"Акынды соттоп, тарыхта кара так болуп калбасын"
Олжобай Шакир облустук соттогу жарыш жана акыркы сөзүндө кылмыш ишине негиз болгон видео кайрылууларында онлайн митингдерди жакшы түшүндүрө албай калганын айтып, бирок өлкөдө массалык башаламандыкка чакыруу максаты болбогонун кайталады.
Ал тынч жол менен элдин пикирин бийликке жеткирүү маданиятын калыптандырууга аракет кылганын белгиледи. Ошондой эле айрым билдирүүлөрүндө эмоцияга алдырган учурлары болгонун, бирок анда агрессия жоктугун айтып, 11 ай абакта жатканы жаза катары жетиштүү болгонун билдирди.
Ал "эгемен Кыргызстандын тарыхында акындын абакка кесилгени кара так болуп калбасын" деп cөзүн аяктады.
Мамлекеттик айыптоочулар саясий жана лингвистикалык экпертизалардын корутундусу менен Олжобай Шакирдын күнөөсү толук далилденгенин айтып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды.
Чүй облустук сотунун судьялар курамы Керезбек Есекеев, Талант Аккозуев жана Нурлан Айтмырзаев райондук соттун чечимин күчүндө калтырган өкүм чыгарышты:
“Аламүдүн райондук сотунун 2024-жылы 14-майда Эгембердиев Олжобай Шакировичке карата кабыл алынган өкүм өзгөртүүсүз калтырылсын”.
Отурумдан кийин Олжобай Шакир сот өкүмүн “адилетсиз чечим” деп атады.
“Мен бул кылмышты мойнума албайм. Бул адилетсиз чечим экени көрүнүп турбайбы”, - деди ал.
Эки саатка созулган соттук териштирүү
Ошентип, облустук соттун отуруму эки саатка жетпеген убакытка бүттү. Жактоочу Акмат Алагушевдун жараянды видео-фотого тартуу өтүнүчү дагы канааттандырылган жок. Алагушев жараянда эреже бузуулар болгонун белгилеп, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди.
“Иш материалдарын караганда изилдеши керек болчу. Андай болгон жок. Негизи бүгүн аябай көп эрежелер бузулду. Чүй облустук соту бардык эрежени бузду. Биз сөзсүз Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылабыз”, - деди жактоочу.
Олжобай Шакирдин сотторуна байкоо салып жаткан жарандык активист Рита Карасартованын пикиринде, жазуучунун билдирүүлөрү, дегеле кылмыш иши жакшы изилденбей калды:
“Кайсы сөзү чакырык, кайсы сөзү кандай мааниде колдонулган деген экспертизалар жасалбай туруп, мына бүгүн беш жылга эркинен ажыратылды. Соттук териштирүү деле жарым саатка жеткен жок. Бат-баттан сөз берип, анан чечим чыгарганы чыгып кетип, беш мүнөттөн кийин өкүмдү окуп коюшту. Бул деген адамдын жашоосу ушунчалык бааланбай калгандыгынын белгисиби? Өйдө жактагы буюртманын бат аткарганыбы? Билбейм”.
14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин 8-июлга белгиленген соттук отурум Олжобай Шакирдин ишин карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү жакында эле пара алууга шек саналып кармалгандыктан, иш башка судьяга өтүп, сот жараяны кийинкиге жылып калган болчу.
Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал коюлган айыпты четке каккан. Прокурор аны жети жылга абакка кесүүнү соттон сураган.
Адвокаттары көз карандысыз экспертизанын бүтүмүнө көңүл бурууга чакырып, политологиялык экспертиза шашылыш чыгарылганын билдиришкен. Өлкөдөгү акын-жазуучу, журналист, жарандык активисттер президентке кайрылып, аны абактан чыгарууну суранышкан. Адабиятчы Дүйшөн Керимов акынды актоого чакырып келет:
"Олжобай тили менен камалып кетти. Анын оолукма мүнөзү бар деп айтып жүрөм. Акын, жазуучу адам чындыкты ошондой эмоция менен айтат. Чындык ошондой катуу айтылат. Албетте, ага анын оолукма мүнөзү кошулуп айтылды. Бирок калемгердин ниети таза болот. Тарыхта бир дагы акын, жазуучу элине жамандык кылган эмес. Алардын жүрөгү таза. Биз 21-кылымда акынды абакка камап отурганыбыз жакшы эмес", - деди Керимов.
Олжобай Шакир деген адабий ат менен таанылган Олжобай Эгембердиев камакка алынганга чейин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликтин дарегине ачуу сын-пикирлерди айтып келген.
Ал 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеп, иштетип келген.