"Азаттыктын" кабарчысы согушка азгырган ортомчуларга чыгып, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдүн тайпасына кошулду. Бул макалада борбор азиялыктарды согушка азгыруу жолдору тууралуу жана Орусия менен келишим түзгөндөрдүн окуялары баяндалат. Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандар жоопко тартыларын эскертебиз.
Жогорудагы сүрөттөгү аскер формачан адамдардын басымдуу бөлүгү борбор азиялыктар. Коопсуздук маселесинен улам биз алардын жүзүн ачык жарыялай албайбыз. Сүрөттү бизге Украинанын Донецк облусунда Орусия тарапта согушуп жаткан казакстандык Аман жиберди.
"Бул өлүмдү көздөй жол экен. Мен февраль айында Москва облусу аркылуу Коргоо министрлиги менен келишим түзүп келгем. Эки айдай аскердик даярдыктан өттүк. Автомат кармаганды үйрөтүштү. Биз бул жакка келерде коргонуу максатында турасыңар деп айтышкан. Бирок алдынкы катарга салып берип коюшту. Качан өлөрүңдү гана күтүп отурасың. Ошондуктан дагы бир жолу айтам, бул өлүмдү көздөй жол. Мен өзүм үйлөнүп, ажырашкам. Балдарым жок. Жыл башында дарыгерлердин шалаакылыгынан бир тууган агам комага түшүп калды. Көп өтпөй ал каза болду. Өлүмдү ошондо түшүндүм окшойт. Келишим түзүп, келе бердим. Казак, кыргыз, тажик балдарды көп жолуктурдум. Акчанын кулу болдук баарыбыз. Убада кылынган акчаңды берет экен. Бирок анын баасы өтө кымбат болду. Бул жакта көмүлгөнү канча. Аларды туугандары издеп, тирүү деп күтүп жүрөт. Сөөктөр болсо ушул жерде эле калып кетти".
"Өткөндө тажик бала менен сүйлөшүп отурам. Ал бул жактан ок жеп, госпиталда дарыланып, кайра согуш талаасына келди. Өлбөгөн кишини оңой менен кое беришпейт экен. Ошол бала чогулган акчага, ок тийгени үчүн алган каражатка да Орусиядан үй алдым деп мактанып отурду. Апасы үйдүн ичине эмерек издеп жатканын айтты. Дагы бир жолу ок жесе, ал эмеректерди деле алып коерун тамашалады. Москванын Таганск деген району бар. Ал жерде балдар аянтчасы бар. Мен ошол жерде кароолчу болуп иштечүмүн. Акчам деле жетчү. Ал райондо мигранттар көп жашайт. Кыргыздардын балдарын ойнотуп жатканын көп көрчүмүн. Азыр ошол элестер көп келет. Балдардын ойноп жатканы, фонтандын үнү... Менден сурагандардын баарына келбегиле деп айтып атам. Короо шыпыр, үй кур, бирок келбе. Келсең, өлгөнгө даяр бол. Мен тирүү кайтпасымды билем".
Бул Орусиянын Коргоо министрлиги менен аскердик келишим түзүп, согушка кеткен жүздөгөн учурлардын бири гана. Аскердик келишимге борбор азиялык мигранттар эмне себептен макул болот? Аларды согушка чакырган ортомчулар кантип азгырат?
"Миллиондорду убадалайбыз"
Өткөн аптада Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Коргоо министрлиги менен аскердик келишим түзгөн жарандарга 1,9 миллион рубль акчалай төлөм убадалаган токтомго кол койду. Токтом 23-июлдан тарта ишке ашаары жана каражат аскердик кызматка шаардык тандоо пункту тарабынан тандалган аскер кызматкерлерине бериле турганы белгилүү болду.
Бул кабардан кийин эле борбор азиялык мигранттар көп отурган тайпаларда Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө чакырган жарнамалар пайда болду. Жарнамада көрсөтүлгөн номерлердин бирине байланышып, келишим түзүүгө макул экендигимди айттым.
"Аял кишилерди албайбыз. Азыркы убакта аялдарды кабыл албайбыз. Бир гана эркектер. Путин өз сөзүндө жалаң эркектерди алгыла деп айткан. Келишим бир гана эркектер менен түзүлөт. Убада кылынган акча төлөнөт. Бир ай ичинде акчаны толугу менен беребиз. Алдабайбыз. Эркек киши эки миллион рублдан ашык акча алат. Сиз эмес, эркек киши".
"Азаттыктын" кабарчысы: Биз агам экөөбүз кызыгып атканбыз. Эгер мага болбосо, агам өзү барам деп атат. Ал ошондо эки миллион алабы?
