Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Экологдор эскерткен коркунуч: Аба булганган сайын ташкын күчөйт


Иран.
Иран.

Соңку беш күндөн бери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө суу ташкындан улам ондогон адамдардын өмүрү кыйылды. Индия, Кытай, Кошмо Штаттар, Ооганстанда нөшөрдүн айынан аймактарды суу каптап, жүздөгөн турак жайларга, гектарлаган айдоо аянттарына зыян келтирилди.

Экологдор табигый кырсыктардын көбөйүшүнүн эң негизги себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрүшөт. Алар келечекте суу ташкындар дагы көбөйөрүн, буга калк да, өлкө жетекчиликтери да даяр болушу керектигин эскертишет.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын талибдер башкарган администрациясы билдиргендей, катуу жааган жаандан кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды. 230дай киши жараат алганын жергиликтүү бийлик 15-июлда билдирди.

Индияда нөшөрлөп жааган жаандан улам өлкөнүн түндүк-чыгышындагы дарыяларда суу кирип, бир нече районду каптап кетти. Ассам штатында жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны жүзгө чамалаганы расмий кабарланды. Миңдеген гектар айдоо аянттары суу алдында калды.

"Үйдөгү суу белге чейин көтөрүлдү. Мешибиз суу алдында калды. Мына бул суунун ортосунда жыгач керебеттин үстүндө эптеп тамак жасап жатам”,-дейт Ассам штатынын тургуну Ражия Фарби.

Ал эми Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин аймагында катуу жаандан кийин кыян жүрүп беш кишинин өмүрү кыйылып, бирөө дайынсыз болууда. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, 300дөй үй суу алдында калды, 500дөй киши коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Жыл башынан бери Бразилиядан баштап, Бириккен Араб Эмираттары, Европанын ар кайсы өлкөлөрү, Орусия, Ооганстан, Казакстанда дагы буга чейин болуп көрбөгөндөй суу ташкын катталды.

Жазында коңшу Казакстандын 17 облусун суу каптап, он миңдеген адамдардын турак жайы жабыркады. Жүз миңден көп киши коопсуз жакка чыгарылды.

Бириккен Араб Эмираттарында апрель айында жааган жаандын көлөмү орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору көтөрүлдү. Бул 1949-жылдан берки адаттан тыш көрүнүш болду.

Пакистан менен Ооганстанда кургак кыштан кийин нөшөрлөп жааган жаан жүздөн көп кишинин өмүрүн алды.

Кениянын президенти Уильям Рутто май айынын башындагы суу ташкындан 228 киши каза болуп, 210 миңдей адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгонун билдирди.

Бразилияда май айындагы суу каптоодон 165 адамдын өмүрү кыйылып, жарым миллиондой адам үй-жайсыз калды.Түштүк Америкадагы бул өлкөдө суу ташкындын кедергиси 2,3 миллион адамга тийди.

“Бул суу ташкындан алган сабагымды айтсам, биз бир гана кесепеттерин жумшартуу менен алек болбостон, климаттын өзгөрүп жатканын кабыл алып, ага адаптация болушубуз керек. Инфратүзүмдөрдү чыңдап, бекем шаарларды салып, бир гана табият кырсыгынын кесепеттери менен күрөшпөстөн, тобокелдиктерди тескегенге да планыбыз болушубуз керек дегенди билдирет”, - деди Бразилиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Марина Силва.

Бразилияда суу ташкындан жабыркагандар. 4-май, 2024-жыл.
Бразилияда суу ташкындан жабыркагандар. 4-май, 2024-жыл.

Суу ташкындын башкы себептери

Марина Силва белгилегендей, экологдор мунун эң негизги себебин глобалдык климаттын өзгөрүүсүнөн көрүшөт.

Глобалдык температуранын көтөрүлүшүнөн улам катуу жаан-чачын кескин көбөйдү.

Адистердин түшүндүрүүсүнө караганда, абага бөлүнгөн уу заттар жер үстүнө жууркандай таасир этет. Тактап айтканда, жылуулукту кармап турат. Мындан улам кургакта жана деңизде суу тез бууга айланат жана жаан-чачындын көлөмү көбөйөт. Ал эми кыска убакыт ичинде жерге чоң көлөмдөгү жаан жааса суу ташкын жаралат.

Абанын табынын ысышына байланыштуу кышкысын кардын ордуна жамгыр жаап жатат.

Андан тышкары өлкө бийликтеринин даярдыксыздыгы жана урбанизациянын, тагыраак айтканда ири шаарлардын көбөйүшүнөн улам жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери оор болуп жатканын белгилешет.

Франциянын илимий изилдөөлөр боюнча улуттук борборунун (CNRS) илимий кызматкери Жан-Пьер Гаттузо суу ташкын жана башка табият кырсыктары жылдан жылга көбөйөрүн эскертет.

"Климаттын өзгөрүүсү жана анын кесепеттери илимий жактан ачык көрсөтүлүп жатса да Париж келишимин ишке ашыруу абдан жай, оор болуп жатканына биз окумуштуулар кабатырбыз".

Ал айтып жаткан Париж келишимин 195 мамлекет 2015-жылы макулдашкан.

Ага ылайык дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 2 Цельсий градустан ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек.

Суу ташкындар келечекте көбөйөбү?

Чоң үмүт артылган Париж келишими боюнча эч бир өлкө кандайдыр бир конкреттүү милдеттенме алган эмес.

Бирок глобалдык жылуулукту алдын алуу боюнча улуттук салымдарын өз эрки менен жасап, аткарышы керек. Индустриалдык доордон бери абанын глобалдык температурасы 1,3 градуска көтөрүлдү.

Окумуштуулар ар бир төртүнчү катуу жаанды климат өзгөрүүсүнөн көрүп, дүйнө калкы глобалдык жылуулукту чектей албаса, экстремалдуу суу ташкындардын саны өсөрүн эскертишет.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, абанын температурасы 1,5 градус Цельсияга көтөрүлсө, 10 жылда бир катталган нөшөрдөн ар бир он жылдыкта 1,5 эсеге көбөйөт.

Ал эми Европа комиссиясына караштуу Илим жана билим кызматынын Бирдиктүү изилдөө борборунун эсебинде, эгер кандайдыр бир чара көрүлбөй температура индустриалдык доорго чейинкиден үч градуска көтөрүлсө, 2100-жылы Европада суу ташкын жылына 48 миллиард долларлык зыянга учуратышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG