Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калды. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.
Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы эмдөөнү активдештирүү үчүн Кытайдан гуманитардык жардам иретиндеги 150 миң доза вакцинадан тышкары 1 миллион 100 миң даана вакцина сатып алды жана ал Кыргызстанга келерки шейшембиге чейин жеткирилет.
Таласта 16 жаштагы кызды эки жарым жылдан бери өгөй атасы зордуктап жүргөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Түз эфир өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал начарлаган учурга туш келди.
Кыргыз-тажик чек арасы кырдаалга жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша ачылышы ыктымал. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" билдирди. Бишкекте “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акция өттү. Парламент
Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдун жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү жасашты. Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдарга мындан ары жол бербөө
Москва бийлиги эмгек мигранттарын “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдей турган болду. Мындай чечим Орусияда коронавирус күчөп жаткан учурда кабыл алынды. Деген менен бул өлкөдө иштеген кыргыз жарандарынын вакцина маселесинде пикирлери бир кылка эмес.
Түркмөнстанда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугуп, Кыргызстан Түркмөнстандын мунай, газ, энергетика тармагындагы ишканалары менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиленди. Кечке жуук президент Жапаровдун иш сапары Тажикстанда уланды.
Америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан жарым жыл өтүп-өтпөй Кабул өкмөтү кулайт деген прогноз чыкты. Ташкент Рогун ГЭСине альтернатива сунуш кылдыбы? Орусияда коронавирустан эмделди деген жасалма сертификаттарды сунуш кылышууда.
Дагы жүктөңүз