Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюла турган болду. Бишкек шаардык соту Жээнбеков менен Зулпукаровду камакта калтырды. Ооганстанда “Талибандын” жоочулары Тажикстан менен чектеш айрым аймактарды басып алды. /"Бүгүн Азаттыкта". 23.06.21./
Коронавирустун алгач Индияда чыккан "дельта" түрү дүйнөнүн улам бир өлкөсүндө аныкталууда. Бул штамм канчалык жугуштуу жана коркунучтуу? Андан вакциналар сактай алабы?
Түркия 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынарын жарыялады. Жергиликтүү серепчилер чет жактан келген туристтерден талап кылынган чаралар жетишсиз экенин айтышууда.
Бишкек шаардык соту “Кумтөр ишине” байланыштуу кармалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакта калтырды. Кыргызстанда акыркы суткада миңге жакын кишиден коронавирус аныкталды. Бул арада орусиялык туристтерге Түркияда эс алууга жол ачылып, авиакаттамдар кайрадан жанданды. //"Бүгүн Азаттыкта"
Ош шаарында чырдан улам атайын кызматтын ыкчам кызматкери каза болду. Шектүүлөр кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Мамлекеттик ишмер, мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал өкмөттүн кенебестиги, коомчулуктун мыйзамды сыйлабастыгы калктын саламаттыгын оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн деп эсептейт.
Нарын облусунда абал туруктуу делгени менен коронавирус илдетин жуктургандардын саны көбөйүүдө. Буга чейин өпкөнүн сезгенүүсү менен ооругандар көп катталып келсе, акыркы 10 күн аралыгынан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйгөн.
Дагы бир ири камоо. Канадалык "Центерра" компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө зыян келтирген деп мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды.
Дагы жүктөңүз