарыхчынын блогу.

Алсу – мээримдүү эне жана камкор урпак

Алсу Хамид кызы Курмаш 1976-жылы 1-сентябрда мурдагы Советтер Биримдигинде туулган. Ал татарча, түркчө, орусча, англисче жана чехче билет. Теги – татар. Жаншериги Павел Буторин экөөнүн татынакай эки кызы бар. Жубайлар “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Прагадагы кеңсенсинде иштеп келчү. Павел азыр да өз редакциясында редактор болуп иштөөдө.

Алсу жана Павел менен кээде Прага шаарында же анын чет жакасында татарлардын “сабантуй” майрамы маалында жана ар кыл маданий кечелерде баарлашып калаар элек.

Алсу Курмаш. 31.5.2024.
Алсу Курмаш Казан шаарындагы сот жүрүмү маалында. Татарстан. 31.5.2024.

Алсу өзгөчө мээримдүү, жаракөр, терең таалимдүү инсан. Жолдошу Павел да мыкты жигит.

Былтыр (2023-жылы) 20-майда Алсу Чехиянын борбору Прага шаарынан шашылыш түрдө Казан шаарына (Татарстандын борборуна) келип калды. Анын карыган энеси ооруп калыптыр.

Алсунун оюнда эч кандай жаман ой деле жок болчу. Энесине каралашып, Казанда бир аз турган соң, ал 2023-жылы 2-июнда Казан шаарынын аба майданына келди. Эми Прагага тезирээк жетип, кыздарын кучактайм го деп жылуу сезимге бөлөнүп турган...

Алсунун алгачкы кармалышы

Бирок Орусиянын коопсуздук кызматы 2023-жылы 2-июнда Алсуну Казан аба майданында убактылуу кармады. Коопсвуздук кызматынын өкүлдөрү анын кош (орусиялык жана америкалык) паспортун тең тартып алышты.

Орусиядагы жазалоочу бийликтер жайы бою анын “ишин” иликтешип, 2023-жылы 11-октябрда “америкалык паспортун расмий каттаткан эмес” деген шылтоо менен аны 10,000 рубл ($103) көлөмүндө акчалай жазага тартышты.

Бирок дагы эле ага Прагадагы үй-бүлөсүнө кайтууга уруксат беришпеди.

Кош жарандуулук: дүйнөдө жана Орусияда

Негизи, постсоветтик Орусияда кош жарандыкка уруксат берилет.

2020-жылдын 15-январында Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык Жыйынга кайрылуусунда аткаминерлерге жана сотторго башка өлкөдө жарандык же туруктуу жашоого уруксат алууга мыйзамдуу түрдө тыюу салууну сунуштаганы маалым. Путин ошондой эле Орусия Федерациясынын президенттигине талапкерлер мурда башка өлкөнүн жарандыгына ээ болбошу керек деп чыккан.

Ал эми демократиялык мамлекеттерде бул кош жарандык маселесине карата турум кыйла айырмалуу. Учурда кош жарандуулук Улуу Британия, АКШ, Канада, Германия, Жаңы Зеландия жана башка өлкөлөрдүн саясатчылары үчүн аанчейин көйгөй эмес (кээ бир учурларда айрым эскертүүлөр белгиленген).

Улуу Британияда кишинин кош жарандыгы бар болсо, анын парламентке талапкер болуусуна эч кандай тоскоол болбойт.

2016-жылга чейин Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсондун эки паспорту болгон (ал британиялык жана америкалык кош жрандыкка ээ болчу).

Германияда кош жарандуулук – таптакыр саясий көйгөй жаратпайт.

2014–2016-жылдары Франциянын премьер-министри кызматын аркалаган саясатчы Мануэл Валс (Manuel Carlos Valls Galfetti) 1962-жылы Испаниянын Каталония аймагынын борбору Барселона шаарында туулган. Теги – каталан улутунан. Испаниялык паспорт анын Франциядагы саясий карьерасына эч тоскоол жараткан эмес. Ал 2012–2014-жылдары Франциянын Ички иштер министри да болуп иштеген.

