Өзгөн шаарында белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Депутат Марат Аманкулов мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө. Анын байлыгы бир жарым миллиард сомдон ашык деп бааланды. Human Rights Watch Азербайжанды туткунга түшкөн армян аскерлерин кыйноо боюнча фактыларды териштирүүгө чакырды.
2020-жылдын жаз айларында Кыргызстанда коронавирус инфекциясы катталып, элдин үрөйү учуп турган маалда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын медайымдары кыйналган учурлар көп болду. Себеби айыл тургундары вируска ишенбей, медкызматкерлерди күнөөлөшүп, кол көтөрүүгө чейин барышкан.
Бишкектеги 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды. Базар баасын көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан суу май менен кумшекерди четке чыгарууга тыюу салды. Өзбек прокуратурасы Сох окуясы үчүн айыпталгандарды 10 жылга кесүүнү сурады.
Саясатчы Адахан Мадумаров бийликти сындагандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Президент Садыр Жапаров Таласта Жерүй кени боюнча митингге чыккандар менен жолугушту. Коңшу Тажикстанда күйүүчү май кымбаттап, бензиндин таңкыстыгы жаралды.
Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 2020-жылдын 18-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бостон, Орто-Азия жана Благовещенко айылдарында катталган. Үч жарандан оорунун баштапкы белгилери табылып, аймак толук чектөөгө алынып, жарандар менен унаалардын кирип-чыгышына тыюу салынган.
Чүйдүн дунгандар отурукташкан Милянфан айылында коронавирус күчөгөн 2020-жылдын жай айларында 100гө жакын адам каза болгон. Ал учурда тез арада ыктыярчылар тобу түзүлүп, күндүзгү стационарлар иштей баштаган. Өлүм күчөгөндө көр казганга киши чыкпай калган учур болгон. Пандемия айылды кандай өзгөрттү?
Дагы жүктөңүз