Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Ирина Мальцева: “Путинди өксүктүк комплекси бар санда жок пенде деп санайм. Орусияны жеңсе, биз Украинага алкыш айтабыз”


Ирина Мальцева. 06.01.2019.
Ирина Мальцева, орусиялык шайлоочулардын укуктарын коргогон "Голос" кыймылынын Иваново облусундагы координатору кези. 06.1.2019.

Эл аралык коомчулук Орусиядагы путиндик режимдин эгемен Украинага каршы баскынчыл согушун терең айыптап келет. Орусиянын өзүндө да тынчтыкты сүйүүчү жана демократиячыл күчтөр Кремлдин баскынчыл саясатын кескин сынга алышууда. Алардын арасында Ирина Мальцеа сыяктуу жигердүү жарандар да бар. Тарыхчынын блогу.

Орусия эгемен Украинага каршы баскынчыл согушту кеңири өлчөмдө жүргүзө баштаган 2022-жылдын 24-февралынан бери 2 жыл 10 ай 10 күндөй өттү.

Бул мезгил далай орусиялыктардын көзүн ачып, алардын өз мекени үчүн кесепеттүү болгон согушчан саясатты жүзөгө ашырып жаткан Кремлдеги бийлик ээсине карата нааразылыгын күчөтүүдө.

Албетте, Украинага каршы 2014-жылдан бери башталган согушка чейин эле өз өлкөсүндөгү авторитардык бийлик системасын сынга алган жана адилет, бурмаланбаган шайлоо аркылуу мыйзамдуу бийлик алмашуусу үчүн күрөшкөн орусиялык жигердүү жарандар да миллиондоп саналат.

Мурдагы айрым блогдорубузда ошондой каарман орусиялыктар тууралуу да азыноолак сөз кылган элек. Бул жолу да биз кыргызстандыктарга жаңы бир ысымды тааныштыргыбыз келди.

Ирина Мальцева. 06.01.2019.
Ирина Мальцева, орусиялык шайлоочулардын укуктарын коргогон "Голос" кыймылынын Иваново облусундагы координатору кези. 06.1.2019.

Шиберде туулган, Ивановодо жаран катары телчиккен айым

XXI кылымдын алгачкы чейрегиндеги көп этностуу Орусиядагы жигердүү демократиячыл ишмердик жүргүзүп келген жарандардын бири – Ирина Мальцева айым.

Ачык маалыматтарга караганда, Ирина Анатольевна Мальцева айым 1967-жылы 23-апрелде Орусия Федерациясындагы Кемерово облусуна караштуу Новокузнецк шаарында туулган. (Бул шаар 1932–1961-жылдары Сталинск деп аталып келген).

Новокузнецк шаары Батыш Шибердин түштүк-чыгышында, Алтай жаан Саян тоолорунун түндүк ыптасы болгон кенге бай Темирчи Ала-Тоосунун аймагында жайгашкан.

Аймактын түпкү калкы – шор эли (анын ичинде шорлордун аба уруусу).

Шорлор да кыргыздар менен этностук тыгыз байланышта болгон, б.а. этностук теги, маданияты жана тили жагынан да орто кылымдардагы энесай кыргыздарынан бутактанган боордош эл.

Ирина Мальцева айым 1992-жылы Орусиянын европалык бөлүгүндө Иваново облусуна караштуу Иваново шаарындагы Иваново мамлекеттик университетин бүтүргөн. Ал роман-герман филологиясы факултетин аяктап, немис тили жана адабияты боюнча окутуучу адистигин алган.

Андан кийин ал Иваново облусунун аймагында туруктуу жашап, ар кыл жумуштарда иштеп келген. Демократиячыл саясий көз караштарынан улам айрым жумуштардан тез эле бошотулуп турган.

Мальцева айым ара-чолодо туристтерге жол көрсөткүч (гид) болуп иштеп, Ивановодон 70 чакырымдай түндүк-чыгышта, Эдил (Волга) дарыясынын оң өйүзүндө Шохонка өзөнүнүн куймасында жайгашкан тарыхый Плёс шаарына чейин саякат уюштуруп турган.

1410-жылы маскөөлүк княз Василийдин кошууну Алтын Ордонун ханы Болоттун (Пулад) аскер башчысы, теги маңгыт Эдигейдин (1352–1419) колунан жеңилгенде, Василий чегинип келип, Плёс жергесинде коргонуу жайын курдургандыгы айтылат.

