Миңдеген жагылган шам, гүлдөр, кайгы, көз жаш, майданда каза болгон аскерлердин сүрөттөрү. Украиналыктар кечээ согуштун үч жылдыгын эскеришти.
Беш жаштагы Степан апасы Ольгадан "Согуш качан бүтөт?" - деп сурап жатты.
"Уулума ким душман, ким мекендин коргоочусу экенин түшүндүрүп берем. Балдар бардыгын сезет, дээрлик күн сайын жарылуулардын добушун угушат. Бул жерге эмнеге келгенибизди, кимдин аркасы менен украин желеги астында жашап жатканыбызды билишет", - дейт Киевдин тургуну Ольга Соловьева.
Ага чейин согушта курман болгон украиналык аскерлерге дүйнөлүк жана европалык лидерлер да таазим этти.
Киевдин борборундагы мемориалда өткөн иш-чарага украин президенти Владимир Зеленский жубайы менен, Канада, Дания, Испания, Исландия жана башка өлкөлөрдүн лидерлери, Еврошаркеттин жетекчилери катышты.
Украинанын өнөктөштөрүнүн саммитине Түркия, Германия, Чехия өңдүү кээ бир мамлекеттердин жогорку өкүлдөрү видео аркылуу байланышты.
Зеленский Путиндин үч күндүк аскердик операциясынан үч жыл өтсө да Украина туруштук берип жатканын билдирди:
"Орусиянын стратегиялык бутасы - Европа, жашоонун европалык жолу жана коопсуздугу. Европанын тагдыры Европасыз чечилиши мүмкүн эмес. Украина, Европа, АКШ менен биргелешип сүйлөшүүлөр үстөлүндө Орусиянын маңдайында отурууга тийишпиз. Тынчтык орнотуу зарылдыгы абалды жөнгө салуу, мунаса табуу, мамилелерди калыбына келтирүү убадаларынын көлөкөсүндө калбашы керек".
Бирок бул жолугушууга Киевдин эң жакын өнөктөшү болуп келген Вашингтондун өкүлү катышкан жок.
АКШ президенти Дональд Трамп согушту токтотуу аракеттерин көргөнү менен, Ак үйдүн буга чейинки саясаты кескин өзгөрдү.
Дүйшөмбүдө Кошмо Штаттар БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган резолюцияга каршы добуш берди. Аны Киев даярдап, Европа мамлекеттери колдогон. Документте Украинанын көз карандысыздыгын сактап калуу, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү зарылдыгы тууралуу айтылат.
АКШдан тышкары ага Орусия жана дагы 16 мамлекет каршы болду. Кыргызстан калыс калды.
Ушул эле күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ сунуш кылган резолюцияны жактырды. Текстте Орусиянын агрессиясы тууралуу айтылбастан, тынчтык орнотуу чакырыгы гана камтылган.
Тынчтыкка тезирээк жетүү маселеси Вашингтондо АКШ жана Франция президенттеринин кездешүүсүндө талкууланды.
"Биз ок атууну мүмкүн болушунча ыкчам токтотууга, акыр- аягында туруктуу тынчтык орнотууга көңүл буруп жатабыз. Президент Макрон менен жолугушуум бул багыттагы дагы бир маанилүү кадам болуп калды. Себеби ал башынан бери эле согушка чекит коюуга аракет кылып келди, биз эми биргелешип иш алып барабыз. Менимче, Эммануэл экөөбүздүн бир катар маанилүү маселелер боюнча пикирибиз бирдей. Эң маанилүүсү, согушту токтотуу үчүн азыр эң туура убакыт жана мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп айтты Трамп.
Француз лидери Европа Киевге жардам берип жатканын, андан эч качан качпаганын белгилеп, Украина өз келечегин чечкен сүйлөшүүлөргө катышууга укуктуу деп кайталады:
"Биз бейпилдикти каалайбыз. Тынчтык Украинанын багынып берүүсү дегенге жатпашы керек, кепилдик берилбестен ок атууну токтотуу дегенди билдирбеши керек. Тынчтык Украинанын суверендүүлүгүнө шарт түзүүнү, Украинага аны түйшөлткөн, ал өлкөнүн гана чечүүгө мыйзамдуу укугу бар маселелерди негизги оюнчулар менен талкуулоого мүмкүнчүлүк берүүнү камтышы керек. Биз Украинанын, бүтүндөй аймактын коопсуздугу жана бейпилдиги үчүн жоопкерчиликти өзүбүзгө алууга тийишпиз. Европалыктар үчүн бул жашап кетүү маселеси".
Макрон Европа Украинанын коопсуздугун камсыздоого, бул үчүн тынчтык орногондо бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, бир жума мурда АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнө Киев да, Еврошаркет да чакырылган эмес.
Согуштун төртүнчү жылы башталган күнү орус армиясы кошуна өлкөсүнүн аймагын "Шахед" дрондору жана канаттуу ракеталар менен аткылады. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
Шерине