"Андан да көп. Угуп тур, 1,9 миллионду Москва бийлиги төлөйт. Келишим түзгөн күндөн тарта бир ай ичинде алат. Коргоо министрлиги 195 миң рубль берет. Учак билеттерин алып беришет. Тосуп алып, жайгаштырышат".
"Азаттыктын" кабарчысы: Менин агам бирок орус жараны эмес. Кыргызстандан келген мигрант да.
"Мендеги мигрант балдар Москва облусу аркылуу кетип жатат. Мына жакында эле тажикстандык жигит кетти. Бирок, көп документ чогултуу керек. Силер Орусияда мыйзамдуу жүргөнүңөр тууралуу кагаздардын баары керек. Анткени жарандыкка да тапшырылат. Мигранттарга Москва облусу аркылуу бир аз азыраак төлөнөт".
"Азаттыктын" кабарчысы: Кыргыздар болгонбу сизге кайрылган?
Менде азыр Айбек деген кыргыз киши бар. Жашы 57де. Анын документтерин кабыл алышты. Баары жакшы.
"Азаттыктын" кабарчысы: Ошондо согушка кеттиби ал?
"Согушка барат. Эки жума автомат кармаганды үйрөтөт. Андан кийин болду. Бул абдан коркунучтуу. Мен дароо эле каякка барарыңарды айтам. Бул согуш. Өлүп калышың мүмкүн. Дрондон же ок жеп өлөсүң. Баарына даяр болушуң керек. Өзүңөр ойлонгула. Мендеги балдар насыя алган, карыздары көп. Акча аябай керек. Мен бир гана ортомчу компанияда иштейм. Меникиндей бир нече компания бар. Биз кабыл алып, жарыя таратабыз. Балдардын акчасын алып бергенге аракет кылабыз".
Бир нече саат сүйлөшүүлөрдөн кийин мен Коргоо министрлиги тараптан согушка кетип жаткандардын бир тайпасына кошулдум. Ал тайпада жалпы 323 адам бар экен. Тайпадагы катышуучулардын ичинен жогорудагы аял аркылуу келишим түзүп, согуш талаасына кеткен Айбекке утур-утур чалып, байланыша албадым. Анын азыркы абалы белгисиз.
Мен кошулган бир саат ичинде согуш талаасында дайынсыз жүргөн эки адам тууралуу жарыя келди.
Мындай жарыяларга тайпадагылар деле көнө түшкөндөй. Алар өз башынан өткөн окуяларды айтып, бирде тамаша, бирде кадимки согуш тууралуу жазып жатышты. Андай жазышуулардын бири мына ушул.
Катышуучулар арасында борбор азиялыктарды издей баштадым. Он чакты адам менен байланышып, бири гана мага сүйлөп берүүгө макул болду. Тажикстандык мигрант өзүн Абдулла деп тааныштырды. Абдулла Орусиянын Рязань шаарынан согуш талаасына кеткен.
"Ким кайда барарын өзү чечет. Кайда жиберсе, ошол жакка барабыз. Башында коркуп аткам. Азыр көнүп деле калдым. Бир нече күн мурун өргүүгө келдим. Эми кайра кетем. Ар кимдин башы бар. Согушка барам деген чечимди өзү чыгарыш керек. Мен ошентип гана айтам. Мага аябай акча керек болду. Балам майып, эки буту баспайт. Акчаны баламдын дарылоосуна жумшайм деп ойлодум. Бирок чоң муктаждык болбосо барбагыла деп айтат элем. Кайра мекениңе кете албайсың, согуш бүткөнгө чейин ушул жердебиз. Бул жактагылардын баары согуш эрте бүтсө экен деп отурат. Акчаны алгандан кийин ойлогонуң ошол экен. Быйыл бүтөт деп ишенип атабыз".
"Жолдошум түрмөдөн качып, согушка кетти"
"Москвада жашайбыз. Төрт балабыз бар. Күйөөсү согушка кеткен деген сөз оор тийчү болду. Эл эл экен. Бири аны өлтүрдү, бири аны майып кылды"...
Бул жолдошун согушка жиберип, балдарын Москвада жалгыз багып жаткан кыргызстандык аял Айжаркын. Ал өзүнүн аты-жөнүн ачык айтып, согушка кеткен жолдошу тууралуу сөз козгогусу келбейт. Биздин суроолорго кыска гана жооп берип, күйөөсүнүн бул кадамын "аргасыздык" деп атады.
