Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгүнүн кампасында сакталып турган ракеталык отун 55 тоннаны түзөт.
24-июлдагы иш-чарада маалым болгондой, августта учак менен Германияга жеткирилип, зыянсыз технологиялардын жардамы менен жарактан чыгарылат.
Совет мезгилинен калган ракеталык отундун "Самин" деп аталган компоненти уулуу болуп эсептелет.
Союз маалынан бери сакталып келаткан ракеталык уулуу отунду жок кылуу экологиялык коркунучтарды азайтып, сактоочу жайдын айланасында жашаган 21 миңден ашуун кишинин коопсуздугун камсыздайт.
Коргоо министринин орун басары Эмил Осмонов көптөгөн башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да айлана-чөйрө менен калктын коопсуздугуна коркунуч келтирген ракеталык отундун эскирген компоненттери көйгөй жаратып келгенин айтты. Ал совет өкмөтүнөн калган уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу долбоору кантип ишке ашып келатканына токтолуп өттү:
“Сиздер билгендей, бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөр айлана-чөйрөгө да, элге да коркунуч келтирген ракеталык отундун эскирген компоненттеринин көйгөйлөрүнө тушугуп жатат. Кыргыз Республикасы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле келечек муун үчүн экологияны сактоого умтулат. Бул долбоор 2019-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна СССРден калган ракеталык комплекстин компоненттерин сыртка чыгарууга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуудан башталган. Андан бери зарыл болгон ченемдик документтерди даярдоо, кол коюу, лаборатордук анализ жасоо жана 2021-жылы “меланж” деп аталган алгачкы компоненттерди Кыргызстандан чыгаруу жаатында чоң иштер жасалды. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен ЕККУнун жемиштүү иштешүүсүнүн натыйжасында бүгүн биз долбоордун экинчи фазасын аяктоого күбө болуп жатабыз. Ракеталык отундун “самин” компонентин утилдештирүү экологиялык авариялык кырдаалдын жаралуу тобокелдигин азайтып, уулуу каражаттарды колдонуу коркунучун жоюуга мүмкүндүк берерине ишенем”.
Утилдештирүүнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Германия, Швейцария жана АКШ элчиликтери менен биргеликте уюштурат.
Уулуу ракеталык отунду утилдештирүү атайын техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жана финансылык ресурсту талап кылат. Мындан улам кыргыз өкмөтү 2019-жылы ЕККУга кайрылып, колдоо сураган. Уюм Германия менен АКШнын каржылоосунун алкагында уулуу отун сакталган жайларды, отундун компоненттерин утилдештирүү ыкмаларын жана долбоорду аткаруунун техникалык, финансылык керектөөсүн баалап чыккан.
Кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында Коргоо министрлиги менен ЕККУнун ортосундагы ракеталык отундун уулуу компонентин утилдештирүү келишимин жактырган.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов уулуу заттарды утилдештирүү айлана-чөйрөнү жана жарандардын саламаттыгын коргоону кыйла жакшырта турганын белгиледи:
“Бул долбоор 2013-жылы Кыргызстандын жана уюмга мүчө дагы бир катар өлкөлөрдүн демилгеси менен башталган. Логистика, жүктү чыгаруу боюнча юридикалык тариздөө жана ишенимдүү өнөктөш табуу жаатында көптөгөн иштер жасалды. Акыры келип ушул өтө уулуу жана кооптуу затты Германиянын аймагында жок кылуу боюнча соңку стадиясына да келип жеттик. Бул экинчи стадиясы. Биринчисинде 155 ракеталык отундун меланж компоненти утилдештирилген. Самин боюнча бир аз башкача болот: ал толук жок кылынышы керек. Меланж – өтө уулуу жана кооптуу зат, аны максатсыз иштетүү айлана-чөйрөгө да, Кыргызстандын калкына да абдан оор кесепетин тийгизмек. Ошондуктан аны мүмкүн болушунча бат жана ишенимдүү жок кылуу өтө маанилүү”.
Расмий маалыматтарга ылайык, ракеталык отундун самин компоненти буга чейин Коргоо министрлигинин Новопавловка айылындагы №97632 аскердик бөлүгүндө жарым-жартылай көмүлгөн үч цистернада сакталып келген. СССР мезгилинде өндүрүлгөн бул отун мөөнөтү эскирип кеткендиктен, заманбап стандарттарга төп келбейт. Аны "эскилиги жеткен жана калктуу конушка жакын жайгашкан резервуарларда сактоо айлана чөйрөгө жана коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратат" деген эксперттик корутунду бар.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун долбоорлорду колдоо боюнча кеңешчиси Нора Ванага ракеталык отундун самин компонентин Борбор Азия чөлкөмүндө же Орусияда утилдештирүүгө технологиялык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз экендигин айтат. Мындай шарттар Германияда жана Скандинавия өлкөлөрүндөгү адистештирилген заводдордо гана бар. Буга чейин утилдештирилген меланж компоненти аба үчүн бир кыйла уулуу болчу, бирок самин дагы жер астындагы сууларга сиңип кетчү болсо, өзгөчө кооптуу жагдай жаралат дейт адис:
“Биз самин кандай абалда экенин билиш үчүн лабораториялык анализдерди жасаганбыз. Германиядагы завод өрттөп жатканда анын эмне экенин жана кандай абалда экенин билиши керек. Лабораториянын корутундусунда саминдин чындап эле эски экени, колдонууга жарабай турганы, бирок коргоодо сакталып келаткандыктан радиоактивдүүлүгү туруктуу экендиги жазылган. Алдыдагы эки жума ичинде биз саминди чоң резервуардан чакан идиштерге куюп алабыз. Анан августтун этегинде бардык идиштерди “Манас” аба майданына алып барып, кичинекей учактарга жүктөйбүз дагы, Германияга жеткиребиз. Германияда аларды өрттөй турган атайын жабдыктар бар. Көлөм анча деле чоң эмес - 55 тонна, менимче, бир күндө эле өрттөп салышат. ЕККУ подрядчы кылып бул жаатта көп тажрыйбасы бар “Гринвей” компаниясын жалдап алды. Алар БУУнун коопсуздук стандарттарына ылайык келген атайын идиштерге (челектерге) салып, ташып кетишет”.
Самин – контейнерлерде сакталган атайын ракеталык отундун өтө уулуу компоненти. Убакыттын өтүшү менен анын сапаты начарлап, айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирет. Коргоо министрлигинин атайын аскердик сактоочу жайы Бишкектин четиндеги Новопавловка айылынан болгону 200 метр алыс жайгашкан. Бул заттын төгүлүшү турак жайларга, жер бетиндеги жана жер астындагы суу агымдарына, жолдорго коркунуч туудурушу мүмкүн.