Ушул жана башка суроолорго Ош мамлекеттик университетинин Тоо экосистемасын коргоо жана жашыл инновациялар борборунун директору, география илимдеринин кандидаты, доцент Абдижапар Аккулов жооп берди.
- Абдижапар мырза, 14-июлда катуу жааган жаандан Ош облусунун аймагында сел жүрдү. Мындай суу каптоонун, селдин себептери эмнеде деп ойлойсуз?
- Ош шаарына жааган акыркы жаан адаттан тыш катуу жаады. Дегеле быйылкы жыл жаанчыл болуп жатат. Мына Ноокат, Кара-Кулжа, Ноокен, Токтогул жана Тоң райондорунда сел жүрдү. Мен 35 жылдан бери Ош шаарында жашап келатам, Ак-Буура минтип толуп-ташыганын биринчи жолу көрүп турам. XXI кылымда климаттын планетардык масштабда өзгөрүп жатканын адистер айтып да, көргөзүп да келатышат. Эми андай өзгөрүүдөн биз четте кала албайбыз. Биз тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүүлөрүнө өтө сезимтал келебиз. Жылдык жаан-чачындын нормасы быйыл жаз-жай айларында өтө жогору болду. Бул жайкысын жылуу аба массалары Атлантика океанынан бери Жер Ортолук деңизинин үстү менен Фергана өрөөнүнө түз эле кирип келип жатканына байланыштуу. Эгер булуттардын да түрү болсо, анын ичинен жаан-чачынды алып келе тургандары тоо аймактарына жеткенде жаан-чачын жаадырып, жеңилдеп алып, андан ары өз багыты менен кетип жатпайбы. Эми ак жаан майдалап жаайт, мөндүр болсо аз убакыт аралыгында чөмүчтөп, чакалап төгүп кетет. Мына быйылкы мөндүр да башкача болуп жатат, анын көлөмү өрүктөй, жаңгактай чоң, бирөөлөр айткандай, мөндүрдө көлдүн оозу жырылып кеткендей эле суу көп болуп атат. Мына ошол Атлантика багытынан булуттар ушунчалык калың нымдуулукту алып келүүдө.
- Климаттын өзгөрүү кубулуштарына жакшы токтолдуңуз. Эми ага даярдык катары Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын жээктен чыгып кетишин эмне себептен алдын ала алган жокпуз? Курулушта архитектуралык талаптар бузулуп жатканы да терс таасирин тийгиздиби?
- Бул эми адам фактору. Сел эле эмес, акыркы жылдарда көчкүлөр да жүрүп жатат. Адам фактору, антропогендик иштерибиз менен катализатор болуп калдык. Ак-Буура эмне себептен толуп-ташып чыгып кетип жатат, себеби селди жөнгө салуучу Советтер Союзу кезиндеги дамбалар, курулмалар дээрлик жокко эсе. Селканаларды, сел түшө турган жерлердин макамын өзгөртүп, акыркы 30 жылдын ичинде трансформациялап, курулуштарга берип жибердик. “Аккан арыктан суу агат” деген сөз бар, ага акыркы убакта маани бербей калдык. "Сел кайталанат" деген түшүнүк жок болуп кетти. Ош шаарынан Ак-Буурадан батышка жана чыгышка айрылган эки канал бар, ал деле толуп калган. Шаардын түштүк-чыгыш зонасында бөксө тоолор Папан суу сактагычын бөлүп турат, мына ошол бөксө тоолорго мал чарбасын аябай өнүктүрүп алганбыз, малдын туягы кыртышты бүлүнтүп салды. Жер кыртышынын геологиялык түзүлүшү шагылдуу, кумдуу катмар. Ал жердеги ансыз да жарды өсүмдүк дүйнөсүн мал тытып салды. Кечээ сел катуу заттарды агызып келип, жапыз курулуп калган көпүрөлөргө тыгылды. Анын жыйынтыгында суу ашып, шаарды каптады. Селди алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан-чачын болот деп билдирүү таратып жатат. Бирок ага деле көңүл бөлбөй калыптырбыз. Ошондуктан тоолуу өлкө катары бул жаатта олуттуу климаттык өзгөрүүлөргө кантип даяр болобуз деген бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыкпасак болбойт.
- Абдижапар мырза, мына жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы үч айыл аймакта - Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптап, андан тогуз социалдык объект, анын ичинен төрт мектеп, бир бала бакча, эки оорукана, бир музей, бир ФАП зыян тарткан экен. Ош шаарында 146 турак үй, беш эс алуучу жай, сегиз көпүрө зыянга учураган. Базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Менин суроом - базардын Ак-Буура дарыясын кысып кирип келип курулганы канчалык туура болгон?