2009-жылы ал кездеги орусиялык президент Дмитрий Медведев Плёс шаарындагы мурдагы Миловка дворяндык чарбагын өкмөттүк жаңы эс алуу ордосу катары кайра оңдоткону маалым.

Айтор, Плёс шаарында конокторду кызыктырган жайлар аз эмес.

Ирина Мальцева 2011-жылдын соңунан тартып Иваново аймагында жарандык ишмердик менен жигердүү алектене баштаган.

Анын оюнча, путинчил “Бирдиктүү Орусия” (“Единая Россия”) партиясы 2011-жылга чейин эле элдин баарын тажатып салган.

2012-жылы Мальцева айым президенттик шайлоо маалында добуш берүү сапатына көз салган көз карандысыз байкоочулардын катарына кошулган.

Ал Орусияда калыс шайлоо ыкмасын жүргүзүү аркылуу демократиячыл өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ишенген.

Дал ошондуктан Мальцева айым калыс жана адилет шайлоо өткөрүү урааны астында иш алып барган бүткүл орусиялык "Голос" кыймылын ырааттуу колдогон. Ал 2013-жылдан тартып бул кыймылдын Иваново аймагындагы координатору да болуп калган.

Тасма. Ирина Мальцева: “Путин – өксүктүк комплекси бар санда жок пенде”. “Очевидцы 24 февраля” интернет долбоору. Орус тилинде. 14.11.2024.

Андан тышкары Мальцева айым аймактагы жарандык башка иш-аракеттерге да салым кошкон, маселен, Иваново шаарындагы экологдордун иш-аракеттерин колдоп жүргөн.

2015-жылы Мальцева айым Плёс шаардык Кеңешинин үчүнчү чакырылыштагы курамын шайлоо өнөктүгүнө оппозициячыл “Яблоко” партиясынын талапкери катары катышкан.

Ал эми 2019-жылы Мальцева айым Иваново облусунун Лухск районуна караштуу Порздневское айылдык кеңешинин экинчи чакырылыштагы курамынын депутаттарын толуктап шайлоого атаандаш талапкер катары катышкан.

Караңыз: Тасма. Ирина Мальцеванын "Голос" кыймылынын "Фейсбуктагы" барагында жарыяланган маеги. Орус тилинде. 06.01.2019

Ирина Мальцева. 06.01.2019.
Ирина Мальцева, орусиялык коомдук ишмер. Иваново, Орусия. 06.1.2019.

2020-жылы Мальцева айым бир эле учурда эки башка жерде – Иваново шаардык Думасына шайлоодо “Яблоко” партиясынан депутаттыкка талапкер катары жана, ошондой эле, Плёс шаардык кеңешинин депутаттыгына да талапкер катары жергиликтүү шайлоолорго катышкан.

Мальцева айым талапкер болгондуктан, шайлоо өнөктүгү маалында өзүнүн жалпы орусиялык “Голос” кыймылындагы мүчөлүгүн убактылуу токтотуп тургандыгына карабастан, 2020-жылы 9-сентябрда анын батири мыйзамсыз тинтүүгө алынган. Бул окуя тууралуу “Голос” кыймылынын интернет барагында чагылдырылган.

Украинага каршы согушка карата туруму

Өз көз карашын ачык билдирүүдөн тайманбаган Мальцева айым 2022-жылы 24-февралда путиндик режимдин Украинага каршы 2014-жылдан бери улантылып келе жаткан баскынчыл согушту кеңири өлчөмдө жүргүзө бааштагандыгына өзгөчө нааразы болгон.

Ал эми 2022-жылы 4-март күнү орусиялык куралдуу күчтөрдү жаманатты кылуу далаалаттары үчүн жазага тартуу чарасы камтылган мыйзам кабыл алынган соң, жөн гана тынчтыкка чакыруунун өзү кылмышка тете кабыл алынчу төбө чачты тик кылган жагдай жалпы өлкөдө орун алды.

Ирина Мальцева айым 2022-жылдын 6-мартында “Иваново согуш жылдарында” деген темада экскурсия жүргүзүү ыкмасы аркылуу баскынчыл согушка каршы иш-чара уюштурууга беленденген.

Бирок аны бир күн мурда, 5-мартта эле, коопсуздук күчтөрүнүн беткапчан жоокерлери Иваново шаарынын чордонунда убактылуу кармашкан.

6-мартта ага каршы үч башка протокол түзүлгөн (ал эми жаңы мыйзамга ылайык, кишиге кылмыш ишин козгоо үчүн эки гана протокол жетиштүү болчу).

