Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматов кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал коррупциялык схема түзүп, эбегейсиз мүлк топтогонун билдирди. Бажычыга “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып коюлду.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда ФЕТО кыймылы боюнча маселени козгоду.
Дүйнөлүк банк кезектеги баяндамасында Европа менен Борбор Азиядагы экономикалык туңгуюк тууралуу эскертти.
Кыргызстан жана Түркия президенттери Анкарада жолугушту. Бул - Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары.
Парламенттик шайлоо кийинки жылы жазында өтүшү ыктымал. "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды дале табыла элек. Пакистанда эки жүргүнчү поезд кагылышып, ондогон киши набыт болду.
Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга барды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги чыңалууну чечүү үчүн коңшу өлкөкөнүн коопсуздук комитетинин башчысы менен жолугаары айтылууда. Бул арада Ташиевди Чоң-Алайга коштоп барган вертолёт аварияга учурады.
Парламентте коррупцияга шектелип кармалган мурдагы жана азыркы чиновниктердин кимиси канча акча төлөп, бюджетке канча каражат түшкөнүн ачыктоо талап кылынды.
Вашингтон 3-июнда коронавируска каршы вакцинанын 80 миллион дозасын башка мамлекеттерге таркатып берүү боюнча планын жарыялайт.
"Кумтөр ишине" байланыштуу Кыргызстандын мурдагы президенттери да жоопко тартылышы мүмкүн экенин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты. Бишкекте "бусиктердин" айдоочулары иш таштады. Беларуста активист Степан Латыпов сот залында өзүн кекиртекке сайып, ооруканага жеткирилди.
"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда. Акыркы эки күндө Кумтөр ишине байланыштуу бир катар чиновниктер суралып, алардын айрымдары камалды. Орусияда саясатчы Андрей Пивоваров кармалды. //"Бүгүн Азаттыкта". 01.06.21//
Кумтөр иши боюнча Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камалышты. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы варианты даярдалат. Кытайда эми үч балага уруксат берилди. //"Бүгүн Азаттыкта". 31.05.21//
Дагы жүктөңүз