Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:11

Украина менен АКШ кен байлыктар келишими боюнча мунаса тапканы кабарланууда


Financial Times басылмасы Вашингтон Киевге карата катаал талаптардан баш тарткандан кийин Украина менен АКШ кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазып чыкты. Ушундай эле маалыматты "Украинская правда" сайты да жарыялады.

Басылмалар келишим АКШнын Украина коопсуздугу боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алышына жол ачышы мүмкүн жана бул согушту токтотуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналарын белгилешкен.

Буга чейин Украина келишимдин алгачкы версиясына кол коюудан баш тартканы үчүн Киев менен Вашингтондун мамилесин солгундатканы айтылып жаткан.

Документке Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио кол коёру күтүлүүдө. Келишимге ылайык, АКШ менен Украина Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд түзүшөт.

Жаңыланган келишимден АКШнын коммерциялык фондду 100% көзөмөлдөшү тууралуу жобо алып салынды. Жаңы редакцияда Кошмо Штаттар фонддогу эң жогорку каржылык үлүшкө ээ болору белгиленген, бирок бул АКШнын мыйзамдары уруксат берген чектен ашпайт.

Фондго Украина менен АКШнын ээлик үлүшү ар биринин кошкон каражатына жараша болот. Эки мамлекет фондду биргелешип башкарат, бирок АКШ өз мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.

Келишимге эки тарап тең фонддогу өз үлүшүн бири-биринин алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз сатууга же өткөрүп берүүгө укугу жок деген талап кошулду.

Фонд Украинадагы жаратылыш ресурстарын, портторду жана тиешелүү инфраструктураны (анын ичинде өкмөттүн кыйыр менчик объектилерин) сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50% алып, аны кайрадан украин экономикасына инвестиция катары салат.

Буга чейин эле Украинанын бюджетине кирген кирешелер фондго кошулбайт. Фондго салымдардын мөөнөтү, көлөмү жана туруктуулугу боюнча кийинчерээк келишимде көрсөтүлөт.

Документке кол коюлгандан кийин Орусия мурда оккупациялап алган аймактар кайтарылган учурда объектилерден түшкөн киреше 50% көбөйүшү мүмкүн деген норма алып салынды.

Келишимге ылайык, АКШ Украинага жардам көрсөтүү үчүн өзүнчө белгиленген суммада каржылык милдеттенме алууга ниеттенүүдө. Бирок келишимде Зеленский мурда айткандай, так коопсуздук кепилдиктери жок.

Украина менен АКШ фонддун ишмердиги боюнча деталдарды аныктаган жеке келишимди дароо иштеп чыгышы керек. Бул келишимди даярдоого Украина тараптан Экономика министрлиги жооптуу болот.

“Экономическая правда” жазгандай, кен байлыктар боюнча мурунку келишимдин долбоорунда АКШ 100% көзөмөлдөгөн коммерциялык фонд түзүү каралган, ал эми Украина ага каражат бөлүп бермек.

Шерине

XS
SM
MD
LG