Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна Өзбекстандан капитал тартылышы ыктымалдыгын айтты. Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу коронавирус эпидемиясынын бир жылдыгына сарепсеп салдык. Айрыкча Covid-19 инфекциясы менен күрөштө алдыңыкы орунда өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн аялдар тууралуу да кеп курдук.
Өткөн жылы 21-март күнү Баткен облусунда чек арадагы Самаркандек айылында биринчи ооруга чалдыккан бейтап аныкталган. Мындан улам айылга карантин киргизилип, Самаркандекке кирип-чыккан жол 45 күн жабылуу турган.
Өзгөн шаарында белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Депутат Марат Аманкулов мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө. Анын байлыгы бир жарым миллиард сомдон ашык деп бааланды. Human Rights Watch Азербайжанды туткунга түшкөн армян аскерлерин кыйноо боюнча фактыларды териштирүүгө чакырды.
Дагы жүктөңүз