Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбдө Сауд Арабияга барды. Кийинчирек ал Саудиянын де-факто лидери, ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолугушмакчы. Падышалык Орусия Украинага кол салгандан бери согуш туткундарын айырбаштоого арачы түшүп, өткөн айда Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүн өткөргөн.
Ал эми шейшембиде Жидда шаарында америкалык жана украиналык расмий делегациялардын кездешүүсү өтмөкчү. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф сүйлөшүүлөргө чоң үмүт артарын билдирди.
“Биз сезилерлик прогресске жетебиз деген ишеним менен баратабыз”, - деп айтты дипломат Fox News менен маегинде. Ал ошондой эле кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, Зеленский ушул жумада кен байлыктар тууралуу келишимге кол коюу үчүн АКШга кайтып барат деп үмүттөнөрүн, “оң ишараттар байкалып жатканын” кошумчалады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Сауд Арабияга жол тартып жатып, мындай оптимисттик маанайды колдоп, бирок кен байлыктар боюнча келишимдин айрым деталдарын тактоо зарылдыгын билдирди.
Зеленский Жиддадагы сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирген.
Киевдин делегациясынын курамына Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига, Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак жана коргоо министри Рустем Умеров кирет.
Ал эми америкалык делегацияда Уиткофф жана Рубиодон тышкары Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц бар экени кабарланды.
Бул сүйлөшүүлөр Украинада үч жылдан бери уланып жаткан Орусиянын согушун токтотууга багытталган.
АКШ Киевдин негизги аскердик өнөктөшү катары согушту тез арада токтотууну көздөп, Москва менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Бир ай мурун АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Ак үй Украинага аскердик жардам берүүгө даяр деп, бирок ал үчүн өлкөдөн сейрек металлдарды сураган.
28-февралда Зеленский Ак үйдө Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс менен журналисттердин көзүнчө талашып-тартыша кетишкен. Араздашуудан кийин Зеленский сейрек кездешүүчү кен байлыктар тууралуу келишимге кол койбостон Ак үйдөн чыгып кеткен.
Ошондон кийин Вашингтон Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү жана чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотуп койду.
Шерине