Украинадагы урушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланып жатканы менен согуш тилкесинде кырдаал өзгөргөн жок. Украин армиясынын жекшембидеги маалыматына ылайык, соңку бир сутка ичинде Украина менен Орусиянын күчтөрүнүн ортосунда кеминде 148 куралдуу кагылышуу жана атышуу болду.
Маалыматка ылайык, негизги салгылашуулар Украинанын Покровск шаарынын айланасында жүрүп жатат. Бул багытта украин тарап бир суткада орус күчтөрүнүн 36 чабуулунун мизин кайтарды.
Соңку бир күн ичинде Орусиянын Курск облусунда кеминде 19 куралдуу кармаш болгону, орус армиясы украин позицияларына ондогон жолу абадан сокку уруп, 240тан ашуун снаряд учурганы расмий маалыматта айтылат.
Бир күн мурда украин президенти Владимир Зеленский Украинанын Курскидеги операциясы өз максатына жеткенин, акыры Орусия Донбасстагы күчтөрүнүн бир бөлүгүн чыгарып кетип, күчүн Курскини бошотууга сала баштаганын айткан. Бирок ал Курск облусундагы саналуу аймакты көзөмөлдөп турганы кабарланган украин күчтөрү курчоодо калды деген маалыматты четке какты.
“Украин тараптын аскерлери Курскиде жүрөт. Украин армиясы курчоодо калды деген сөз Путиндин калпы. Курскиде украин армиясы курчоодо калган жок", - деди Зеленский.
Орусиянын Коргоо министрлиги Курскиде украин күчтөрүн “талкалоо” аракети уланып жатканын, соңку бир суткада бул аймакта Украина 200дөн ашуун аскеринен, далай аскердик техникасынан ажыраганын билдирди.
Согуш маалында жоготуулардын, жабыркагандардын так санын көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.
Украин аскерлери былтыр августта Орусиянын аймагына кирип барып, 1300 чарчы чакырым жерди ээлешкен. Киев бул операцияны өз аймагын коргоо максатында жүргүзгөнүн, болочок сүйлөшүүлөрдө көзүр катары колдонгусу келгенин билдирген. Кийинчерээк украин күчтөрү Курскидеги айрым айыл-кыштактардан чегинүүгө аргасыз болгон.
Ишемби жана жекшемби күндөрү Украина менен Орусиянын айрым шаарлары да дрон чабуулдарына туш болду.
Украин Никопол, Чернигов калаалары дрондордон тышкары артиллериялык аткылоого кабылды. Никополдо 70 жаштагы аял снаряддан каза тапканын жергиликтүү бийлик маалымдады.
Мындан тышкары Орусиянын Белгород, Ростов жана Воронеж аймактары да украин тараптын дрон чабуулуна туш болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтып чыгышты.
Дипломатиялык жүрүштөр
Аткылоолор жана аба соккулары уланып жаткан маалда 15-мартта Европанын бир катар өлкөлөрүнүн, Канаданын, Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын лидерлери онлайн жыйынга чогулушуп, Украинадагы согушту жөнгө салуу жолдорун талкуулашты.
Ага АКШнын жогорку жетекчилиги катышкан жок. Видео жыйынга украин лидери Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да кошулду.
Виртуалдык сүйлөшүүдөн кийин британ премьер-министри Кир Стармер басма сөз жыйынынын өткөрүп, АКШ сунуштаган ок атышууну токтотуу келишимине орус президенти Владимир Путиндин “ооба, бирок” деп жооп бергени “жетишсиз” экенин айтты.
“Эгер Путин тынчтык жөнүндө олуттуу сөз кылып жаткан болсо, анда өтө жөнөкөй. Ал Украинага жапайычылык менен сокку урганды токтотуп, ок атышпоо келишимине көнүшү керек. Дүйнө карап турат. Менин баамымда, эртеби, кечпи, ага сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга жана олутуу талкууга катышууга туура келет”, - деди ал.
Ошондой эле британ премьер-министри белгилегендей, жыйынга чогулган лидерлер Орусияга басымды күчөтүүнү, Украинага аскердик жардам берүүнү улантууну, Путинди сүйлөшүүлөр үстөлүнө алып келүү үчүн орус экономикасын алсырата турган чараларды күчөтүүнү макулдашты.
Ал ошондой эле Батыш өлкөлөрү Украинага тынчтык орното турган келишимди “коргогонго” даяр болушу керек экенин айтып, 20-мартта Украинанын коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөндөрдүн коалициясы Британияда жыйынга чогула турганын кошумчалады.
Батыштын талабы, Орусиянын жообу
11-мартта Сауд Арабиясында АКШ менен Украинанын делегациялары сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгында расмий Киев ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча Вашингтондун сунушуна макул болгон.
Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында АКШнын делегациясын жетектеп барган мамлекеттик катчы Марко Рубио Украина позитивдүү кадамга барганын, эми кезек Орусия тарапта экенин белгилеген.
Рубио Кошмо Штаттар Орусия да ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болоруна үмүттөнөрүн, эгерде "жок" деген жооп болсо, анда "тынчтыкка ким тоскоолдук жаратып жатканы" билинерин кошумчалаган.
Аны улай АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барып, бул маселени Путин менен талкуулаганы белгилүү болгон.
13-мартта Путин Орусия ок атышууну токтотуу жөнүндө идеяга макул экенин, бирок “айрым жагдайлар” бар экенин айткан.
"Биз согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунуштарга макулбуз, бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачкан жана кризистин баштапкы себептерин жок кыла тургандай болушу керек деп эсептейбиз", - деп айткан орус президенти.
Мындан тышкары Путин НАТО күчтөрүн Украинага жөнөтүү демилгеси кабыл алынгыс экенин айткан.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жергиликтүү гезиттерге курган соңку маегинде Украинага чет элдик бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу маселесине Орусиянын вето коюу укугу болбошу керек экенин билдирди. Ал Украинада ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу кабыл алынса, бир нече миңдей бейпилдик күчтөрү ар кайсы аймакка бөлүштүрүлүп жайгаштырылышы мүмкүндүгүн белгиледи.
“Украина суверендүү өлкө. Эгер ал союздаш күчтөрдүн өз аймагында турушун сурана турган болсо, анда бул Орусия кабыл алчу же кабыл албай турган маселе болбойт”, - деди ал 15-мартта жарыяланган маегинде.
Буга чейин бир катар европалык жана башка мамлекеттер Украинага тынчтык күчтөрүн жайгаштырууга макул экенин билдиришкен. Бирок азырынча мындай бейпилдик күчтөрүнүн ыйгарым укуктары тууралуу Европа лидерлеринде орток пикир жок экени кабарланып келет.
Шерине