Норвегия 2020-жылдын 1-январынан тартып кош жарандыкка уруксат бере баштады.

Айтмакчы, Орусиянын бир катар төбөлдөрү мүмкүн болушунча өз балдарынын Батышта таалим алышы жана кош жарандыкка жетиши үчүн алпурушуп келчү.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жалгыз кызы Екатерина Винокурованын кош жарандыгы бар (Орусия жана Израил).

2021-жылдын ноябрындагы маалыматка караганда, Мамлекеттик Думанын экс-спикери, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү Борис Грызловдун кызы Евгения Таллинде жашайт жана ал Эстониянын жарандыгына ээ.

Ал эми Алсу Курмаш – Орусияда депутат, аткаминер, министр, коопсуздук жана аскер кызматынын ээси эмес болчу. Ал Орусиядагы башка миллиондогон карапайым жарандардай эле кош жарандык аркылуу чет өлкөдө өз үй-бүлөсүнүн бакыбаттыгын камсыз кылып келе жаткан мээнеткеч айдыңдардын бири болуп саналат.

Улам катаал айып тагуулар жана абактык жаза

2023-жылы күзүндө Алсу Курмаш айымга жаңы айып тагылды.

2023-жылы 18-октябрда аны кайра камакка алышып, эми ага “чет өлкөлүк агент” катары расмий катталбай койгон, деген доону коюшту. Бул доо боюнча айыптуу табылгандар Орусияда 5 жылга чейинки абактык жазага кириптер болушу ыктымал.

Адатта, орусиялык бийликтер өздөрү тигил же бул журналистти же айдыңды “чет өлкөлүк агент” деп жарыялаган “кара тизмесин” 2017-жылдан бери шардана кылып турат. Ага жеке журналисттерден тышкары бүтүндөй басылмалар жана редакциялар киргизилип келет. Арийне, бул тизмеге Алсу мурда эч качан киргизилген эмес болчу.

Алсуга Орусиядагы аскердик ишмердик менен байланыштуу маалыматтарды “чет өлкөлүк булактарга тапшыруу үчүн интернеттен атайылап чогулткан” деген тири шумдуктуудай доо да коюлду.

Албетте, Алсу бул доолордун бардыгын чындыкка төп келбейт, деп четке какты.

23-октябрда Казан шаарындагы райондук сот Алсуну 2023-жылдын 5-декабрына чейин убактылуу тергөө абагында калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Анын убактылуу абактык кармалуусун узартуу тууралуу чечимдер казандык сот бийликтери тарабынан улам “токулуп” жатты. Маселен, 2024-жылдын 31-майында казандагы жергиликтүү сот Алсуну 5-августка чейин убактылуу тергөө абагында кармоо тууралуу өкүм кылган.

2023-жылы 11-декабрда орусиялык тергөөчүлөр Алсуга Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу “жалган” (“фейк”) маалымат таркатып келди, деген доо боюнча кылмыш ишин козгошту. Бул – журналист айымга каршы козголгон үчүнчү кылмыш иши болуп калды.

Эми алар 2022-жылы күзүндө “Эркин Европа/Азаттык үналгысына” караштуу "Idel.Реалии" редакциясы жарыкка чыгарган “Согушка жол жок. Украинага басып кирүүгө каршы чыгып жатышкан 40 орусиялыктын баяндары” деген китепти таркаткан деп Алсуну айыптап чыгышты. Алсу Курмаш бул чакан китептин катардагы эле редакторлорунун бири болчу.

Акыры, 2024-жылы 19-июлда Татарстандын Жогорку Соту жабык жана чукул өткөрүлгөн сот отурумунда Алсу Курмаш айымды алты жарым жылдык абактык мөөнөткө кести.

Эл аралык коомчулук Алсуга карата адилетсиз өкүмдү айыптоодо

Алсу Курмаш айым былтыр июнда Казан аба майданында негизсиз кармалгандан тартып эле эл аралык коомчулук аны тез арада боштондукка чыгарууну талап кылып чыккан.