Аны кармаган 5-март түнү Украинадан Иваново жана Псков облустарына бир нече жүздөгөн орусиялык жоокерлердин (анын ичинлде ивановолук десантчылардын) сөөктөрү алынып келинген экен.

Бийлик өкүлдөрү: “Ал жакта биздин балдарыбыз набыт кетип жатышса, сен болсоң бул жакта тынчтыкты жактап жатасың!” – дегендей тири шумдуктуудай кинелерин Ирина айымга айтышкан.

И.Мальцеваны полициянын улам жаңы бөлүмүнө жеткирип, суракка алып жатышкан маалда, ал качып чыгууга үлгүргөн.

Бир нече күн ар кыл жактарда жашырынып жүргөн соң, ал өзүнө каршы кылмыш иши козголо электен пайдаланып, Арменияга качып чыккан.

Ал эми бозгунга кетпей койгон жана баскынчыл согушка каршы чыгуусун уланткан бир катар мекендештери жазыксыз жерден өлтүрүлгөндүгүн Ирина Мальцева айым кайгыруу менен эскерет.

Жазыксыз мерт тапкандардын арасында Оля Назаренко айым да бар. Ал Иваново шаарында медициналык академиянын окутуучусу болчу.

Назаренко айым Украинаны колдогон жана баскынчыл согушту айыптаган плакаттарды көчөлөрдө имараттарга илип жүргөн учурунда “жерге кулап түшүп”, ооруканада дүйнө салган.

Орусияда ал сыяктуу каармандар көп, дейт Ирина айым.

Ал Арменияда жүргөндө төрт ай ичинде Германияга мыйзамдуу көчүп баруу үчүн зарыл документтерди топтогондугун айтат.

Акыры, 2023-жылы февралдын соңунда, И.Мальцева айым Армениядан Германияга көчүп келген.

Ал Германияда социалдык педагог кызматын аркалап, украиналык, сириялык жана башка качкындарга адистик көмөк көрсөтүп турган.

И.Мальцева Путин жана анын режими тууралуу

Орусиялык оппозициячыл коомдук ишмерлердин бирине айланган Ирина Мальцева айым өз өлкөсүндөгү азыркы авторитардык режимди 2011-жылдан бери ачык сынга алып келет.

И.Мальцева айым 2024-жылы 14-ноябрда “Очевидцы 24 февраля” интернет долбоору үчүн курган кызыктуу маегинин соңунда Орусиянын азыркы режиминин башчысына жана ал жүргүзүп жаткан баскынчыл согуштун болжолдуу натыйжасына карата мындайча таасын баасын берген:

“Жалпысынан мен Путинди өксүктүк комплекси бар, эч санда жок пенде деп эсептейм. Ал эми бул нерсе, мен үчүн, өзүнүн улуу экенин баарына далилдегиси келип жаткан санда жок пенденин өзүнүн баркын өзү көтөрүү далаалатына жатат.

Бардык империялар ойрон болушат, бардык зулумдук бийликтер соңуна келет.

Менин үмүттөнгөнүм ушул жана мен буга чындап ишенем: Орусия өз ичиндеги дал ушул империячыл рухту жеңип чыгат.

Кайсы бир убакта биз Украинага айтабыз: "Украина, бизди талкалап салгандыгың үчүн, бизди өз өлкөбүз менен алектенүүбүзгө мажбур кылганың үчүн сага алкыш!"

Калайык, мисалы, Швецияда айта жүргөндөй (күлөт)... Балким, 300 жыл өтүшү деле мүмкүн, акыры Орусияда баары жакшы жагына айланат".

[Я вообще считаю Путина ничтожеством с комплексами неполноценности. И вот это для меня – самореализация ничтожного человека, который хочет всем доказать, что он – великий. Любые империи умирают, любые тирании заканчиваются. И я надеюсь, и я очень верю, что Россия победит внутри себя вот этот имперский дух. Мы когда-то скажем Украине: «Спасибо, Украина, что ты нас разбила и заставила заняться собственной страной». Как это говорят, например, в Швеции. 300 лет, может быть, пройдёт, и в России будет всё хорошо].

(Ирина Мальцеванын маегинин кыска үзүндүсү үчүн караңыз: https://t.me/eshkinkrot/56193)

Ирина Мальцева. 14.11.2024.
Ирина Мальцева, орусиялык коомдук ишмер. Германия. 14.11.2024.