- Азыркы тапта Ош шаарында дагы административдик-аймактык реформа болуп, эки чоң айыл аймагы кошулуп, жери чоңойду, калкы мурда 300 миң адам болсо, ал азыр 400 миңге чейин көбөйдү. Ушуларды эске алып, жаңы стандарттагы базар салуу керек, бул идея тээ канча жылдан бери эле айтылып келатат. Тилекке каршы, чоң базар шаардын тышына чыкпай калган. Илгери союз маалында базардын аянты чакан эле болчу. Калктын саны көбөйгөн сайын базар кеңейип, кечээ көрдүк, алакандай да бош жер жок экен, чегинен чыгып кетиптир. Ак-Буураны кысып отуруп, жээгине түрдүү курулуштар түшкөнүнүн кесепетин көрдүк. Ошондуктан бул актуалдуу маселеге көңүл бурушубуз керек. Борбордук базарды шаардын сыртына чыгаруу зарыл. Соодагерлер, ишкерлер зыян тартып калат деп бир тараптуу караган болбойт, себеби келечекте абал кандай болорун боолголош мүмкүн эмес. Базар шаар сыртына чыкса, Оштогу ызы-чуу, машиналардын тыгыны, мыйзамсыз курулуштар жөнгө салынмак. Мына көрдүк, суу үстүндөгү көпүрөнү базар кылуу аракети туура эмес экенин кечээки жагдай далилдеди.
- Муну мурда-кийин айткан адистер болгонбу? Сиз өзүңүз бул маселени көтөргөнсүзбү?
- Мен муну айтып эле келатам. Соңку Элдик курултайда да маселени көтөргөм. “Тоо-кен өнөр жайы - экономиканын локомотиви” деген ураан туура эмес экенин дайыма эле айтып келатабыз. Мына алтын, көмүр, шагыл жана башка кендерди казабыз деп тоонун кыртышын бузуп, топурагын ары-бери жылдырып, тоо арасын ар кандай калдыктарга толтуруп жатабыз, алар келечекте коркунуч жарата турган фактор экенин мен экинчи Элдик курултайда деле айткам. Президент Садыр Жапаров тоо аймактарын сактоо демилгесин көтөргөндө, Бириккен Улуттар Уюму беш жылдык резолюция кабыл алып берди, 2025-жылы тоо форуму биздин өлкөдө өткөнү турат. Ага карата базарды көчүргөндөн тартып тоо-кен тармагындагы абалды да иретке келтиргенибиз оң. Бул дүйнөлүк масштабда тоо экологиясын сактоо жаатындагы көрсөтө турган ишибиз болуп калмак.
- Абдижапар мырза, биздин өлкөдө жаратылыш кубулуштарына мониторинг жасоо, алдын ала божомол айтуу, эскертүү системасы барбы? Илгери тоо баштарында атайын метеорологиялык борборлор болчу эле дешет, алар азыр барбы? Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Илимдер академиясында бул жааттагы жумуштар кандай аткарылууда?
- Бизде Улуттук илимдер академиясында суу проблемалары боюнча институт бар, бирок алар мөңгүнү, суу ресурстарын изилдесе да, жумуш өлкөнүн түндүк аймактарында гана жүрүп жаткандай. Алар Өзгөчө кырдаалдан министрлиги менен биргеликте иштесе, натыйжа бермек. Тилекке каршы, алар Ош, Жалал-Абад аймагында мөңгүнүн абалына, дарыянын агымынын динамикасына изилдөө жүргүзүп жатыптыр дегенди уга элекмин. Илимдер академиясынын түштүк борбору деле бар, бирок аларда суу ресурстары боюнча иши такыр эле жок деп айта алам. Болбосо суунун мекени катары толук масштабда илимий изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек эле. Тилекке каршы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинде деле туруктуу иштеген адистер аз. Жер көчкүнүн дээрлик 90 пайызы Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында катталат. Себеби биздин аймактагы тоолордун кыртыш түзүмү ошондой. Эмне үчүн Улуттук илимдер академиясы бул маселелер боюнча иштебей жатканына мен дегеле түшүнө албайм. Жалпысынан алганда, ушул багыттагы мамлекеттик концепцияны, аны ишке ашыруу программасын иштеп чыгуу зарыл. Бул жагынан аксап келатабыз.
Маалымат үчүн:
14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кетип, төртөөнүн сөөгү табылды. Бир аял изделип жатат. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары. Баарынын тең сөөгү табылды.
Кыздары менен селге аккан 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандар "Азаттыктын" кабарчысына айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар.
Шаардык мэрия келин үч кызы менен шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак деген эс алууда жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Жолдошу жана уулу аман калган.
Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, нөшөрлөп катуу жамгыр жаап, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.
Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды жана алардын ондон көбү балдар.