Ирактан 79 бала Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандар көбөйдү. Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян премьер-министр Никол Пашинянды токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.
Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Казакстандык дижей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк Grammy сыйлыгына ээ болду.
Нидерланддар коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү убактылуу токтотконун жарыялады.
Коронавирус илдети Борбор Азияга былтыр 13-мартта жеткен. Анда Казакстанда чет жактан келген эки адамда илдет аныкталган. Бир нече күндүн ичинде вирусту жугузгандар Өзбекстан, андан кийин Кыргызстанда табылган. Тажик өкмөтү өлкөдө COVID-19 жугузгандар бар экенин апрелдин аягына чейин танган.
- Орусияда үй өрттөнүп, кыргызстандык мигранттардын эки баласы чарчап калды. - Баткендеги аткезчиликке каршы операцияда коопсуздук комитетинин эки кызматкери жараат алды. -Дүйнөдө он миллиондогон киши ачарчылыктын запкысын тартууда.
11-мартта Саламаттык сактоо уюму коронавирустун кесепеттерин пандемия деп жарыялангандан бери туура бир жыл өттү. Пандемия жарыяланган учурда COVID-19 дүйнөнүн 114 өлкөсүнө тарап, чек аралар биринен сала бири жабыла баштаган эле. Дүйнөдө акыркы 1 жыл аралыгында 2,5 милииондон ашык адам каза тапты.
Дагы жүктөңүз