Албетте, интернеттеги ачык энциклопедияларда чагылдырылып жүргөндөй, кээде өксүктүк комплекси кишиде өзүн башкалардан артык сезүү комплексине чейин өсүп чыгып, андай манчыркаган киши калайык алдында өзүнө өзү корстон болуу, мактанчаактык, текебердик мамилелери жана ал түгүл диктатордук жана тирандык жүрүм-туруму менен айырмаланат, дешет.

И.Мальцева айым азыркы Орусиянын президентин дал ушундай психологиялык өксүккө жетеленген санда жок (барксыз, нарксыз, адамкерчиликсиз) көрпендеге теңеген экен.

Деги, эгерде Путин өзү бийликке келген учурдагы Орусиянын баш мыйзамынын талаптарына ылайык бул федерациялык жумуриятты эки гана мөөнөткө башкаруу менен чектелген болсо, анда 140 миллиондон ашуун калкы бар көп этностуу Орусия Путинден кийинки доордо “талаада калмак” беле? Албетте, антмек эмес.

Конституциялык мөөнөтү өткөн соң деле айрым “бийликке сугалак” президенттердин: “Баштап алган реформамды аякташым керек эле”, – деген тейде элге жалооруп, “кайра шайлап бергилечи” деп кайрылган сөздөрү – бул ар кандай авторитардык режимдердин тээжик жана митайым кожоюндарынын шайлоону оюн кылып алчу эски ыры.

Адатта, андайлар Башар Асаддыкындай өздөрү үчүн кейиштүү окуяларга туш болушат.

Неге шведдер өз жеңилишине кубанышкан?

Ирина Мальцеванын жогорудагы сөзүндө Швеция (шведче “Sverige”) да айтыла кетти. Мында ал 1611–1721-жылдардагы Улуу Швеция дөөлөтүн (швед тилинде “stormaktstiden”) эске алып жатат.

1700–1721-жылдардагы айтылуу Түндүк согушунда Улуу Швеция дөөлөтү өзүнө каршы чыккан бир катар мамлекеттердин (анын ичинде Саксония, Даниялык-норвегиялык падышалык, Реч Посполитая, Московия, Пруссия жана башка өлкөлөрдүн) согуштук ынтымагына каршы турган.

Швецияны Улуу Британия менен Осмон султандыгы колдоп чыгышкан. Аз жерден Пётр Биринчи Осмон султандыгынын аскерлерине туткунга түшүп кала жаздаган окуя да тарыхта катталган.

1711-жылы жайында Пётр Биринчи өзү Осмон султандыгына каршы согуштук жортуулга катышып, бирок Прут дарыясынын оң жак жээгинде олуттуу камалоого кабылган. (Салгылашуу болгон жайдын жанындагы Яссы шаары мурда Батыш Молдовага карачу, азыркы тапта – Румыниянын чегинде жайгашкан).

Султан Ахмет Үчүнчүнүн (1673–1736; тактыда 1703—1730-жж. отурган) улуу вазири (Osmanlı Sadrazamı) – Балтачы Мехмет паша (Baltacı Mehmed Paşa; 1662–1712) Прут салгылашуусун өзү жетектеп жаткан. Ал орустардан 150 миң рубл акчага тете каражатты пара катары алып, тынчтык келишимин түзүүгө жана Пётр Биринчини курчоодон чыгарууга макул болгон. (Ошол жылы ноябрда ал улуу вазир кызматынан алынган, кийинки жылы султандын буйругу менен муунтуп өлтүрүлгөн).

Арийне, эл аралык антишведдик аскердик ынтымак акыры жеңишти камсыз кылган. Жеңилүүнүн айынан Улуу Швеция дөөлөтү мурдагы бир катар басып алган жерлеринен айрылып, чакан мамлекет болуп калган.

(Айтмакчы, Орусияда кээ бир тарыхчылар бул согушту жалгыз Пётр Биринчи өзү жеңип алгандай бир беткей жаза беришет).

Негизги жеңүүчүлөрдөн болгон Московия падышалыгынын башчысы Пётр Биринчи 1721-жылы өзүнүн мамлекетин “Орусия империясы” деп жарыялаган.