Маселен, “Журналисттерди коргоо комитети” уюму журналистика менен алектенүү эч кандай кылмыщка жатпай тургандыгын баса белгилеп, орусиялык бийликтерден А.Курмашты дароо бошотууну талап кылган.

“Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” жетекчилиги жана көп этностуу жамааты да Алсу Курмашты дароо бошотуу жана толук актоо талаптарын ырааттуу билдирип келет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Алсу Курмаштын кармалышын Орусиядагы америкалык жарандарды куугунтуктоо аракеттеринин бири катары кескин сындаган.

“Согушка жол жок... 40 орусиялыктын баяндары” китеби

“Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Татар-Башкыр кызматына караштуу болгон жана өз мултимедиалык материалдарын орусча жарыялап жаткан "Idel.Реалии" интернет редакциясы 2022-жылдын 24-февралынан кийинки кырдаалга өз алдынча баа бере алган бир нече ондогон орусиялыктардын маектерин обого чыгарган.

Китепте Орусиянын Эдил боюндагы жана ага чектеш чөлкөмдөрүндөгү жергиликтүү тургундардын 2022-жылдын 24-февралынан тартып Украинага каршы башталган кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согушка карата жекече баалары камтылган. Маектешүүгө батылдык кылгандар, негизинен, Орусиянын Эдил бою федералдык чөлкөмүнүн (Татарстан, Башкортостан, Саратов, Пенза, Киров облусу) тургундары болуп саналышат.

Албетте, мындай кайчы пикирлерди путиндик Орусиянын мамлекеттик жана башка сыналгыларынан жана интернет басылмаларынан эч жолуктура албайсыз. Китеп ошонусу менен баалуу.

Пензалык педагог Ирина Ген
Пензалык педагог Ирина Ген

Китептеги айрым маектештердин пикирлеринен үзүндүлөр

Ирина Ген айым, 45 жашта, Пенза шаары, Пенза облусу; англис тили мугалими. Апрел, 2022-ж.

"24-февралда биз Украинанын аймактык эгемендигин чыккынчылык менен бузуп, Украинанын бардык жерлерин басып алуу үчүн блицкриг (“чагылгандай тез согуш”. – Т.Ч.) баштадык. Бул – дендароо кылчу жана келесоолук иш болду. Азыркы тапта Украинада жаралган кырдаал мени басып алуунун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле тынчсыздандыра баштады...

Менин атам Украинада туулуп өскөн. Андан тышкары, таяларым тараптан да бир кездери Украинага көчүп келген туугандарым бар.

Мен мурда иштеген Олимпиадалык резерв окуу жайында көп балдар эмне үчүн биз обочодо калган мамлекетке айландык, эмне үчүн бүт дүйнө бизден жүз буруп кетти деп суроо салып, ойлоно башташты. Мен аларга бул үчүн кандай себептер болгонун түшүндүрө баштадым.

Биздин өлкөбүздө калктын басымдуу бөлүгү эл аралык маалымат каражаттарында таркатылып жаткан маалыматтарлан кабарсыз кала берип жатат. Окуучу балдар менен баарлашып жүрүп, алар өз ата-энелеринин пикирин кайталап, согушту колдошорун аңдадым.

...28-мартта [2022-жылы. – Т.Ч.] ФСБнын бир кызматкери мага телефон чалып, аны менен Тергөө комитетине чогуу барууга чакырды. Ошол эле күнү мага Куралдуу күчтөр боюнча “фейк маалымат таркаткан” деп кылмыш иши козголду. Бул – биздин коомду азыркыдан да ого бетер коркутуп-үркүтүү үчүн кимдир-бирөөнү эл алдында “шапалактоо” көрүнүшү, башкаларга сабак болчудай жамааттык сот жүрүмү болуп жатат. А мен абдан коркуп турам.

1-апрелде мен Олимпиадалык резерв окуу жайындагы окутуучу кызматымдан арыз жазып кетип калдым...”

