Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соңку бир апта ичинде бир нече баланын өмүрү кыйылганын, мындай көрүнүшкө Министрлер кабинетинин иш-аракети жетишсиз болуп жатканын айтып, сынга алды.
Бул тууралуу парламенттин 26-февралдагы жыйынында көтөрүп, өкмөттү жакын арада чукул жыйын уюштурууга чакырды.
“Министрлер кабинетинин төрагасы бардык министрлерди чогултуп, жыйын өткөрүшү керек. Бул – трагедия. Беш-алты бала өлдү, арасында өз жанын кыйганы, сабалып каза болгону бар. Мамлекет, ата-эне үчүн баладан кымбат эмне бар? Эч нерсе жок. Ошондуктан түшүндүрүү иштери боюнча ИИМ, Билим берүү, маданият министрликтери ыкчам иштерди алып барышы керек”, - деди Акаев.
Депутат өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү чоң кайгы катары караларын, Кыргызстанда мындай учур “статистика” экенин белгиледи.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.
13-февралга караган түнү Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, бири денесинен жараат алып, ооруканага түшкөнүн 15-февралда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.
12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.
8-февралда Баткен шаарында 2008-жылы туулган эки өспүрүм чырдашып, бири теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин, жабырлануучу ооруканада жатканын облустук милиция билдирди.
22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.
21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада үзүлдү.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
Кырдаалдан улам 14-февраль күнү жолугушуу өткөргөн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү чечимине келишти.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айткан, милиция мындай версияны четке каккан.
Шерине