Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылды.
Жогорку сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратты.
Коронавирустан сакайгандар арасында инсультка кабылгандар көп болууда. Дарыгерлердин айтымында, инсульт болгондордун жарымынан көбү мурда коронавируска чалдыккандар.
Түркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштаганын президент Режеп Тайып Эрдоган 1-мартта кабарлады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылат.
Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаев тил кат менен абактан чыкты. Ал былтыр октябрда кармалганда абакта дасторкон жайып тосуп алышкан видео тараган. Нур-Султанда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак алакасын талкуулашты. Бишкек аскердик-техникалык жардам ала турган болду.
Орусияда күйүүчү май кымбаттап, Казакстандан мунай экспорту токтогону үчүн Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлдү. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге каршы УКМК териштирүү баштады. Депутаттын өзү муну"Азаттыкка" "куру доомат" деп баалады.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы март айында башталат. Өлкө боюнча СОVID-19га каршы эмдөөнү ишке ашыра турган ондогон дарыгерлер окутулду. Бишкектеги Республикалык иммунопрофилактика борбору ушул тапта вакцинаны туура сактоого даярданып жатат.
Кошмо Штаттарда коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллионго чамалады. Ал эми дүйнөдө бул илдеттен ажал тапкандардын саны эки жарым миллионго чукулдады.
Дагы жүктөңүз