[24-бет, 3-шилтеме: 2022-жылдын август айынын башында сот Ирина Ген айымды беш жылга шарттуу түрдө кести. Сот “Орусия президентине карата туруктуу кастык сезиминде болуу менен бирге, сабак учурунда окуучуларга Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү башка мамлекеттердин аймактарын басып алып жатат; Орусия аскерлери 2014-жылы Луганск Эл Республикасы менен Донецк Эл Республикасында согуш баштаган; Мариуполдогу төрөт үйүн бомбалаган; Украинанын президентин кулатууну пландаштырган; Украинанын аймагында жүргөндө чет элдик учакты — Малайзияга таандык Боинг 777 учагын атып түшүрүшкөн; чоочун жерлерди өзүнө каратып алуу жана өз аймактарын кеңейтүү менен алектенишет; деген жалган маалыматтарды айткан”, – деп тапты.]

Казандык Искандер Ясавеев.
Казандык Искандер Ясавеев. Татарстан.

Искандер Ясавеев, 50 жашта, социолог, Казан шаары, Татарстан.

Искандер мырза 2022-жылы 27-февралда Казан шаарында нааразылык пикетке чыгып, “Бул – “атайын аскер амалы” эмес эле – согуш!” деген сөздөрү бар ураанды көтөргөн жерден полиция тарабынан кармалып кеткен. Март, 2022-ж.

“...Мен бул нааразылык чарасына бара жатканымда, анын аягы камоо менен бүтөөрүн түшүнгөн болчумун. Биздин абалды Украинада болуп жаткан окуялар менен эч салыштырууга болбойт. Жада калса атайын убактылуу тергөө абагы (СИЗО) да жөн эле бала бакчадай сезилет. (Украинадагы) турмуш чындыгын алсак, анда – согуш жүрүүдө; ал эми согуш менен эч нерсени салыштырууга болбойт.

...Мен 4-мартта атайын тергөө абагынан чыгып, кандай демес, тим эле жиндиканага туш келгендей эле болдум. Таптакыр башка мамлекетке тушуктум, деп айтууга да болот. Баары жоктун баары ого бетер азаптуу болуп кетти.

...Билесизби, мен психолог эмесмин, бирок, менимче, калайыкта кандайдыр бир ички чыңалуу күчөгөндөй сезилет. Алар өздөрүнө жалган айтып жатышкандыгын аңдап турушат, мунун үгүт экенин да түшүнүшөт, бирок өздөрү мындан кийин деле алданып калгылары келишет. Бул (алдануу) – жеңилирээк жана ички уйгу-туйгуну басаңдатуу үчүн оңой келет.

...Коомдо бөлүнүп-жарылуу сакталууда, бирок менимче, сергектик тез эле жаралат. Менимче, бул жагдай эң көп дегенде бир нече аптага созулат ко деп ойлойм. Орусиялыктардын олуттуу бөлүгү өз абалын жаңылыктарда жазылгандар менен салыштыра баштайт эмеспи. Мунун баары – жалган сөз жана курулай үгүт экенин түшүнчү учур келбей койбойт.

Лайсан Султангареева. 7.5.2022.
Лайсан Султангареева, Өфө (Уфа), Башкортостан. 17.5.2022.

Лайсан (Ляйсан) Султангареева, 24 жашта, коомдук тамактануу тармагынын кызматкери; Туймазы шаары, Башкортостан. Май 2022.

Согуш – бул алаамат. Мен Telegram каналдарынын биринен Путин аскердик атайын амал жарыялады деген билдирүүнү окуганда, башында эч ишенген жокмун. Мен бул маалыматты кабыл алганга чейин көптөгөн башка жаңылыктарды көрүп чыктым. Мен үчүн өтө кыйын болду. Кандайча биздин заманыбызда согуш болууга тийиш экенин түшүнгөн жокмун. Биздин мамлекетибиз эми бул чыладан таптакыр тазаланып чыга албаса керек. Бул согуш – орусиялыктардын атынан жүзөгө ашырылып жаткан согуш эмес. Ал эми орусиялыктардын көбү, мен ишенем, согушту эч каалашкан эмес.

