Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

Ысык-Ата районунда 17 жаштагы бала өз жанын кыйды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында 17 жаштагы бала өз жанын кыйган.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 24-февралда таңкы саат 8де райондук милицияга кабар түшкөн. Анда 2008-жылы туулган К.М. аттуу бала суицидге барганы айтылган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандын денесинде эч кандай так жок болгон, күч колдонулганы аныкталган эмес. Суициддин себептери такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Ысык-Ата райондук милициясында каттоого алынып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.

Бул маселе парламенттин 26-февралдагы жыйынында да көтөрүлүп, депутат Жанар Акаев Министрлер кабинети балдардын коопсуздугуна көп көңүл бурбай жатканын сынга алды.

Кырдаалдан улам 14-февралда жолугушуу өткөргөн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү чечимине келишкен.

ИИМдин маалыматында, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айткан, милиция мындай версияны четке каккан. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG