Орусиянын Курск аймагында украин аскерлери алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрдын аягында башталары маалымдалды.
Орусиянын Курск аймагында украин күчтөрү алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Бул тууралуу украин бийлиги билдирсе, эл аралык басылмалар корейлердин арасында жоготуулар бардыгын жазды. Пхеньян Орусияга жиберген 12 миңдей аскердин көбү Курск облусуна түшкөнү буга чейин кабарланган.
АКШдагы президенттик шайлоодо мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп жеңди. Дүйнө лидерлери аны жеңиши менен куттуктай башташты. Трамп өзү америкалыктарга ыраазычылык билдирип, алдыга озуп чыгышын “мурда-кийин болбогон жеңиш” деп атады.
Бишкекте Эрдоган менен Жапаров менен жолукту. АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат. Сот депутаттыкка талапкер Б. Дүйшөналиевди тил кат менен камактан бошотту. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сот жообуна тартылып абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрө турганын билдирди.
Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат. Кечээ кечинде талапкерлер кампанияларын жыйынтыктап, акыркы жолу добуш берүүчүлөрдү ынандыруу аракетин көрүштү. Маалыматка караганда, 80 миллиондой киши алдын ала добуш берди.
Режеп Тайып Эрдогандын мамлекетик сапарында президент Садыр Жапаров Түркия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүн 5 млрд долларга жеткирүү үчүн Анкарадан экспорттук товарларга жеңилдик сурады. Президенттердин жолугушуусунда Гүлен кыймылы, “Маариф” мектептерин көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.
Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы, алдын ала санактар боюнча, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Майя Санду жеңишке жеткенин кабарлады. Бүгүнкү күндө добуштардын 98,9% саналып бүттү.
2022-жылы Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу Казакстанга качып чыгып, кийин Европага кеткен бир нече орусиялык жаран “Кош бол, курал!” уюмуна бирикти. Франциядан башпаанек сураган бул адамдар Орусия Украинага кол салганын, мындай шартта дезертирлик үчүн уялбаш керектигин айтып чыгышты.
2022-жылы Техас штатындагы Эл-Пасо шаарын мигранттар каптаганда аларды чек арада кабыл алууга катышкан чек ара кызматынын мурдагы өкүлү эми келгендерге жардам көрсөтө баштады. Майкл Дебрюль жергиликтүү чиркөө менен бирге мигранттар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай түзгөн.
Бишкекте 1-ноябрда кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси шаан-шөкөт, парад менен белгиленди.
Украина Орусиянын кезектеги чабуулунан ондогон кишиси жараат алганын, бир баланын өмүрү кыйылганын билдирди. 31-октябрга караган түнү Харьков шаарындагы кабат үйлөрдүн бирине аралыктан башкарылуучу бомба түштү.
Президент Садыр Жапаров беш генералды наамынан ажыратканы белгилүү болду.
Дагы жүктөңүз