"Москвага келгенибизге он жылдай мезгил болду. Элчилеп биз да жарандык алганбыз. Ал учурда согуш башталарын ким билиптир. Эми азыр күйөөмдү "орус жаранысың, согушка бар же камайбыз" деп алып кетишти. Алар согушка барбаса жети жылга камалат дешти. Арга жок жөнөдү. Төрт балабызга орус бийлиги жөлөк пул берип атат. Бирок, өз каалоосу менен кетпегендиктен эл айтып аткан миллиондорду алган жокпуз. Каякка кетти, эмне менен алек, билбейм. Билгенден корком".
Айжаркын мындан башка менин суроолорума жооп берүүнү каалаган жок.
Бул катты Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кеткен теги кыргыз Азамат жиберди. Азамат орус жараны. Ал быйыл жыл башында келишимдик негизде согушка кеткен.
"Жанымда үч кыргыз бала бар. Биз алдандык. Жакшы акча алабыз деп ойлодук. Азыр орус баланын телефонунан жазып жатам. Бизге эч ким жардам бере албайт экен. Бул жактан кантип кетебиз, билбейм. Кыргыз жараны эмеспиз. Демек, Кыргызстан деле жардам бере албайт экен".
Азамат жана ал айтып аткан башка кыргыз жигиттери коопсуздугунан коркуп, толук маалымат берүүдөн баш тартышты. Алар телефону утур-утур текшерилип тураарын кошумчалышты.
Орус жарандыгын алган мигранттарды согушка салуу аракети
Орусияда орус жарандыгын алган мурдагы мигранттарды Украинадагы согушка тартуу тууралуу сөздөр көп козголо баштады.
Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинадагы согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү маселесин дагы бир ирет сунуштады.
"Контекст" Телеграм-каналы жазгандай, мындай демилге Бастрыкиндин Мамлекеттик Думага миграциялык мыйзамдарды жакшыртуу боюнча жөнөткөн сунуштарында бар.
Ал армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан мигранттарды жарандыктан ажыратууну да талап кылды.
"Атайын бөлүмдөрдүн катышуусу менен "Нелегал" деп аталган рейддерди көбөйтүп, алардын географиясын кеңейтүү зарыл. Мигранттардын жосунсуз жүрүм-турумдары тууралуу маалымат ресурстарын такай көзөмөлдөп туруу системасын жолго салуу керек. Кырдаал чындыгында бүтүндөй өлкө боюнча оор. Ошондуктан бул багытта ишти активдештирүүгө чакырам", - деди Бастрыкин.
Ал 27-июнда Петербург эл аралык юридика форумунда сүйлөп жатып, орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айткан.
Укук коргоочулар соңку кездери согушка тартылган борбор азиялыктардын саны кайрадан көбөйө баштаганын белгилеп жатышат.
“Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы:
"Ушул тапта жакынын издегендер кайра көбөйдү. Коргоо министрлиги акчанын өлчөмүн көбөйткөн сайын ага кызыгып, согушка барам деген агым пайда болот. Мигранттар жарандык алгысы келет, акча тапкысы келет. Көп учурда алар муктаждыктары үчүн буга барышат. Алар күнүмдүк тапкан акчабызга караганда көп экен деп макул болушат. Орус бийлиги да ушул нерсеге карап, манипуляция кылып жатат. Жарандыкка азгырылгандар ошол тузакка тушуп калганы өкүнүчтүү".
Бир жыл мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согуштук аракеттерге катышууга макул болгон чет элдиктерге жеңилдетилген жол аркылуу жарандык берүүнү караган буйрукка кол койгон.
Документке ылайык, Украинада согушка катышууга бир жылдык келишимге кол койгон чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жарандыкты өтө жеңилдетилген шартта алышат.
Согуш башталгыча орус жарандыгын алуу үчүн үч жылдан кем эмес кызмат өтөп, беш жылга келишим түзүшү абзел болчу. Путин кол койгон мыйзамга ылайык, аскердик комиссариаттан чакыруу жөнөтүлүп, ал аскерге милдеттүүлөрдүн бирдиктүү реестрине катталган күндөн тартып жаранга чет жакка чыгууга тыюу салынат. Чакыруу алган жаран 20 күн ичинде өз ыктыяры менен жергиликтүү аскердик комиссариатка келбесе, анда кошумча чектөөлөргө кабылат.
Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет.
Орусиянын атуулдугун алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү Москва Украинага согуш ачканда башталган. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген. Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдүн өкмөттөрү чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандары жоопко тартыларын эскертип келет.