...Ошол учурда менин колумдан келчү чара – бул өз шаарымдагы нааразылык пикетке чыгуу эле. “Путинге – жок, согушка – жок!” деген плакаттын жазуусу менин көөдөнүмдө өзүнөн өзү пайда болду. "Путинге – жок!" дейбиз, анткени бул согушту анын өзү баштаган.

[30-бет, 7-шилтеме: Башкортостандын Туймазы райондор аралык соту Султангареевага 2022-жылы 11-апрелде согушка каршы пикетке чыккандыгы үчүн "куралдуу күчтөрдү жаманатты кылуу" беренеси боюнча 30 миң рубль каржылык айып салды. Ал ошондой эле 25-апрелде (2022-жылы) уюштурган экинчи пикети үчүн 35 миң рубль каржылык айыпка жыгылган.]

Пермдик Иван Коретников.
Пермдик сүрөтчү Иван Коретников.

Иван Коретников, 83 жашта, сүрөтчү. Пермь шаары, Пермь чөлкөмү. Май 2022-ж.

...24-февраль – алигиче жадымда жакшы турат. Бул окуя көктөн чарт жарылган чагылгандай эле болду. Президентибиз мындай барып турган акмакчылыкка барат деп эч ойлогон эмесмин. Мен мынчалык көп согуштарды баштан өткөрөм деп эч ойлогон эмесмин. Путиндин тушунда гана ал согуштардын бир нечеси орун алды: экинчи чечен согушу, грузин согушу жана Украина менен согуш. Бул – эч кандай "атайын аскер амалы" эмес, чыныгы согуш болуп саналат.

Мен Украинадагы окуяларга күн сайын көз салып турам. Анан калса, менин жубайым – украин кызы. Ал жалпысынан Украинаны өзгөчө колдойт. Коркконум ушул: эми неберем 17 жашта, бир жылдан кийин ал аскерге чакырылат. Анан ал кайда кызмат өтөөгө жиберилиши мүм күн? Ахыркы кезең – тынчтык мезгили эмес. Аларды, сыягы, Донбасска, Херсонго, жада калса Киевге жакын жерге жөнөтүшөөрү деле ыктымал да. Бул согуш – жасалма мүнөзгө ээ, анткени бизде согушууга эч кандай себеп жок да. Эч кандай! Ооба, Орусия империясы ыдырап, тарыхта ушундай натыйжа болду. Чехословакия деле ыдырап кетти, бирок анын айынан ал (мурдагы өлкөдөгү) кишилер бири-бирине каршы атырылып чыгышкан жок да! Быякта болсо ракеталар жана танктар колдонулуп жатпайбы...

(2022-жылы) 6-апрелде мен жеке пикетке чыктым. (Алгачкы) плакатка мен мындай суроону жаздым: “Махонин, биздин аймакка өлүм тууралуу канча кара кат келди?” Махонин – биздин губернаторубуз.

Экинчи плакаттын тексти да ага даректелген: “Махонин, мүрзөлөрдө канча пермдик жоокер жатат?”

Үчүнчү плакатта “Орустар орустун канын төгүп жатышат”, деп жазылган. Өзүңүз байкагандай, менде согушка каршы эч кандай атайын чакырык жок болчу. Ураандарымда согуштун тууралыгы же туура эместиги жөнүндө эч кандай баа берилген эмес. Мен пикетке чыгууну чечтим, анткени бул – менин дареметим келчү чара.

...Таамай эле айтайынчы: азыркы тапта нагыз согуш жүрүп жатат. Тигилер болсо ушул сөздү айтуудан да коркушат. Деги, биз эмне үчүн согушууга тийишпиз? Согушууга болбойт!

