Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:02

Краснодардагы деңиз портуна дрондон сокку урулду


Туапсеге сокку урулган учурда тартылган сүрөт. Архив.
Туапсеге сокку урулган учурда тартылган сүрөт. Архив.

Краснодар аймагындагы бир нече шаарлар аткылоого кабылганын жергиликтүү бийлик жана күбөлөр кабарлады.

Шаршембиге караган түнү Краснодарга дрондор сокку уруп, Туапседеги деңиз порту бутага алынган.

Орус бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү дрон менен жарандык объектилерге сокку урганын билдирди. Губернатор Вениамин Кондратьев Туапседе жана Темрюкта турак жайлар зыян тартканын, жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Шаар тургундары Туапсе деңиз портуна сокку урулуп жатканы тартылган видеолорду жарыялап жатат. Алардын биринде бир турак үйдүн зыян тартканын көрүүгө болот.

Орусиялык Телеграм-каналдар Анапада асманда жарылуу болгонун билдиришти. Болжол менен абадан коргонуу системасы дронду атып түшүргөн болушу ыктымал. Сочи аэропорту учактардын келип-кетүүсүнө убактылуу чектөө киргизди.

Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган бийлиги бул аймакка да дрондон сокку уруу аракети болгонун, Кара деңизден төрт учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG