Экс-президент Жээнбековдун тушунда сот жана күч тармагын көзөмөлдөгөнү айтылган Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип камалды. Парламентте Министрлер кабинетинин төрагасы Улугбек Мариповго ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү. АКШ жана Орусия президенттери мамиле чыңалган маалда жолугушту.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканы расмий жарыяланды. Соңку бир сутка ичинде вирус расмий аныкталгандардын эсеби 700дөн ашып, акыркы айлардан берки эң жогору көрсөткүч болду. Пандемия башталган бир жыл ичинде илдеттин курмандыктары 1 916га жетти. Адистер чынында ооругандар жан
Жалал-Абадда коронавирус тездик менен жайылууда. Жергиликтүү бийлик той-аштарга чектөө киргизүү жагын карап жатат. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү бейтаптарга толуп, кошумча стационар ачылып жатат.
Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат. Бейтапканаларда орундар толуп, эки күндүзгү стационар иштей баштады. Алардын бирине эле күн сайын 500дөй киши кайрылууда. Бийлик абалды "курч" деп баалады. Бирок шаардыктардын санитардык талаптарды сактаганы байкалбайт.
Кыргызстанда сентябрдан баштап электр кубатын кымбаттатуу пландалууда.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.
Кыргызстанда соңку эки күндө эле жол кырсыгынан 15 адам ажал тапты. УКМК парламент депутаты жасалма диплом колдонгону аныкталганын билдирди. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу эскпертиза дайындалды.Коронавирустан улам Санкт-Петербург жана Москвада чектөөлөр киргизилди.
83 миллион калкы бар Түркиядада 14 миллионго жакын жаран коронавируска каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.
Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматов кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал коррупциялык схема түзүп, эбегейсиз мүлк топтогонун билдирди. Бажычыга “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюлду.
Дагы жүктөңүз