Бийликти сындап жазган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду. Жогорку сот ушул эле берене менен кине коюлган Төрөкулованы абакта калтырды. Орусиянын чабуулдарынан Днепрде кеминде төрт киши мерт болду.
4-июлда облуста аза күтүү жарыяланды. Шаршембиде таңга маал Орусиянын чабуулдарынан Днепрде беш киши набыт болду, 27 киши жараат алды. Орусия Белгород, Брянск, Москва облусунун үстүнөн дрондор, Кара деңизде эки экипажсыз катер жок кылынганын билдирди.
Бишкекте “Тез жардамдын” кызматкери сабалды деген окуя Ленин райондук милициясында тергеле баштады. 30-июнда социалдык тармакта көп кабаттуу үйдүн алдында эс учун жоготуп жаткан дарыгердин видеосу тараган. Алдын ала маалымат боюнча ал ошол үйгө чакыруу менен келген.
Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган 55 жаштагы казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон. Журналистке кол салуу үчүн эки казакстандык жаран шек саналууда.
Чолпон-Атада БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукту. Киевде кол салууга кабылган казакстандык журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Бишкекте “Тез жардамдын” дарыгери менен шаар тургунунун чырын Ленин райондук милициясы тергей баштады.
Каракалпакстан автоном республикасынын суверендүүлүгү жана Өзбекстандын курамынан чыгуу тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы митингдерди бийлик күч менен басып, аягы кандуу калабага айланган Нукус окуяларына туур эки жыл болду.
Францияда жүздөгөн адамдар 1-июлга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирип көчөгө чыкты.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Акыркы эки жумада суу ташкынынан өлкөдө 10дон ашык кишинин өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, бир катар аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.
Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында селге байланыштуу чукул кырдаал киргизилди. 20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапканы кабарланды.
Ноокат районунда 28-июнда жүргөн сел 10 кишинин өмүрүн алды. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 30-июнда Кара-Кулжа районунда да төрт адамды сел алып кетти. Акыркы эки жумада селден жалпы 15тей кишинин өмүрү кыйылды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы 28-июнда Ноокат районундагы селден алты киши каза болгонун билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, аларды суу агызып кеткен.
Дагы жүктөңүз