Ал эми согуштан очорулуп калган мурдагы Улуу Швеция дөөлөтүнүн падышасынын кадыры өз өлкөсүндө да кескин түшкөн. Жаңы кырдаалда бул мамлекетте падышалык режимдин мурдагы ыйгарым укуктары кыскартылып, парламенттин (Sveriges Riksdag) ыйгарым укуктары өзгөчө кеңейе берген. Демек, швед падышасы ири жеңилишке кириптер болгону менен, тескерисинче, мурдагыдан кыйла чаканыраак жана алсызыраак болуп калган бул өлкөнүн эли өзгөчө зор саясий утушка ээ болгон.

Шведдердин өздөрү Түндүк согуштагы жеңилүүнү швед элинин жеңиши катары азил-чыны аралаш баалап карагандыгынын жөнү бар.

Анткени дал ушул окуядан кийин швед өкмөтү улуттук казынаны кайсы бир коңшусуна каршы баскынчыл согуш үчүн “карактабастан”, эл байлыгын өлкөнүн ички муктаждыктарын канааттандыруу үчүн гана сарптап калган.

Андан берки 300 жылдан ашуун мезгилдин ичинде империячыл рухунан тазаланган Швеция дүйнөдөгү эли өзгөчө бакыбат жашаган демократиялуу жана бай өлкөгө айланды.

Бул чектелген падышалык түзүлүшү бар, парламенттик демократия бийлеген бейпил өлкөдө улуттук дүң өнүм (УДӨ) киши башына 55 миң АКШ долларын түзөт (2023-жылдын маалыматы).

Ал эми Орусияда УДӨ киши башына 14 миң АКШ долларына жетпеген гана көрсөткүчкө ээ. (Кыргызстанда бул көрсөткүч 8 миң АКШ долларына чамалап барат).

Ирина Мальцева, орусиялык коомдук ишмер. 14.11.2024.
Ирина Мальцева, бозгундагы орусиялык коомдук ишмер, орусиялык шайлоочулардын укуктарын коргогон "Голос" кыймылынын Иваново облусундагы мурдагы координатору. 14.11.2024.

Ирина Мальцеваны “чет элдик агент” санашат

Азыркы тапта путиндик режим бул карапайым жана каарман айымга “чет элдик агент” деген неосталинчил жардык таккан.

Бул каргашалуу жардык германдык нацисттер жөөттөрдүн сырт кийиминин көкүрөгүнө милдеттүү тактырган алты бурчтуу сары жылдыз сыяктуу эле инсандын кадыр-баркын тебелеген жазалоочу жана кемсинтүүчү кызматты жаңы шартка ылайык аткарат.

Эгерде нацисттер “бул кишинин теги – жөөт” деп айырмалаган расачыл энбелгини Европадагы өздөрү басып алган аймактардагы жөөттөргө ыракаттануу менен тагышса (2001-жылы Ооганстанда бийликтеги талиптер индуизм динине табынгандарга ушундай алты бурчтуу сары жылдыз тагынгыла деп милдеттендиришкен учур болгон), ал эми Орусиянын антипутинчил, антисогушчул туруму менен айырмаланган кайсы бир жараны өлкөдө жашап жатса да, же болбосо, чет өлкөгө бозгунга чыгып кетсе да, путинчилер “бул киши – чет элдик агент” деген энбелгини виртуалдык “чүлүк” катары мындай жарандын ысымына байлап жарыялап келет.

2023-жылы 8-январда Ирина Мальцева да “чет элдик агенттердин кара тизмесине” түшкөн.

Владимир Путиндин режимин сүрмө топ ыкмасы менен колдоп жаткандар үчүн өздөрүнүн “чет элдик агент” жардыгы тагылып калган мекендеши “саткын” катары жектөөгө гана татыган киши болуп саналат.

Ал эми дүйнө жүзүндөгү жалпы демократиячыл кооомчулук болсо Ирина Мальцева сыяктуу өркөнчүл орусиялыктар тез арада тилегине жетсе экен, Кремлдин Украинага каршы баскынчыл согушу дароо аяктаса экен, ал эми путиндик режим ички жарандык жигердүү ишмердиктин натыйжасында чукул арада ойрон болсо экен, көп этностуу Орусия Федерациясы жакын арада азыркы көп этностуу Швеция сыяктуу эле тынчтыкты сүйгөн, бакыбат, демократиялуу мамлекетке айланса экен, деп самашат.

Бул, албетте, менин гана жеке оюм эмес.

Бул тилектин аткарылышы үчүн 300 жылды күтүп кереги жок. Жылан жылы деле бул олуттуу жана жагымдуу өзгөрүүлөр үчүн үчүн жарамдуу боло алат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG