Израил Газада ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобуна каршы согушту улантууда. Тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси ишембиде Дейр ал-Балах шаарында бомбалоодон бери дегенде 30 палестиналык өлгөнүн, эртеси Хан-Юнисте турак жайга урулган соккудан 10 киши, арасында төрт айлык наристе мерт кеткенин билдирди.
Ал арада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия палестиналыктарга жардам берүү үчүн Израилге кириши мүмкүн экенин эскертти.