Орусияда Украинадагы согушка биринчи кезекте орус жарандыгын алган мигранттарды жиберүү дагы бир ирет сунушталды. Буга чейин Коргоо министрлиги аскердик контракт түзүү үчүн берилген каражаттын өлчөмүн көтөргөн. Орусия борбор азиялыктарды согушка жиберүү үчүн тузагына кантип илип жатат?
Чүй облусунун Новопавловка айылында Совет мезгилинен калган акыркы ракеталык уулу отун жок кылынат.
Украинада Орусиянын соккуларынан дагы бир нече кишинин өмүрү кыйылды. Фронтто орус аскерлери украиндердин курал-жарак камсыздоосу үчүн маанилүү жолду бөгөттөө аракетин уланытп жатышат. Украина маселеси Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да көтөрүлдү
Израилдин өкмөт башчысы АКШ Конгрессинин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жатканда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нитаньяху 24-июлда АКШ Конгрессинин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жаткан маалда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты. Нитаньяху АКШ менен
Ошто мурдагы төрт жетекчи кармалып, алар эки айга камакка алынды, шаардык кеңештин депутатына издөө жарыяланды. Улуттук коопсуздук кызматы кармалгандарга сел сууларын агызууга бөлүнгөн жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенине байланыштуу айып тагылганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктайт.
29-июнда, Ноокат районунда жана Абшыр-Ата эс алуу аймагында сел жүрүп, адам өлүмүнө алып келген окуя катталган. Селден 14 адам каза болгон. Алардын көбү балдар жана өспүрүмдөр. Селдин очогу Абшыр-Ата айылы болгон.
Израил Газанын бир нече аймагында чабуулдарын улантууда. Дүйшөмбүдө 70, андан бери дагы жыйырмадай кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу келишими даяр боло баштаганын билдирди.
Дагы жүктөңүз