Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Бишкек менен Ташкент Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, андагы сууну чогуу пайдаланууну макулдашты. Казакстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатат. 27-мартта бир суткада 22 бейтап көз жумду.
Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталып, медицина кызматкерлери вакцина ала баштады. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. Саламаттык сактоо министрлиги вакцинанын сапатына кепилдик берүүдө. Ошол эле кезде андан чочулагандар да бар.
Ош облусунда коронавирус жуктургандар алгач Ноокат районунда катталган. Алгач дарыгерлерге коргонуучу каражаттар жетпей, эл дүрбөлөңгө түштү. Дарыгерлер ошол учурда коркконунан ыйлаган, жумушка келбей койгон, кызыл аймакта иштеп, каза болгон кесиптештерин эскеришет.
29-мартта Kыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Ал максатта Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. Биринчи болуп Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ийне сайдырды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы толук такталганын Камчыбек Ташиев билдирди. Пандемия күчөп турганда Саламаттык сактоо министрлиги зарыл жабдыктарды үч эсе кымбат сатып алган. Түркиядагы уйгурлар Бээжиндин Шинжаң саясатына каршы акцияга чыгышты.
Бишкекте бүгүн, 26-мартта "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" электрондук китебинин бет ачары болуп өттү.
Дагы жүктөңүз