Пермь шаарынын Дзержинский райондук соту мага 30 миң рубль айып салды, бирок мен айына мынчалык көлөмдө эч пенсия албайм! Чөлкөмдүк (крайлык) сот бул айыпты күчүндө калтырды, демек мен жазаны төлөшүм керек. Балдар (жарандык коомдун өкүлдөрү. – Т.Ч.) каржылык айыпты төлөөм үчүн акча чогултууну чечишкен. Көрсө, алар мага 61 миң рубль акча которушкан экен. Бул акча – башкаларга чегерилген айыптарды төлөө үчүн да жетиштүү.

Путин орус элинин денесинин эң азаптуу жараатын басып алды. Бул – согуш. Бул үчүн Орусия аны эч качан кечирбейт, ошондуктан орус президенти бул “согуш” сөзүн айтуудан да сестенет. Кырдаал – ушундай: эгерде Украина жеңсе, анда Путин кулайт.

Владимир Данилов
Владимир Данилов, Йошкар-Ола шаары, Марий Эл Республикасы.

Владимир Данилов, 55 жашта, балдар оюн-зоогунун уюштуруучусу. Йошкар-Ола, Марий Эл Республикасы. Июн, 2022-ж.

...2014-жылы “Согушка жол жок” деген плакат менен пикетке чыккам. Мен – согушка караманча каршымын. Ошондо да (согушту) колдогондор көп болчу.

...Менин украиндер менен байланышым абдан көп. Советтер Бирмдигинин тушунда мен Украинанын бардык жерлерин кыдырып чыктым: мен Киевде жана Закарпатьеде болгом... Украинадагыдай башка эч бир жерде жоокерлерге жагымдуу мамиле жасалган эмес. Ошондуктан, албетте, азыркы жагдай жүрөк сыздатып жатат. Мен ал жакта (б.а. Украинада. – Т.Ч.) нацисттер бар экенине эч ишенбейм.

[87-бет, 36-шилтеме: 2022-жылдын 6-июлунда Орусиядагы Йошкар-Ола шаардык соту Владимир Данилов мырзага “куралдуу күчтөрдү жаманатты кылганы үчүн” деген доо боюнча 30 миң рубль айып салган.]

Маскөөлүктөр көчөлөргө чыгышты. 24.2.2022.
Орусиянын Украинага кеңири өлчөмдөгү согушу башталган күнү маскөөлүктөр “Путин – Нюрнбергге (өткөрүлсүн)! Согушка жол жок!” деген сыяктуу ураандар менен көчөлөргө чыгышты. 24.2.2022.

Корутунду сөз

Китепте жекече баяндарын маек аркылуу чагылдырган орусиялыктардын башкы мүдөөсү – Украинага каршы баскынчыл согушту дароо токтотуу.

Эми, баскынчыл согуштун жаңы сереси эки жыл беш айдан өтүп бара жаткан чакта, 2022-жылы февралда “төрт-беш эле күндүн ичинде Киевди багындырып алабыз” деген өздөрүнө өздөрү корстон болгон далай орусиялык төбөлдөрдүн жана алардын үгүтчүлөрүнүн жели чыгып турат. Далай карапайым орусиялыктар, өз пикирлерин ачык айта алышпаса да, ичтеринен бул 40 орусиялыктын согушка каршы чакырыктарын колдоп жатышса керек.

Алсу Курмаш жана башка журналисттер бул китепте эч нерсени бурмалашкан эмес. Маектер – чыныгы баарлашуу, каарман орусиялыктардын дил баяны болгон.

Алсу Курмаш. 01.4.2024.
Алсу Курмаш Казан шаарындагы сот жүрүмүндө. 01.4.2024.

Демек, дал ушул китеп үчүн анын катардагы гана редактору Алсу Курмашты жазага тартуу – путиндик режимдин өзүнө тарыхый жаза болуп калмакчы.

Тилегибиз – Алсу Курмаш карындашыбыз тез арада акталып, аман-эсен өз үй-бүлөсүнө кайтып келсе экен!

Биз сенин сынбас эркиңе толук ишенебиз, Алсу!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG