2024-жылдын 22-мартындагы террордук акт Орусиядагы эмгек мигранттарынын эркин сынап, эркиндигин чектеген жараяндын башаты болду. Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кокустан куралдуу кол салуу болуп, 145 адамдын өмүрү кыйылды. Кандуу чабуулга айыпталып төрт тажик жараны кармалган соң, Борбор Азиядан барган мигранттардын жашоосу кыйындады. 2024-жылы Орусиядагы мигранттар тынымсыз рейд, депортация жана аларды кыскан мыйзам, сунуштарга күбө болушту. 2025-жылы дагы эмнелер өзгөрөт?
Орусиядагы жаңы эрежелер
30-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери - убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү.
5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирери жазылган. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.
Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.
Ушундан улам Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалга тынчсыздануусун билдирген.
ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо, Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.
Быйыл Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.
“Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы орус бийлигинин жаңы мыйзамдары тууралуу мындай маалыматтарды айтты:
"Бул мыйзамдар мигранттарга тоскоолдук көрсөтөрү анык. Туруктуу жашоого документтери жок мигранттар мурда "кирди-чыкты" механизмин кылып жүрсө, эми анын баары жокко чыкты. Жумуш келишими же расмий документтери жок мигранттар үчүн мүмкүнчүлүктөр жабылат. Миграция эрежелерин бузган мигранттарга депортация болуу коркунучу жогорулады. "Өлкөдөн чыгаруу режими" биз үчүн да өтө коркунучтуу болуп жатат. Анткени мунун арты менен укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктары кеңейди. Биздин пикирде, бул аркылуу коррупцияга жол берилип, мигранттарга басым да көбөйөт. Ошондуктан азыртан миграциялык эрежелерди так аткарып, мыйзам бузбоого чакырат элек. Эми бул өлкөгө бара турган мигранттар алдын ала мыйзамдарын окуп, сөзсүз даярданып алышы керек. Тилди да өздөштүрүшү абзел".
Ушуну менен кошо Орусиянын бир нече аймактары мигранттарга иш берүүнү чектеген эрежелерди киргизди.
2025-жылдан тарта Омск облусунда эмгек патенти бар чет элдик жарандар жети тармакта иштей албайт. Мисалы, жергиликтүү бийликтин айтымында, мигранттарга саламаттык сактоо, билим берүү жана транспорт тармагында иштөөгө тыюу салынат. Мындай чектөө 1-мартта ишке кирет.
Ал эми Иркутск облусунда чет элдиктер коомдук транспортто, гид катары, билим берүү мекемелеринде же бала багып иштей албайт.
2024-жылы Орусиянын дагы башка Калининград, Липецк, Новосибирск, Курск, Воронеж облустарында чет элдиктер үчүн жумуш эрежелерине чектөөлөр киргизилген.
Кыргызстандык мигранттар басымдуу болгон Москвада да өзгөрүүлөр күтүлүүдө. 2025-жылдан тарта чет элдиктерге электрондук паспорттор эксперименталдык негизде берилери белгилүү болду. Мындай демилгени борбор калаанын мэри Сергей Собянин көтөргөн. Ошондой эле Москванын бийлиги 2025-жылдан тарта аба жолдору менен келген мигранттарга биометрикалык көзөмөл киргизүүнү пландап жатат.
Мындай демилге, сунуштарга мигранттардын укугун коргогон юрист Мирлан Токтобеков токтолду:
"2024-жылы бир топ ишкана жана жумуш берүүчүлөр эмгек келишимин бербей, мигранттарды кыйнашты. Тилекке каршы, келаткан жылы бул кысым дагы күчөшү мүмкүн. Мындай шартта кыргыз жарандары Евразиялык экономикалык аймакка киргенин эске алуу менен өз укуктарын коргой алат. Алар Орусияга алдын ала кандай укукка ээ экенин билип, даярданып келсе жакшы болмок. Анткени бул уюмга мүчө болгонубуз биздин мигранттардын абалын жеңилдете алат. Маселен, салык кызматында "өз алдынча иштейт" деген режим бар. Ага ылайык, өзүнүн Орусияда жүргөнүн мыйзамдаштыра алат. Бирок көбү муну иш жүзүндө колдоно албай жатышат. Юристтер, укук коргоочулар болушунча түшүндүрүп жатабыз. Бирок биздин күчүбүз толугу менен буга жетпей жатат. Ошондуктан мындай түшүндүрүү иштери мамлекеттик деңгээлде аткарылса жакшы болмок. Ал эми патент менен иштөө негизинен ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына тийиштүү. Ошондуктан эгер кыргыз жарандарына мындай талап коюлса, бул түздөн түз ЕАЭБдин эрежелерине каршы келет."
Жаңы жылдан кийин мыйзамдагы өзгөрүүлөр мигранттар эле эмес, алардын жакындарына да тийиштүү болот. Жыл соңунда Орусияда орус тилин билбеген мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт деген чектөөнү камтыган мыйзам долбоорун Орусиянын Мамлекеттик Думасы декабрдын ортосунда бекитти.
Мыйзамга ылайык, мындан ары мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда алгач алардын Орусияда мыйзамдуу жашаганы текшерилет. Эгерде документтери жайында болсо, анда баладан орус тилинен тест алынат. Тесттен өткөндөргө гана орус мектептеринде билим алууга уруксат берилет.
Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал долбоор келерки жылы ишке ашабы же жокпу - азырынча белгисиз.
“Инсан-Лейлек” коомдук фондунун миграция боюнча адиси Рахат Шералы ушул өңдүү мыйзам, сунуштарды мигранттарга болгон басым катары сыпаттады:
"Мигранттардын балдары билим албай калганы абдан коркунучтуу. Жыл башында балдарын мектепке киргизе албай калган ата-энелерди көрдүк. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, билим албаган балдарды камкордук кызматтары текшериши мүмкүн. Мындай шартта бир нече сунуштар айтылып жатат. Ата-эне баласын жеке мектепке бериши же Кыргызстандагы мектептер менен онлайн билим алуусуна шарт түзүлүшү керек. Антпесе, баланы Кыргызстанга таштап миграцияга чыгууга аргасыз болот. Себеби кандай жагдай болбосун, балдарга билим алууга шарт түзүлүшү керек. Ал эми баланы тил билгенине карап, мектепке кабыл алуу мыйзамы Орусиянын өзүнүн башка мыйзамдарына каршы келет. Башка бир да мамлекетте мындай чектөө жок. Германия, Жапон же Араб эмираттары болобу, мындай тажрыйба эч жерде жок. Муну менен Орусия мигранттарга болгон басымды күчөттү."
Азыркы шартта четте иштеп жүргөн кыргызстандыктар эмнеге көңүл бурушу керек? Юрист Мирлан Токтобеков Орусияда иштеп жаткан же барам деген жарандарга кайрылды:
"Биздин жарандар Орусия же башка мамлекетке чыгабы, адегенде ал өлкөнүн шарты, мыйзамдары, тил жана маданияты менен таанышып чыгышы керек. Эң эле жөнөкөй мисал, биздин жарандар мусулмандар басымдуулук кылган өлкөдөн келишти. Орусияда диний тутуму да башка. Демек, бул үчүн да түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. 2000-жылдардын башында барган мигранттар менен азыркылардын ортосунда айырмачылык чоң. Азыркы мигранттардын деңгээли бир топ өстү. Азыр алардын уюм, диаспоралары түзүлдү. Өзүлөрүнүн укуктарын өзүлөрү коргогон мигранттар көбөйдү. Бирок, албетте, аларга мамлекеттик жактан колдоо, түшүндүрүү иштери күчтөнсө, бир топ жеңил болот".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги миграциялык мыйзамдардагы өзгөртүүлөр менен кылдат таанышууга жана терс кесепеттерди алдын алуу үчүн Орусиянын тиешелүү органдарына тез арада кайрылууга кеңеш берет.
2024-жылдын башынан бери Орусиядан түрдүү себептер менен кайткан же кире албай калган жарандардын саны көбөйдү. Буга чейин расмий маалыматта Орусияда иштеген кыргызстандыктар 600 минден ашаары айтылса, жакында эле Тышкы иштер министрлиги алардын саны 334 миңдей экенин билдирди. Башкача айтканда, алардын саны соңку эки жыл ичинде кеминде 200 миңге кыскарды.
Шерине