Ашхабадда күйөөгө чыга электерге ишке сары жоолук салынып келиши керек деген талап коюлган. Алар эмнеге мындай талап коюлганын сурашканда жетекчилери жөн гана ийинин куушуруп, буйрук "жогору жактан" келгенин айтышкан. Кызыгы, турмушка чыккан аялдар болсо жумушка сары көйнөк кийип келүүгө милдеттүү.
Эреже бузгандар иштен айдалары эскертилген.
Бул эрежелер Түркмөнстанда расмий мыйзамдаштырылган эмес. Бирок аткарылбаса олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай талаптардын тизмеси күндөн күнгө узарып барат.
Түркмөнстанда, өзгөчө борбор калаа Ашхабадда, автоунаалар ак же ачык түстө болушу керек. Имараттардан кондиционер көрүнүп турса болбойт. Ал эми аялдар салттуу кийим-кече кийип жүрүүсү абзел. Жаш курактагы эркектерге сакал коюуга тыюу салынган.
Борбор Азиянын башка аймактарында да сакал өстүрүүгө де-факто тыюу салынган.
Прагадагы Карлов университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Славомир Хорак "Азаттык" радиосуна билдиргендей, "бул "эрежелер" мыйзамдуу документтерге негизделген эмес."
"Көп учурда алар президенттин же анын үй-бүлөсүндөгү бирөөнүн билдирүүсүнө, эскертүүсүнө же "сунушуна" негизделет", - дейт Хорак.
Түркмөнстанды 2022-жылдын март айынан бери президент Сердар Бердымухамедов башкарып келет. Шайлоо күнү жаш саясатчы добуш берүү бекетине 72 97 деген номерлүү унаа менен барган. Кийин ал 72,97% добуш менен жеңүүчү деп жарыяланган.
43 жаштагы Сердар мурунку президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Атасы өлкөнү 2006-2022-жылдары башкарган, бирок азыр деле негизги чечим кабыл алуучу фигура бойдон калганы кабарланып келет.
Түркмөнстандын баш калаасында бир кезде телевизорлордун спутник антенналарына дагы тыюу салынган. Ошол кездеги президент Гурбангулы Бердымухамедов алар "шаардын көркүн бузуп жатканын" айткан. Серепчи Хорак "Азаттыкка" белгилегендей, жергиликтүү полиция үчүн бул билдирүү жетиштүү болгон.
“Кызматкерлер муну буйрук катары кабыл алышкан” - деп түшүндүрөт Хорак.
Буга чейин кийим-кечеси боюнча ансыз да бир катар чектөөлөргө кабылып келген аялдар жоолук тагынуу жөнүндө көрсөтмөгө чындап нааразы болушту.
"Бул качан токтойт? Аялдардын ар-намысын басмырлоо качан аяктайт?" – дейт түркмөнстандык аялдардын бири "Азаттыктын" түркмөн кызматына.
Ал өз аты-жөнүн ачык атабоону суранган.
Мамлекеттик кызматта иштеген аялдарга буга чейин макияж жасоого, чапташкан тар көйнөк кийүүгө жана чачын сары түскө боёого тыюу салынган.
"Түркмөнстан аялдар бирикмеси" кийимге байланыштуу акыркы талап боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген жок.
Хорактын айтымында, Түркмөнстанда мындай эрежелер негизи Совет доорунан калган. Ошону менен катар 2006-жылы каза болгон биринчи президент Сапармурат Ниязов дагы ушундай чектөөлөрдү жакшы көрчү.
"Бирок бул көрүнүш Бердымухамедовдор династиясында эң жогорку чекке жетти", – деп белгилейт изилдөөчү.
Азырынча түркмөн аялдарынын кийими үчүн белгилүү бир түстөрдүн тандалышынын себеби боюнча так маалымат жок. Кээ бирөөлөрдүн айтымында, Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы менен эже-карындаштары сары түстү жактырышат.
Байкоочулардын айтымында, Сердар Бердымухамедов бийликке келгенден бери үч жыл ичинде Түркмөнстанда айрым оң өзгөрүүлөр байкалууда. Алардын катарына пахта теримге күчтөп иштетүүгө каршы чара көрүүгө даярдык жана калкты каттоо боюнча маалыматтарды жарыялоо кирет.
Ошентсе да Түркмөнстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан жана авторитардык мамлекеттердин бири бойдон калууда. Сырты жалтырак шаарлар менен курорттордон тышкары жакырчылык күчөп, элдин жашоо деңгээли төмөн бойдон. Жаратылыш газы мол болгонуна карабастан, өлкөдө орточо киреше күнүнө болгону 2,40 доллардын тегерегин түзөт.